Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Эсенаманов Замирбек Садыбакасовичке өткөрүп берди
Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Эсенаманов Замирбек Садыбакасович КР Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды.
Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө токтом 9-июнда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында кабыл алынды.
З. Эсенаманов КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
Бир катар жергиликтүү кеңештерде бош депутаттык орундарды тизме боюнча кийинки талапкерлер ээледи
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 9-июнда жыйналышында бир катар АШКлардын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.
Жергиликтүү кеңештердин 7 депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Алардын күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.
Маселен, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Эсеналиев Максатбек Эсеналиевичтин мандаты кийинки талапкер – фермер Жусупов Акылбек Маматякутовичке өткөрүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Каратаев Улукбек Шаршенкуловичтин мандаты кийинки талапкер – убактылуу иштебеген Эралы уулу Урматбекке өткөрүп берилди.
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Көк-Мойнок айылдык кеңешинде ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутат Асаналиев Жекшенбай Үсөнгариевичтин мандаты кийинки талапкер – жеке ишкер Байбосунов Сыртбай Догдурбаевичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинде өз арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Жолболдуев Турдахун Камчиевичтин (“Мекеним Кыргызстан” фракциясы) мандаты “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде жетинчи болуп турган жеке ишкер Мадаминов Улугбек Сайпидиновичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаардык кеңешинде ыйгарым укуктары каза болгонуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулган депутат Абдырахманов Шамшидин Мирпазыловичтин (“Мекеним Кыргызстан” фракциясы) мандаты “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде он биринчи болуп турган “Финка банктын” кассири Абдырахманов Асилбек Мирпазыловичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Сумбул айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Сулайманов Абдумомун Эшматовичтин мандаты кийинки талапкер – врач-педиатр Батыров Пахриддин Аккуловичке өткөрүп берилди.
Баткен облусунун Лейлек районунун Жаңы-Жер айылдык кеңешинде депутаттын ыйгарым укуктары менен айкалышпаган кызмат ордуна дайындалганына байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон депутат Акбаров Маданбек Мухтаровичтин мандаты кийинки талапкер – окутуучу Мадаминов Исламбек Гапыровичке өткөрүп берилди.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөрдү жана төш белгилерди тапшыруу токтом кылынды.
Ошондой эле БШК Ормошев Азамат Абдрасуловичти өз арызынын негизинде Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө АШК чечимин бекитти.
Кененирээк билүү >>
Лейлек АШК курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 9-июндагы жыйналышында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Мамлекеттик кызматка өткөн Суханбердиев Данияр Абдамитовичтин ордуна АШКнын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан резервден Аширов Немат Умурзаковичти киргизүү чечилди.
Маалымат үчүн: Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамында 12 мүчө бар, анын ичинде саясий партиялардан – 3өө, (“Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Кыргызстан”), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – 9у бар. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 25 адам турат.
Эми өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин шайлоо комиссиясынын курамында саясий партиялардан 3 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 9 өкүл бар. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 24 адам турат.
Кененирээк билүү >>
Руслан Молдошев “Кыргызстан” партиясынан ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарылды
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Молдошев Руслан Алдашевичти “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө токтом кылды.
Чечим депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Р. Молдошевден келип түшкөн жеке арыздын негизинде, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып кабыл алынды.
КР БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы “Кыргызстан” саясий партиясынын талапкерлеринин тизмесин каттоо жөнүндө” №64 чечиминин талапкер Молдошев Руслан Алдашевичти каттоо бөлүгү күчүн жоготту деп табылды.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
Чечим депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө А. Баатырбековдон келип түшкөн жеке арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.
Республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Баатырбековдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чойбеков Руслан Нуркалиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
Чечим депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Р. Чойбековдон келип түшкөн жеке арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.
Республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Чойбековдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Кененирээк билүү >>
2020–жылы 9-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 9-июнь 2020-ж.
Убактысы: 16-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Н.Чойбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы)
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Б. Баатырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы)
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. «Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Р.А.Молдошевди чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы)
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
7. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы)
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).
Кененирээк билүү >>
2020–жылы 9-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН
КҮН ТАРТИБИ
Өткөрүү датасы: 9-июнь 2020-ж.
