Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
03.07.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги   № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 13-июлу Нарын облусу Кочкор району 1 Кош-Дөбө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 5.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 8.07.2020-ж. 2020-жылдын 15-июлу Чүй облусу Ысык-Ата району 2 Логвиненко айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 7.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 10.07.2020-ж. 2020-жылдын 17-июлу Нарын облусу Ат-Башы району 3 Ак-Жар айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. Чүй облусу Сокулук району 4 Кызыл-Туу айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. Чүй району 5 Ибраимов айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. Жалал-Абад облусу Токтогул району 6 Толук айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. 2020-жылдын 17-июлу Кайра шайлоо Ысык-Көл облусу Түп району 7 Арал айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. 2020-жылдын 22-июлу Жалал-Абад облусу Токтогул району 8 Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 14.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 17.07.2020-ж.  
Кененирээк билүү >>
2020–жылы 3-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин кошумча долбоору
02.07.2020

2020–жылы 3-июлда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин кошумча долбоору

долбоор   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                      Өткөрүү датасы: 3- июль 2020-ж.                                                                                    Убактысы: 14 :00                                                                                    Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. 2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чараларынын календардык планы жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 2. Шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнү жана шайлоо процессинин катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын кайрылуусунун текстин бекитүү жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Жумушчу топторун түзүү жөнүндө (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 4. Токмок аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Кара-Суу, Чүй, Сокулук, Ысык-Ата, Аламүдүн, Кемин, Кадамжай, Кара-Буура, Сузак Жалал-Абад жана Тоң аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы) 6. Ысык-Көл облусунун Түп районунун Арал, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл Өзгөруш айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө (баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы)    7. Ар түрдүү маселелер      
Кененирээк билүү >>
Лолобаев Адыл Манасович Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды
01.07.2020

Лолобаев Адыл Манасович Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды

Бүгүн 2020-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳткѳрүлдү. Шайлоого катышуу үчүн  1 талапкер – «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы»  фракциясынын ѳкүлү Лолобаев Адыл Манасович катталган. Шайлоого Кара-Суу шаардык  кеңешинин 31 депутатынын 30 депутаты катышкан. Бир депутат катышкан эмес. Добуш берүүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 1-июлундагы протоколуна ылайык, шайлоонун натыйжасы боюнча талапкер А.М. Лолобаев 30 добуш алган. 2020-жылдын 1-июлундагы шайлоонун натыйжасы жѳнүндѳ протоколго ылайык Лолобаев Адыл Манасович   Кара-Суу шаарынын мэри болуп шайланды деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодо  санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо камсыз кылынды
01.07.2020

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоодо  санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо камсыз кылынды

Бүгүн 2020-жылдын 1-июлунда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо ѳткѳрүлѳт.       Кара-Суу шаарынын мэринин кызмат ордуна 1 талапкер – Кара-Суу райондук кеңешиндеги КСДП фракциясынын ѳкүлү Лолобаев Адыл Манасович катталган.       Маалымат иретинде: Кара-Суу шаарынын мэри берген арызынын негизинде 2020-жылдын 4-мартында ээлеген кызматынан бошотулган.       КР БШК  2020-жылдын 6-мартындагы токтомуна ылайык шаардын жаңы мэрин  шайлоо 2020-жылдын 25-мартына дайындалган.       Коронавируз пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган.       КР БШК  2020-жылдын 26- июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган ЖӨАБ башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 1-июль аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндѳн алар аякатаганга чейин  эки күндүк мѳѳнѳт калган.        «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык шаардын мэрин шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу  жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.        Кара-Суу шаардык  кеңешинде 31 депутат бар. Шаардык кеңештин  депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган  талапкер шайланды деп эсептелинет.        Шайлоо Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясында  ѳткѳрүлѳт.        БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана  ЖӨАБ органы менен бирдикте Кара-Суу АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:       - шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле бардык үстүнкү беттери толук түрдѳ дезинфекцияланган,        - шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 31 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо  3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, аралыктарда да жана убакыттарда да  катышуучуларды  дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.        - добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде  санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен дене табы ѳлчѳнѳт.       - алгоритмге ылайык  шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген,         - бүткүл шайлоо процессинен жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.
Кененирээк билүү >>
Арал айыл ѳкмѳтүндѳ ЖӨАБ аткаруу органынын башчысын кайра шайлоо дайындалат
30.06.2020

