КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатын Айдаров Нургазы Абдыраевичке берди

26 мая 2020

Жогорку Кеңештин депутатынын мандаты бошогондугуна байланыштуу “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки турган Айдаров Нургазы Абдыраевич КР Жогорку Кеңешине депутаты болуп шайланды деп таанылды.

Жогорку Кеңештин бошогон мандатын берүү жѳнүндѳ токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын 26-майдагы жыйынында кабыл алынды.

Н.Айдаров  КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага күбѳлүк жана белгиленген үлгүдѳгү тѳш белги берилди.