Убактысы: 16-00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Р.Н.Чойбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы)
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
2. «Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Р.А.Молдошевди чыгаруу жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
3. Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Чоң-Алай, Чаткал, Тоң, Кадамжай жана Лейлек аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө ("Кыргызстан" депутаттык фракциясы)
(Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)
6. Ар түрдүү маселелер
ТӨРАГА
Кененирээк билүү >>
Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясы COVID-19 пандемиясы мезгилинде шайлоолорду уюштуруунун тажрыйбасы менен бөлүштү
15-апрелде парламенттик шайлоону өткөргөн Корея Республикасынын Улуттук шайлоо комиссиясы (NEC ROK) Бүткүл дүйнөлүк шайлоо органдарынын ассоциациясы (A-WEB) тарабынан Эл аралык демократия жана шайлоого көмөк көрсөтүү институту (International IDEA) менен биргеликте 3-июнда уюштурган вебинарда COVID-19 пандемиясы мезгилинде шайлоону уюштуруудагы тажрыйба жөнүндө айтып берди.
Вебинарга Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кызматкерлери катышты. Белгилей кетсек, Кыргызстанда мыйзамдарга ылайык, 2020-жылы Жогорку Кеңешке жана 30 жергиликтүү кеңештерге, анын ичинде Ош, Майлуу-Суу, Каракол, Токмок жана Балыкчы шаарларынын кеңештеринде шайлоо өтүүгө тийиш.
Онлайн-семинарга ошондой эле Боливиянын шайлоо сотунун президенти Сальвадор Ромеро жана Колумбиянын Улуттук шайлоо кеңешинин төрагасы Александр Вега Роча катышты.
Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө A-WEBтин башкы катчысы Джунхён Чо шайлоолор демократиянын негизи экендигин, ошондуктан шайлоо эпидемия учурунда да өткөрүлүшү зарыл экендигин белгиледи. «COVID-19 бүтүндой адамзатка таасирин тийгизди жана шайлоо чөйрөсү четте калбайт, анткени дүйнө жүзүндөгү көптөгөн шайлоолор убактылуу токтотулуп, атүгүл жокко чыгарылды. Мени, A-WEBтин башкы катчысы катары, шайлоо өткөрүү органдары туш болгон кыйынчылыктар тынчсыздандырат. Бүгүнкү семинардын максаты - көйгөйлөрдү аныктоо жана аларды биргелешип чечүүнүн жолдорун табуу. Кореянын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону апрель айында өткөрдү жана мен алардын тажрыйбасы шайлоолорду уюштуруучулары үчүн баалуу болот деп эсептеймин», - деди ал.
Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү Йосуп Юн, Юнки Чо, Джоо Хён Лим жалпы улуттук парламенттик шайлоону уюштурууда жана өткөрүүдө превентивдүү чаралары жөнүндө кеңири айтып беришти. Алардын айтымында, 2020-жылдын 15-апрели өлкө боюнча атайын дем алыш күнү деп жарыяланган. Бийлик добуш берүүнү уюштуруу үчүн 550 миң адамды ишке тарткан. Алар 14000 шайлоо участкаларын дезинфекциялап, шайлоочуларга социалдык аралыкты сактоо үчүн жерге белгилерди чийишти.
«Адамдар шайлоо участокторуна беткап жана кол кап кийип келишкен. Жеке коргонуу каражаттары жокторго кире бериштен беткап менен кол кап берилген. Кабиналарга кезек күтүп туруу учурунда бир метрден кем эмес аралыкты сактоо талабы коюлду. Кире бериште келген шайлоочулардын колдоруна дезинфектор менен вируска каршы суюктук чачып, дене табын ченешти. Эгерде кимдир бирөөнүн дене табы 37,5 градустан жогору болсо, анда андай адамдар өзүнчө кабинага киргизилди. Кабиналар ар бир келген адамдан кийин дезинфекцияланды», - деди Корея Республикасынын шайлоо комиссиясынын өкүлү.
Мөөнөтүнөн мурда добуш берүү, анын ичинде почта аркылуу добуш берүү уюштурулган. Бир нече күн бою добуш берүүгөө мүмкүндүк болду. Бул укуктан бардык шайлоочулардын чейрегинен көбү пайдаланышты.
Карантинде болгондор, бирок жеке добуш берүү ниетин билдиргендердин бардыгы шайлоо участокторуна санитардык шарттарды бекем сактоо менен келип, добуш бере алышты. Алар атайын тутум аркылуу каттоодон өтүп, чыгууга уруксат алуу менен, GPS күйүп турган кол телефонду алып жүрүү милдеттүү болушкан.
Аларга шайлоо күнү саат 17:20дан 19.00гө чейин гана үйлөрүнөн чыгууга мүмкүндүк болгон. Коомдук транспортту колдонууга тыюу салынгандыгынан алар жөө же өз авто унаалары менен бара алышкан. Андай шайлоочулар үйүнө кайтып келгенде, саламаттыкты сактоо системасынын өкүлдөрүн чакырууга туура келген, болбосо полиция аларды издей баштамак. Оорулуу адамдар менен байланышкан адамдар үчүн шайлоо үкөктөрүнө бюллетендерди коргоочу костюмдарды кийген шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү салышкан.