Арал айыл ѳкмѳтүндѳ ЖӨАБ аткаруу органынын башчысын кайра шайлоо дайындалат

Бүгүн, 2020-жылдын 30-июнунунда,  Ысык-Кѳл облусунун Түп районундагы  Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо болуп ѳттү. Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапакер - мамлекеттик администрациянын башчысы - аким тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Чоркозов Эрлан Акматович жана  айылдык кеңештин дептутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн  Курманов Иманбек Карыбаевич катталган. Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоого Арал айылдык кеңешинин бардык 11 депутаты катышты.  Түп аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу 2020-жылдын 30-июнундагы протоколуна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн натыйжасы боюнча  талапкер Э.А. Чоркозов 5 добуш, талапкер И.К. Курманов  0 добуш алышкан, «бардык талапкерге каршы» позициясына 6 депутат добуш беришкен. Натыйжада  шайлоодо Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланган жок. Ушуга байланыштуу «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ»  КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын кайра шайлоо дайындалат. «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, эгерде талапкерлер үчүн дегенге караганда депутаттардын добуштарынын көпчүлүгү «бардык талапкерлерге каршы» позициясы үчүн берилсе, кайра шайлоо өткөрүлөт. Борбордук шайлоо комиссиясы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы шайланбай калган күндѳн тартып 3 календардык күндүн ичинде кайра шайлоону дайындайт. Кайра шайлоо жаңы талапкерлерди кѳрсѳтүү менен кайра шайлоо дайындалган күндѳн тартып 15 календардык күндѳн кеч эмес аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ѳткѳрүлѳт.
Кененирээк билүү >>
Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо  санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо камсыз кылынды
30.06.2020

Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоодо  санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо камсыз кылынды

Бүгүн 2020-жылдын 30-июнунда Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлѳт.       Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 тлапакер - мамлекеттик администрациянын башчысы -аким тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Чоркозов Эрлан Акматович  жана  айылдык кеңештин дептутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн  Курманов Иманбек Карыбаевич катталган.       Маалымат иретинде: Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы берген арызынын негизинде 2020-жылдын 24-мартында ээлеген кызматынан бошотулган.       КР БШК  2020-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлоо 2020-жылдын 24-мартына дайындалган.       Коронавируз пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган.       КР БШК  2020-жылдын 26- июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчыларын шайлоо2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 30-июн аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндѳн алар аякатаганга чейин  бир күндүк мѳѳнѳт калган.        «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу  жергиликтүү айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.        Арал айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Айылдык кеңештин  депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган  талапкер шайланды деп эсептелинет.        Шайлоо Түп аймактык шайлоо комиссиясында  ѳткѳрүлѳт.        БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана  ЖӨАБ органы менен бирдикте Түп АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:       - шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган,        - шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо  3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, арлыктарда жана убакыттарда катышуучуларды  дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.        - добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде  санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен денет абы ѳлчѳнѳт.       - алгоритмге ылайык  шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген,         - шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлѳт.
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Боршайкомго берген документтеринин тизмесин бекитти
27.06.2020

