Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

-
27.02.2019

-

-
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 27-февралында Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
27.02.2019

2019-жылдын 27-февралында Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылдын 27-февралында Талас облусунун Талас районунун Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Айдаралиев айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 6 добуш алган Токтомушев Шаршенбек Сапарович шайланды. Айдаралиев айылдык кеңешиндеги 11 депутаттан 11 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 4 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 28-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
27.02.2019

2019-жылдын 28-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы: 28 февраль 2019-ж. Убактысы: 14:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө. (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Чүй облусунун Сокулук районунун Новопавловка жана Төш-Булак, Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Гуз, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көл-Төр айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Жумгал, Алай, Чоң-Алай жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чүй, Сузак, Кара-Суу, Ош, Бишкек, Ак-Суу, Ноокат, Кадамжай, Алай, Майлуу-Суу, Нарын шаардык, Тоң жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынан эл аралык байкоочулар Молдованын Парламентинин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда
24.02.2019

Кыргыз Республикасынан эл аралык байкоочулар Молдованын Парламентинин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө катышууда

Добуш берүү 24-февралда өтүүчү Молдованын Парламентинин депутаттарын шайлоого мониторинг жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынан эл аралык байкоочулар катышууда. Жогорку Кеңештин депутаттары Ч. Турсунбеков, М. Сабиров, Б. Турусбеков, ошондой эле, КР БШК менен ТИМ өкүлдөрү КМШнын жана КМШ Парламенттер арасындагы Ассамблеянын эл аралык байкоочулар курамына киришти. Миссиянын программасында – Молдова Республикасынын Парламентинин спикери Адриан Канду менен, ал эми добуш берүү күнү Кишинев шаарынын округдук кеңештеринде жана шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү. 2019-жылы 24-февралда Молдова Республикасында өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруу органына (Парламентине) онунчу шайлоо өткөрүлөрүн эске салабыз. Республиканын 18 жашка толгон 3,26 миллион жараны депутаттарды шайлоо укугуна ээ. Мында 2,84 миллион адам шайлоо округдарына бөлүштүрүлгөн. Бул санга Приднестровьенин добуш берүү укугуна ээ тургундары (230 миң адам), ошондой эле, туруктуу каттоосу жок, анын ичинде расмий түрдө эмиграциядагы жарандар (210 миң адам) кирбейт. Молдовада жана анын чегинен тышкары жерлеринде 2143 шайлоо участогу иштесе, алардын ичинен 47си Приднестровье регионунун аймагында, ал эми 125и – чет өлкөлөрдө иштейт. Добуш берүү үчүн участоктордун көбү – 29у Италияда болот, Румынияда 12си ачылат, АКШда ошончо санда. Молдованын эң ири диаспорасы бар Россияда 11 шайлоо участогу – Москва менен Санкт-Петербургда – экиден, Красноярскиде, Нижневартовскиде, Сочиде, Курскиде, Тулада, Новосибирскиде жана Калининградда – бирден ачылат. Молдовада парламенттик шайлоо партиялык тизме боюнча 50 депутатты, ал эми калган бир мандаттуу округдар боюнча 51 депутатты шайлоону караган жаңы аралаш тутумга ылайык өткөрүлөт. Молдованын БШКсынын маалыматтары боюнча шайлоого 15 саясий партия катышат, бир мандаттуу округдар боюнча 319 талапкер катышууда, алардын ичинен 50дөн ашыгы – көз карандысыз, ал эми калгандары – тигил же бул партиянын өкүлдөрү. Эл өкүлдөрүнүн мандаттары үчүн бардыгы 1000ге жакын адам ат салышат. Парламентке өтүү үчүн төмөнкүдөй шайлоо босоголору белгиленген: саясий партиялар үчүн – 6%, эки же андан ашык партиялардан турган саясий блоктор үчүн – 8%. Бир мандаттуу округда шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет. Эгерде бир нече талапкер добуштардын тең санын алса, округдук шайлоо кеңеши чүчүкулак аркылуу жеңүүчүнү аныктайт. Шайлоо менен бир эле күндө кеңеш берүүчү референдум өтөт, анда жарандар депутаттардын санын 101ден 61ге кыскартууга жана алардын мандатын кайра чакыртып алуу механизмдерин киргизүүгө байланыштуу маселелерге жооп берет. Эгерде референдум калктын көпчүлүк добушу менен жактырылса, анда кийинки шайлоодо депутаттардын саны кыскартылышы мүмкүн. Эгерде референдумга шайлоочулардын тизмелерине киргизилгендердин үчтөн биринен кем эмеси катышса, ал болуп өттү деп таанылат. Парламенттик шайлоодо шайлоо болуп өттү деп таануу үчүн шайлоочулардын келүүсүнүн босогосу жок. Шайлоого жергиликтүү 2,4 миңден ашык жана КМШны кошкондо ар кыл уюмдардан 739 эл аралык байкоочу байкоо жургүзөт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү        
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү
19.02.2019