COVID-19 оорусу тастыкталган шайлоочулар үчүн өзүнчө участоктор түзүлгөн. Алар ооруканалардын жанына жайгаштырылган.
Шайлоого катышкан партиялар ар түрдүү үгүт иштерин жүргүзүштү. Алар жеке визиттик карточкаларын таратып, плакаттарды илишти, дебаттарга катышып, социалдык тармактарда иштешти.
«Добуш берүү адаттагыдан көп убакытты жана күч аракеттерди талап кылгандыгына карабастан, шайлоочулар демократия үчүн аркандай ыңгайсыздыктарга даяр болушту. Андыктан шайлоого келишкендердин саны акыркы 28 жылдын ичинде эң жогору болду. Шайлоонун коопсуз өткөндүгүнө эки жумадан кийин баа берилиши мүмкүн эле. Ушул убакыт аралыгында өлкө боюнча 14төн ашпаган оорулуу аныкталган», - деп билдиришти Түштүк Кореянын Улуттук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү.
Видео – Covid-19 пандемиясынын убагында Корея Республикасынын шайлоону уюштуруу тажрыйбасы боюнча вебинар
Видео - Пандемия убагында Түштүк Кореяда шайлоо кандай өттү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо процессине маалыматтык технологияны киргизүү боюнча кыргызстандыктардын тажрыйбасы Украинада кызыгууну жаратууда
КР БШКнын маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын кызматкерлери украиналык кесиптештерине шайлоо процессине маалыматтык технологияны киргизүү боюнча кыргызстандыктардын тажрыйбасы жѳнүндѳ айтып беришти.
2020-жылдын 26-майында алар Украина БШКнын жалпы мамлекеттик жана жергиликтүү шайлоо процесстерине жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча жумушчу топтун жыйынына онлайн катышуу үчүн чакырылган.
Видеоконференция форматында ѳткѳрүлгѳн иш-чарага Украина БШКнын ѳкүлдѳрү, Украинанын эл депутаттары, ошондой эле IFES, UNDP эл аралык уюмдарынын, шайлоо укугу жана санариптик технологиялар маселелери боюнча Европа Бирлигинин ѳкүлдѳрү катышты.
КР БШК маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын кызматкерлери шайлоо процессине маалыматтык технолгияларды киргизүү тажырыйбасы, пайдаланылып жаткан системанын коопсуздугу жана шайлоочулардын тизмеси, добуштарды саноо ж.б. боюнча электрондук башкаруу системасынын ишин нормативдик жѳнгѳ салуу тууралуу айтып беришти.
Автоматтык эсептѳѳчү урналардан жана биометрикалык параметрлер боюнча шайлоочуларды идентификациялоо жабдуусунан турган шайлоо жабдууларынын комплекттери кѳрсѳтүлүп, андан ары добуш берген күнү техниканын иштѳѳсү жана добуш берүүнүн натыйжаларынын чагылдырган системанын иштеши кѳрсѳтүлдү.
Жабдууларды кѳрсѳтүү учурунда видеоконференцияга катышып жаткандардан киргизилген системаны пайдалануу, мүмкүн болуучу тобокелчиликтер жана шайлоонун жыйынтыгын эсептѳѳдѳ жарандык кѳзѳмѳлдүн ѳбѳлгѳлѳрү, реформалоонун этаптары жана шайлоо процессине технолгоияларды киргизүү тууралуу суроолор түшүп турду.
КР БШК маалыматтык-коммуникациялык технологиялар башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан шайлоочулардын катышуусу, добуш берүүнү эсептѳѳ жана анын жыйынтыгын чыгарууда анык, ачык-айкындыкка жетишүүдѳ технологиялардын оң таасир этип жаткандыгы, бул атаандыштык шайлоолор үчүн мыкты негиз болуп саналары жѳнүндѳ кеңири маалыматтар берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын Айдаров Нургазы Абдыраевичке берди
Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты бошогондугуна байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки турган Айдаров Нургазы Абдыраевич КР Жогорку Кеңешине депутаты болуп шайланды деп таанылды.
Жогорку Кеңештин бошогон мандатын берүү жѳнүндѳ токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 26-майдагы жыйынында кабыл алынды.