КРнын БШКсы саясий партиялардын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө Боршайкомго берген документтеринин тизмесин бекитти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар Боршайкомго берген документтеринин тизмеси жана формалары бекитилди. Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн БШКга берилген партиялардын талапкерлеринин тизмесинин формасы, ошондой эле тизмедеги ар бир талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы бекитилди. Ошондой эле, саясий партиянын шайлоого катышуусу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жөнүндө чечимдеринин формалары жана чечимдери; талапкердин башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтын формасы бекитилди. Талапкерлер жөнүндө электрондук форматта берилген маалыматтар “Түндүк” электрондук ведомстволор аралык алмашуу тутуму аркылуу текшериле тургандыгы аныкталды. Ошондой эле, партиялардын маалыматтарынын негизинде, “Талапкер” атайын маалыматтык ресурсунда жарандар үчүн партиялар жөнүндө, алар көрсөткөн талапкерлери жөнүндө, партиялардын шайлоо алдындагы программалары жана шайлоо фондунун каражаттарынын кыймылы жөнүндө маалыматтык материалдар түзүлөт. Буга чейин, жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдануу учурунда, Боршайком http://talapker.shailoo.gov.kg/ убактылуу платформасын ачкан, анда жергиликтүү шайлоого катышкан партиялардын программалары, партиялардын фонддорунун жана талапкердин каражаттарынын кирешелери жана чыгымдары менен таанышууга болот. Жогорку Кеңештин депуттаттарын шайлоону өткөрүү мезгилине чейин аталган платформа аякталып, кененирээк жана ыңгайлуу форматта ишке киргизилет. Ал жерден парламенттик шайлоого катышкан ар бир партия жөнүндө жалпы маалыматты, байланыш маалыматтарын, аймактык бөлүмдөрү, башкаруу органдары, партия мүчөлөрүнүн саны, логотиптер, каттоо датасы, девиздери, шайлоого катышуу тарыхы ж.б. алса болот. БШК шайлоого катышуунун негизги маселелери боюнча партиялар үчүн усулдук материалдардын жана ченемдик жыйнагын бекитти: талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо, шайлоо фонддорун жүргүзүү эрежелери, үгүт иштери жана шайлоо талаш-тартыштары. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо дайындалгандан тартып биринчи декадасында шайлоого катышууну каалаган партиялар үчүн окуу семинарлары өткөрүлөт. Саясий партиялардан семинарлардын катышуучуларына бекитилген тизмедеги жана методикалык жыйнактагы документтердин үлгүлөрү USB-флеш дисктеринде таратылат. Семинарлардын графиги кийин кошумча жарыяланат.. КРнын БШКнын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бир катар жергиликтүү кеңештердеги бош орундарды  тизме боюнча кийинки талапкерлер ээлешти
27.06.2020

