Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
28 февраля 2019
2019-жылдын 28-февралында КРнын БШКсы 2019-жылдын 19-февралында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитти.
Протоколдордун негизинде:
- Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылып, Омаралиев Руслан Намазалиевич айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Сокулук аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