Н.Айдаров КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага күбѳлүк жана белгиленген үлгүдѳгү тѳш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен Мунира Тыныстанова чыгарылды
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен
Тыныстанова Мунира Макеновнаны чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып, КР БШК келип түшкѳн М. Тыныстанованын жеке арызынын негизинде токтом кабыл алынды.
«Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жѳнүндѳ» КР БШК 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 64 чечиминин Тыныстанова Мунира Макеновнанын талапкерлиген каттоо бѳлүгү күчүн жоготту деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
Кочкор АШК курамына ѳзгѳртүү киргизилди
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-майындагы жыйынында Нарын облусундагы Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.
Үй-бүлѳлүк шартынын себептери кѳрсѳтүлгѳн жеке арызынын негизинде “Мекеним Крыгызстан” саясий партиясынан АШК мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон Советкул уулу Тимурдун ордуна Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына анын резервинен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органынан Муканова Гулшан Мурзабековна киргизилди.
Үй-бүлѳлүк шартынын себептери кѳрсѳтүлгѳн жеке арызынын негизинде “Мекеним Крыгызстан” саясий партиясынан АШК мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон Советкул уулу Тимурдун ордуна Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына анын резервинен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органынан Муканова Гулшан Мурзабековна киргизилди.
Жыйындарга катышпагандыгына, милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдѳ аткарбагандыгына байланыштуу “Нур” саясий партиясынан АШК мүчѳсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган Мамутов Мурсахан Усеновичтин ордуна Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органынан Мойденов Рысбек Алиевич киргизилди.
Ушул ѳзгѳртүүлѳргѳ ылайык Кочкор АШК курамына саясий партиялардан 2 ѳкүл, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан 10 ѳкүл болду. Резервде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан 8 ѳкүл турат.
Кененирээк билүү >>
Бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бошогон орундарын талапкерлердин тизмесинде кийинки тургандар ээлешти
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-майындагы жыйынында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки турган талапкерлерге берүү жѳнүндѳ бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Жергиликтүү кеңештердин алты депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ Араван, Ноокат, Ысык-Кѳл, Кемин жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери бекитилди. Алардын күбѳлүктѳрү анык эмес деп таанылды.
Жергиликтүү кеңештердин депуттарынын бошогон мандаттары шайланган депутаттардан кийинки турган талапкерге берилди.
Алсак, Ош облусунун Араван районунудагы Тѳѳ-Моюн айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон Баймурзаев Дилмурат Кулмурзаевичтин депутаттык мандаты Абдусабиров Илхамжан Канахатовичке ѳткѳрүлүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунудагы Исанов айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон Абдыкеримов Абытайыр Шамшиевичтин депутаттык мандаты Атиев Маматразак Абдурахмановичке ѳткѳрүлүп берилди.
Ош облусунун Ноокат районунудагы Зулпуев айылдык кеңешинде каза болгондугуна байланыштуу ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган Абдураимова Анархан Манасовнанын депутаттык мандаты Жороев Жармамат Калматовичке ѳткѳрүлүп берилди.
Ысык-Кѳл облусунун Ысык-Кѳл районундагы Кумбел айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган Семеев Ызат Куламбековичтин депутаттык мандаты Айбашев Таалайбек Шайырбековичке ѳткѳрүлүп берилди.
Чүй облусунун Кемин районундагы Дүйшеев айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган Мажитова Алиман Мелисовнанын депутаттык мандаты Калбаев Мирлан Курманкалиевичке ѳткѳрүлүп берилди.
Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган Чимканаев Дамирбектин депутаттык мандаты Сеитов Алмазбек Абдураимовичке ѳткѳрүлүп берилди.
Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайланган дептуттарды каттоо жана аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү жана тѳш белгилерди тапршыруу тотому кабыл алында.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ депутат И. Масалиевдин келип түшкѳн жеке арызынын негизинде токтом кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исхак Масалиевдин күбѳлүгү анык эмес деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 26-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартиби
Өткөрүү датасы: 26 май 2020-ж.
Убактысы: 14.00
Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А. Масалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Ноокат, Ысык-Көл, Кемин жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).
3. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).
4. «Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Тыныстанова Мунира Макеновнаны чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).
5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы).
6. Ар түрдүү маселелер
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
01.10.2026
КР БШКда майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориядагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү
01.10.2026
КР БШКнын бөлүм башчысы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен сыйланды
30.09.2026
Бир катар шайлоо участокторунун даректери өзгөрдү
30.09.2026
КР БШКсы бир катар аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктады
30.09.2026
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
29.09.2026
КР БШКнын 2026-жылдын 30-сентябрындагы өтүүчү жыйналышынын күн тартибинин долбоору