Бир катар жергиликтүү кеңештердеги бош орундарды  тизме боюнча кийинки талапкерлер ээлешти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча брбордук комиссиясы 26-июндагы жыйынында жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳ мурда токтотулгандыгы жѳнүндѳ, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жѳнүндѳ жана бошогон мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерлерге берүү тууралуу бир катар АШКнын чечимдерин бекитти. Жергиликтүү кеңештердин 16 депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу тууралуу   Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана  Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Алсак, Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Бакеев Самат Мэлисовичтин мандаты кийинки талапкерге - №11 ДЕУ жолчусу Камбарбек уулу Адилетке берилди. Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Мукалаев Улукбек Сагынбековичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Сапар уулу Атайга берилди. Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Соодонбеков Урмата Кадыровичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Барманов Жээнбек  Жапаровичке берилди. Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Маркозиев Эрлан Октябровичтин мандаты кийинки талапкерге – облусутук стоматология клиникасынын врачы  Бакалова Айнура Октошовнага берилди. Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Усупов Нурмат Сатылкановичтин мандаты кийинки талапкерге – жеке ишкер Омуракунов Марат Калиевичке берилди. Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Кабылбекова Октября Тимурлановичтин мандаты кийинки талапкерге – убактылуу иштебеген  Созаева Эльмира Мухажировнага берилди. Ысык-Кѳл облусундагы Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Анварбеков Жылдызбек Анварбековичтин мандаты кийинки талапкерге – “Тон Финанс” МКА АФ адисти Айтбаев Марат Райымкуловичке берилди. Талас  облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Дѳбѳ айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Байтереков Касымбек Абдракмановичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Айтышов Абдырахман Анарбаевичке берилди. Талас  облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Дѳбѳ айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Байтереков Касымбек Абдракмановичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Айтышов Абдырахман Анарбаевичке берилди. Баткен  облусундагы Кадамжай районунун Алга айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Жумабай уулу Учкунбектин мандаты кийинки талапкерге – убактылуу иштебеген  Бегматов Сапарбек Бегалиевичке берилди. Баткен  облусундагы Кадамжай районунун Чаувай айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу   ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Назаров Нурбек Идирисовичтин мандаты кийинки талапкерге – пенсионер Закиров Ирисбайга берилди. Баткен  облусундагы Кадамжай районунун Бирлик айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга шайкеш келбеген кызматка дайындалгандыгына байланыштуу   ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Эргешов Имарал Абдиллажановичтин мандаты кийинки талапкерге – дыйкан чарбасынын мүчѳсү Акматов Равшанбек Сыдыковичке берилди. Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Таштанов Турдубай Молдоумаровичтин  мандаты кийинки талапкерге – Ала-Бука районунудагы  автовакзалдын директору   Ибраймалиев Болотбек Нарбековичке берилди. Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Жолдошова Аида Тажидиновнанын мандаты кийинки талапкерге – Ала-Бука районунудагы  исскуство балдар мектебинин окутуучусу   Таштаналиев Абдисамат Сатымкуловичке берилди. Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Амиракулов Тынчтыкбек Султаналиевичтин мандаты кийинки талапкерге – Ала-Бука районунудагы  исскуство балдар мектебинен Мамбеталиева Гулмира Орозалиевнага берилди. Жалал-Абад   облусундагы Ала-Бука  районунун Т. Балтагулов  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтоткон депутат Жумабаев Абдираим Кожобековичтин мандаты кийинки талапкерге – “Ак-Тулпра” автомектебинин техник инструтору  Мамашов Санжарбек Мыйзамбековичке берилди. Жалал-Абад  облусундагы Ала-Бука  районунун Т. Балтагулов  айылдык кеңешинде сессияга 4 жолудан ашык катышпагандыгы үчүн  депутат Азимбаев Тургунбай Якубжановичтин мандаты кийинки талапкерге – пенсионер  Ташматова Кумаржан Эрбаевнага берилди. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан жергиликтүү кеңештердин дептутаттарын каттоо жана аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк жана тѳш белги тапршыруу тууралуу токтом кабыл алында. БШК ошондой эле АШКнын тѳмѳндѳгү чечимдерин бекитти: - жеке арыздарынын негизинде Иманалиев Алмазбек Чынтемировичти, Арымбаев Алтынбек Журсунбековичти, Самаев Октябрь Оморовичти Ысык-Кѳл облусундагы Ак-Суу районунун Октябарь айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу; - жеке арызынын негизинде Суранов Нуртай Мажитовичти Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Тогуз-Булак айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу; - жеке арызынын негизинде Аламанов Нурлан Камчыбековичти Ысык-Кѳл облусундагы Тоң районунун Күн-Чыгыш айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу; - жеке арызынын негизинде Айдаралиев Нургаз Сартбаевичти Талас облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Бѳбѳ айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу; - жеке арызынын негизинде Кондубаев Израил Эрмегалиевичти Талас облусундагы Бакай-Ата  районунун Ак-Бѳбѳ айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу; - жеке арызынын негизинде Темиров Оросбай Жээнкуловичти Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу; - жеке арызынын негизинде Эшбаев Кенешбек Акматалиевичти Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука  районунун Өрүктү айылдык кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу.
Кененирээк билүү >>
Боршайкомдун отурумдары мындан ары онлайн өтөт
27.06.2020