2019-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өттү

2019-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы шайланды. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, 15 добуш алган Омаралиев Руслан Намазалиевич шайланды. Фрунзе айылдык кеңешиндеги 21 депутаттан 21 тең катышты. Айыл өкмөтүнүн башчылыгына 2 талапкер аттанган. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
15.02.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылдын 15-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламудун, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо, Сузак жана Түп АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ак-Дөбө айылдык кеңешиндеги депутат С.Борчубаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – С.Осмоналиевага өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кызыл-Белес айылдык кеңешиндеги депутат А. Ибраимов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А.Нурдолотовго өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Нарын районундагы Үгүт айылдык кеңешиндеги депутат Б.Орозбаев.өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, шайлоо округ боюнча депутаттыка талапкер калбагандыгына байланыштуу кийинки шайлоого чейин мандат бош калат; - Нарын облусунун Нарын районунун Орток айылдык кеңешиндеги депутат К.Мусуров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – С. Кокотаевге өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Көк-Ирим айылдык кеңешиндеги депутат М.Мурзакимов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Ж.Сатаровго өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Барпы айылдык кеңешиндеги депутат М.Эгамбердиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Эргашевге өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Түп айылдык кеңешиндеги депутаты К.Сартов каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат кийинки талапкер – К.Абышевге өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды
15.02.2019

Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоосу дайындалды

Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2019-жылдын 14-февралындагы № 37 буйругу менен Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы К.Молдобеков, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык, Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2019-жылдын 6-мартына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Талас АШКна тапшырылды. Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
15.02.2019

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди

2019-жылдын 15-февралында КРнын БШКсы 2019-жылдын 6-февралында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти. Протоколдордун негизинде: - Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Сарбагышев Максатбек Канатбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жетекчилиги Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алока Амитабх Димри мырза менен жолугушту
14.02.2019

КР БШК жетекчилиги Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алока Амитабх Димри мырза менен жолугушту

2019-жылдын 14-февралында КР БШК жетекчилиги Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алока Амитабх Димри мырза менен жолугушту. КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова Элчи мырзаны дайындалышы менен куттуктап, ага жооптуу ишмердикте ийгиликтерди каалады. КР БШК башчысы Элчи мырзага иденттештирүүдөн өтүүнүн жол-жоболору, жаңы шайлоо модели боюнча шайлоочулардын тизмелерин түзүү, шайлоо мезгилинде чет өлкөлөрдө жашаган же жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо маселелери, Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеши тарабынан бекитилген шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясы жана аны жүзөгө ашыруу планы жөнүндө кыскача маалымат берди. Тараптар мазмундуу жолугушуу үчүн бири-бирине ыраазычылыгын билдирип, Индия менен Кыргызстандын ортосундагы ар тараптуу сүйлөшүүлөрдү улантуу зарылдыгын белгилешти. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2019-жылдын 15-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
14.02.2019

2019-жылдын 15-февралында өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Өткөрүү датасы:  15 февраль 2019-ж. Убактысы: 11:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Талас облусунун Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындоо жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аламудун, Ак-Талаа, Нарын, Тогуз-Торо, Сузак жана Түп аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Ар түрдүү маселелер   Төрага
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга жана саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ
14.02.2019

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга жана саясий партияларга КАЙРЫЛУУСУ

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын - Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу, Кара-Көл, Токтогул, Ысык-Көл облусунун Каракол, Ак-Суу, Нарын облусунун Ак-Талаа, Ош облусунун Кара-Кулжа, Талас облусунун Талас шаардык, Чүй облусунун Ысык-Ата, Сокулук, Москва жана Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт. Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: -аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; -паспортунун көчүрмөсү; -иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси); -байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону. «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт: - Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты; - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары; - судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы; - талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү; - башка мамлекеттин жарандыгы бар адам; - мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам; - башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү; - шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар. Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл. Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2019-жылдын 15-мартынын саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат. Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2019-жылдын 15-мартынын саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат. “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө” жана “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот. Маалымат алуу телефону: (0312) 62-08-29, (0312) 66-01-16 Эскертүү: “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес.
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК Конрад Аденауэр атындагы Фонду менен биргеликте ЖМК өкүлдөрү үчүн “ЖМКда шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу” деген темада мастер-класс өткөрдү
13.02.2019

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК Конрад Аденауэр атындагы Фонду менен биргеликте ЖМК өкүлдөрү үчүн “ЖМКда шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу” деген темада мастер-класс өткөрдү

