Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жергиликтүү жамааттынын өкүлдөрүн кесиптик майрамы менен куттуктоосу
26 октября 2018
Урматтуу жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атыман Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм!
Жергиликтүү жамааттардын көйгөйлөрүн чечүү менен биздин өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон баа жеткис салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдирем. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары толук жана натыйжалуу иштегенде гана мамлекеттүүлүк бекемделет.
Сиздерге чын дилимден чың ден соолук, бейпилдик, ынтымак, үй-бүлөңүздөргө бакыт, кыргыз элине кызмат кылуу жаатында аткарган иштериңиздерге жана өзүңүздөрдүн кесиптик чеберчиликти арттырууда ийгиликтерди каалайм!
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