Боршайкомдун отурумдары мындан ары онлайн өтөт

26-июнда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда КРнын БШКнын Регламентине бир катар өзгөртүүлөр киргизилди. Чечимге ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясынын отуруму мындан ары видеоконференция байланышын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн. БШК мүчөсү видеоконференция байланышы аркылуу отурумда катышуусу эсептелинип, онлайн добушун бере алат. Эгерде тиешелүү отурумдун күн тартибинде жашыруун добуш берүү өткөрүлө турган маселе жана (же) добуш берүүнүн жыйынтыктары, протоколдорго, шайлоонун жыйынтыктары, референдум жана жыйынтыктоочу таблицаларга кол коюлса, видеоконференция байланышын колдонууга болбойт. Мындан тышкары, өзгөртүлгөн регламентке ылайык, отурум башталганга чейин БШКнын мүчөлөрүн жана чакырылган адамдарды каттоо жүргүзүлөт, анын жыйынтыгын Комиссиянын төрагасы отурумдун ачылышына чейин жарыялайт. Ошондой эле, БШКнын Регламентинин 27-беренесине өзгөртүүлөр киргизилди. Мындан ары, карап чыгуу үчүн документтердин долбоорлору БШКнын мүчөлөрүнө, эреже боюнча, отурум күнүнө чейин бир күн калгандан кечиктирилбестен берилет (мурда – чейин үч күн). Шайлоо жана референдум өнөктүктөрү учурунда документтер отурум өткөрүлө турган күнү берилиши мүмкүн. КР БШК маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК шайлоолорду каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган бир катар жоболорду кабыл алды
27.06.2020

