Орозбеков, Бел-Алды жана Казан-Куйган айыл өкмөтөрүнүн башчыларын шайлоосу дайындалды

05 марта 2019

Баткен облусунун Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 25-февралындагы № 1-5/46-б буйругу менен Орозбеков айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 26-февралындагы № 32 буйругу менен Бел-Алды айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайылов, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2019-жылдын 26-февралындагы № 104 буйругунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

Нарын облусунун Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы–акиминин 2019-жылдын 4-мартындагы № 01пр буйругу менен Казан-Куйган айыл өкмөтүнүн башчысы З.Эсенгулов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШКнын токтомуна ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Орозбеков, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Бел-Алды жана Нарын облусунун Нарын районунун Казан-Куйган айыл өкмөттөрүүнүн башчыларын шайлоо 2019-жылдын 23-мартына саат 9-00дөн 12-00гө чейинкиге дайындалды.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кадамжай, Токтогул жана Нарын АШКна тапшырылды.

Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү