Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
28 февраля 2019
КР БШК Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервиндерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: А.Б. Орозобековдун, Р.К. Жээнбековдун, З.А. Сейдалиевдин, Д.С. Кулубаеванын, А.Р. Исаеванын комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.
- Жумгал АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн А.Орозобеков курамынан чыгарылды; жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн С.Айрыгомова резервден комиссиянын курамына киргизилди;
-Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Р.Жээнбеков курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Ч.Убукеева резервден комиссиянын курамына киргизилди.
- Чоң-Алай АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн З.Сейдалиев курамынан чыгарылды, “Республика-Ата Журт” саясий партиясынан көрсөтүлгөн М.Садыков резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Чүй АШКнын “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Дж.Кулубаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн А.Исаева комиссиянын курамынан чыгарылсын, “Элдик-Народная” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Т.Кадырбаев, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн С.Ивкина резервден комиссиянын курамына киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