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата КР БШК Конрад Аденауэр атындагы Фонду менен биргеликте ЖМК өкүлдөрү үчүн “ЖМКда шайлоо өнөктүгүн чагылдыруу” деген темада мастер-класс өткөрдү. Эксперт катары экономика илимдеринин доктору, World Peoples Academyнин (Нью Йорк, АКШ) профессору, Нью-Йорк Илимдер академиясынын (NYAS) анык мүчөсү, Жарнаманын эл аралык ассоциациясынын (IAA) Россиядагы бөлүмүнүн мүчөсү А.В. Зыбкин чыгып сүйлөдү. Мастер-класстын катышуучуларына КР БШК Төрагасы Н. Шайлдабекова ЖМКнын шайлоо процессине катышуусу жаатында мыйзамдардагы негизги өзгөртүүлөр (2018-2020-жылдары шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу үчүн иштелип чыгып, КР ЖКга киргизилген мыйзам долбоорлорунун алкагында) жана шайлоону чагылдырууда ЖМКнын маанилүү ролу жөнүндө айтып берди. БШК башчысы ЖМК өкүлдөрүнүн кабардар болуусун жогорулатууга багытталган бул иш-чараны өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн өкүлү доктор Т. Кунце болуп саналган Конрад Аденауэр атындагы Фондуга ыраазычылыгын билдирди. “Шайлоону уюштуруучу катары БШКнын ролу – жигердүү жана пассивдүү шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыздоо, акыр-аягында шайлоочулар добуш берүү учурунда билдирген артык баалоосу жөнүндө калыс, так жана анык жыйынтык берүү. Бул маселеде ЖМКнын ролу кененирээк: алар шайлоочунун артык баалоосун кайра өзгөртүүгө гана көмөктөшпөстөн, ошондой эле шайлоо процессинде ал артык баалоону бекемдегенге, аны өзгөртүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар, бул биздин жарандар үчүн ЖМКнын ролунун маанилүүлүгүн кеңейтет. Маалымат чындыгында объективдүү, анык жана өз убагында болуусу зарыл”. Мастер-класс төмөнкү бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган: - шайлоо процесси жана шайлоо өнөктүгүнүн ЖМКда чагылдырылуучу ченемдик укуктук актылары; - шайлоо процессинин ачыктыгын жана объективдүүлүгүн мүнөздөөчү көрсөткүчтөр; - ЖМКда шайлоо алдындагы үгүттү өткөрүү жана редакциялык саясаттын өзгөчөлүктөрү; - шайлоо процессин чагылдырууда журналисттердин статусу, укуктары жана милдеттери; - ЖМКда “проблемалуу” макалаларды даярдоонун негизги эрежелери; - шайлоо процессин чагылдыруу пландарын түзүү; - шайлоо убагында журналисттик этиканын негизги принциптери; - шайлоо өткөрүү мезгилинде ЖМКны коргоо чаралары. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү \    
Кененирээк билүү >>
КР Жогорку Соту Бишкек шаардык кеңешинин бош мандатын кезексиз талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө БАШКнын чечимин жокко чыгарган КР БШКнын токтомун мыйзамдуу деп тапты
12.02.2019

КР Жогорку Соту Бишкек шаардык кеңешинин бош мандатын кезексиз талапкерге өткөрүп берүү жөнүндө БАШКнын чечимин жокко чыгарган КР БШКнын токтомун мыйзамдуу деп тапты

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө”  Соту Бишкек АШКнын чечимин жокко чыгарган КР БШКнын 2019-жылдын 31-январындагы №7 токтомун мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. Бишкек АШК катталган тизме боюнча №10 орунда кийинки болуп талапкер Э.Ш. Досиев турганына карабастан, бош мандатты кезексиз талапкер А.Х. Парпиевге (№ 12) өткөрүп берүү жөнүндө укукка каршы чечим кабыл алган. Мында талапкер Э.Ш. Досиев тарабынан “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын сунуштамасына жана Бишкек АШКнын чечимине макул эместиги билдирилген. Бишкек АШКнын мандатты А.Х. Парпиевге өткөрүп берүү жөнүндө ал чечими КР БШКга даттанылган. 2016-жылы “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Бишкек шаардык кеңештин 8 мандат алганын белгилей кетүү керек. Э.Ш. Досиев №8 менен катталган жана 2016-жылы шаардык кеңештин депутатынын мандатын алууга укугу бар болгон. Бирок Э.Ш. Досиев кезектүүлүгүн өткөрүп берип, катталган тизме боюнча №10 талапкер болуп калган. Учурда тизмеде №10 талапкер Э.Ш. Досиевдин кезеги келгенде партия анын Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болууга даярдыгын эске албаган чечим кабыл алган. Борбордук шайлоо комиссиясы саясий партиянын депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен бош мандатты ээлөөгө талапкерлерди сунуштоо укугун танбайт. Бирок саясий партиянын депутаттардын катталган тизмесинен бош мандатты ээлөөгө талапкерлерди сунуштоо укугу депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесиндеги кийинки талапкердин шайлоо укугун бузбоого тийиш.   Бул учурда талапкердин депутат болууга жана өз шайлоочуларына кызмат кылууга даярдыгы эске алынбай, шайланууга конституциялык укугу бузулган. Өз кезегинде, партиянын депутат болууга өз укугун жүзөгө ашырууга укуктуу жана даяр, ал үчүн шайлоочулар добуш беришкен талапкердин позициясын эске албоосу ал талапкердин эле эмес, ал үчүн добуш беришкен шайлоочулардын дагы шайлоо укуктарын бузат.   КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2019-жылдын 9-февралында мамлекеттик органдардын ортосунда футбол боюнча турнир болуп өттү
09.02.2019

