Кара-Буура, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөр киргизилди
14 марта 2019
КР БШК Кара-Буура, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервиндерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кара-Буура, Талас жана Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү: Кемелбек уулу М., С.Т. Бейшеновдун комиссиялардын курамдарынан, К.И. Ибраимовдун комиссиянын резервинен чыгаруу жөнүндө арыздарынын негизинде токтом кабыл алынды.
- Кара-Буура АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Кемелбек уулу Максат курамынан чыгарылды; “Замандаш” саясий партиясынан көрсөтүлгөн Б.Бодошова резервден комиссиянын курамына киргизилди;
-Талас АШКнын “Туран” демократиялык партиясы” саясий партиясынан көрсөтүлгөн С.Бейшенов курамынан чыгарылды, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн М.Жумалиев резервден комиссиянын курамына киргизилди;
- Кара-Кулжа АШКнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн К.Ибраимов резервинен чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
