Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду

26 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Масалиев Исхак Абсаматовичтин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин  4-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ депутат И. Масалиевдин келип түшкѳн жеке арызынын негизинде токтом кабыл алынган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исхак Масалиевдин күбѳлүгү анык эмес деп таанылды.