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2019-жылдын 9-февралында мамлекеттик органдардын ортосунда футбол боюнча турнир болуп өттү

Шайлоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата 2019-жылдын 9-февралында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кубогу үчүн мамлекеттик органдардын ортосунда футбол боюнча турнир болуп өттү. Бардыгы 8 команда катышты: КР БШК, КР ЖК, Эсептөө палатасы, Акыйкатчынын аппараты, финансы, эмгек жана социалдык өнүктүрүү, билим берүү министрликтери, Мамлекеттик кадр кызматы. Жарым финалга Жогорку Кеңештин, Эсептөө палатасынын, билим берүү жана финансы министрликтеринин командалары чыкты. КР Эсептөө палатасынын командасы фаворит болуп, кийинки турнирди өткөрүү боюнча эстафетаны кабыл алды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү            
Кененирээк билүү >>
7-февралда КР Жогорку Соту Район аралык сотунун 1-февралдагы чечимин жокко чыгарып, жаңы -  Ж. Коргонбай уулунун арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды
08.02.2019

7-февралда КР Жогорку Соту Район аралык сотунун 1-февралдагы чечимин жокко чыгарып, жаңы - Ж. Коргонбай уулунун арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алды

7-февралда КР Жогорку Сотунун токтому менен Район аралык сотунун 1-февралдагы чечими жокко чыгарылып, жаңы - Ж. Коргонбай уулунун арызындагы талаптарды канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынды. КР Жогорку Соту башка мамлекеттин жарандыгы бар КР жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаты болууга укуксуз экенине байланыштуу кабыл алынган КР БШКнын токтомун жана “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Бишкек АШКнын чечимин мыйзамдуу жана негиздүү деп тапты. КР Жогорку Соту КР БШКнын мурда кабыл алынган токтому жана Бишкек АШКнын чечими Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын компетенциялуу органдарынын БШК депутаты Ж. Коргонбай уулунун Россия жарандыгы бар экени тууралуу расмий маалыматтарына негизденген деп эсептейт. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
08.02.2019

КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2019-жылдын 8-февралында КР БШК жергиликтүү кеңештердин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардын катталган талапкерлердин тизмесиндеги шайланган депутаттан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Жети-Өгүз,Нарын, Жумгал, Кара-Буура, Кадамжай жана Ноокен АШКнын чечимдерин бекитти. Ошентип: -Бишкек шаардык кенешинин бош калган мандаты “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан катталган талапкерлердин тизмесиндеги талапкер - К. Эргешовго өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылдык кеңешиндеги депутат М.Раматов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Э.Имангожоевге өткөрүлүп берилди; - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тамга айылдык кеңешиндеги депутат А. Дуйшембиев депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Жусуевге өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылдык кеңешиндеги депутат Э.Примбаева депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Абакировго өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Нарын районунун Ак-Кудук айылдык кеңешиндеги депутат Талант уулу Б. депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Исаковго өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылдык кеңешиндеги депутат Р. Алымкулов депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – К.Алышбаевага өткөрүлүп берилди; - Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылдык кеңешиндеги депутат Т.Айталиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Байыш уулу А. өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков айылдык кеңешиндеги депутат А.Гапаров депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулуп, бош калган мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Г.Кожоевага өткөрүлүп берилди; - Баткен облусунун Кадамжай районундагы Орозбеков айылдык кеңешиндеги депутат М.Токтоматов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – А.Имарбековго өткөрүлүп берилди; - Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Бүргөндү айылдык кеңешиндеги депутат Т.Асанов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, бош калган мандат кийинки талапкер – Т. Джоробаевге өткөрүлүп берилди. КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 358 360 … 483