БШК шайлоолорду каржылоонун ачык-айкындыгын камсыз кылууга багытталган бир катар жоболорду кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы мамлекеттик боюджет сыяктуу эле шайлоого катышкан партиялардын шайлоо фонддорунун ачык-айкындыгын, шайлоону каржылоонун айкындыгын камсыз кылууга багытталган нормативдик актыларды кабыл алды. Кабыл алынган жоболор пландаштыруунун стандарттарынан жана шайлоо боюнча мамбюджеттин отчеттуулугунан тышкары  саясий партиялардын шайлоо фонддоруна келип түшкѳн акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын  ачууну, шайлоо кампаниясынын мезгилинде саясий партиялардын чыгашалрынын ачыктыгын  карайт. БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун жетекчиси, БШК мүчѳсү Г. Баатырова  сунуш кылынган  нормативдик акты БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобу тарбынан 2018-2020-жылдарга шайлоо жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясына ылайык иштелип чыккандыгын белгиледи. Алсак, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттрын шайлоону ѳткѳрүүдѳ саясий партиялардын акча каражаттарын түзүүнүн, келип түшүүсүн эсепке алуунун жана чыгымдалышынын тартиби жѳнүндѳ” жобо бекитилди. Анда атайын эсептерди ачуунун тартиби, шайлоо фонддорун түзүүнүн, фонддун каражаттарынын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын, жарандык жана юридикалык жактар менен эсептешүүнүн, шайлоо күрѳѳсүн киргизүүнүн, отчеттулук жана кѳзѳмѳлдѳѳ эрежелери белгиленген. Шайлоо фонддоруна каражаттардын келип түшүүсү жана чыгымдалышы жѳнүндѳ партиялардын отчеттуулугунун формасы иштелип чыккан, ага ылайык партиялар жѳнүндѳ жарандарды маалдымдоону кеңейтүү максатында  БШКнын сайтында  шайлоо фонддорунан акча каражаттарынын кыймылы жѳнүндѳ жума сайын тѳмѳндѳгүдѳй маалыматтар жарыяланып турат: фондго келип түшүү булактары боюнча – партиянын фондуна качан, ким жана канча каражат которгон, чыгашалар боюнча: товарлар жана кызмат кѳрсѳтүүлѳр үчүн качан, кимге жана канча которулган.        Мындан тышкары, шайлоо мезгилинде шайлоо фонддорунун каражаттарынын кыймылы жѳнүндѳ жыйынды отчетторду жарыялоо белгиленген. Кѳрсѳтүлгѳн маалыматтарды жарыялоо жеке маалыматтарды жана банк сырын коргоо жѳнүндѳ мыйзамдардынын тапатарын эске алуу менен ишке ашырылат.         Жакында эле кабыл алынган “Саясий партиялар жѳнүндѳ” мыйзамда партиянын жана БШКнын сайттарында саясий партиялардын ар жылкы финансылык отчетторун жарыялоо тууралуу норма камтылганын белгилѳѳ зарыл.        Маалымат иретинде: конституциялык мыйзамга ылайык шайлоо кампаниясын каржылооунун булагы тѳмѳндѳгүлѳр болушу мүмкүн экендиги белгиленген: эсептик көрсөткүчтөн 15000 (1,5 млн.) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, талапкерлердин тизмесине киргизилген, талапкердин өз каражаттарынан; эсептик көрсөткүчтөн 1000000 (100млн.) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан; өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 2000 (200 миң) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн; өлчөмү эсептик көрсөткүчтөн 30000 (3 млн.) эседен ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн. Талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын шайлоо фондунун каражаттарынын эсебинен чыгымдарынын чектелген суммасы эсептик көрсөткүчтөн 3000000 эседен ашуусу мүмкүн эмес, бул 300 млн. сомду түзѳт.         Мында Жободо тѳмѳндѳгүлѳрдѳн кайрымдуулук кѳрсѳтүүүгѳ тыюу салынат:       -чет мамлекеттерден, эл арлык уюмдардан, жарандыгы жок адамдардан, мамлекеттик бийлик органдарынан жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынан, уставдык капиталында мамлекеттик же муниципалдык үлүшү бар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден жана ишканалардан, юридикалык жактардан.       Ошондой эле атын атабаган кайрымдуулукка тыюу салынат (атын атабаган кайрымдуулук деп жаран мына бул маалыматтардан бирин  кѳрсѳтпѳгѳн учур кирет: фамилиясын, атын, атасынын атын, жашаган дарегин, паспорттук маалыматтарын, же ѳзү жѳнүндѳ анык эмес маалыматтарды кѳрсѳткѳнү).         2.“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук шайлоо комисиясына, аймактык жана участкалык шайлоо комисияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби  жѳнүндѳ” жобо шайлоо комиссияларынын системасын үч деңгээлде уюштуруу процесси катары шайлоолорду каржылооунун ѳзгѳчѳлүгүн эске алуу менен мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды пландаштыруунун жана пайдалануунун ачык-айкындаган камсыз кылуу макстында кабыл алынган.        Жобо шайлоо жана бюджеттик мыйзамдарга киргизилген ѳзгѳртүүлѳрдүн негизинде кабыл алынган. Кыргыз Республикасы үч деңгээлдик шайлоо системасына: Борбордук шайлоо комиссиясына, аймактык шайлоо комиссияларына жана участкалык шайлоо комисияларына ээ.          АШК жана УШКнын чыгашаларынын корголгон беренелери боюнча акча каражаттарын АШКга берүү тѳмѳн турган комиссияларды каржылоого жаңы мамиле болуп саналат.          Тѳмѳн турган шайлоо комиссияларынын  чыгашаларынын башка беренелери «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» КР Мыйзамынын 25-беренеснинин негизинде  борборлоштурулган тартипте Борбордук шайлоо комиссясы тарабынан тѳлѳнүшү мүмкүн, мыйзамда тѳмѳндѳгүлѳр белгиленген: «Шайлоо комиссиялары акча каражаттарын чыгымдардын бекитилген сметасына ылайык бөлүнгөн каражаттардын чегинде шайлоо, референдумду өткөрүүгө чыгымдайт. Жогору турган шайлоо комиссиясы төмөн турган шайлоо комиссияларынын чыгымдарын борбордоштурулган тартипте төлөй алат». Чыгашалардын сметасы Борбордук шайлоо комиссиясы иштеп чыккан стандарттардын (нормалардын, коэффиценттердин, лимиттердин, ставкалардын, стандарттык тадап алуулардын)  негизинде иштелип чыгат, алар шайлоолорду, референдумдарды даярдоо жана ѳткѳрүү боюнча иштерди/кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү уюштуруу үчүн иштелип чыгат, алар боюнча араркеттер, жабдууларды, материалдарды жана кызмат кѳрсѳтүүлѳрдү тандап алуулар улам биринен экинчисине кайталанып,  системалык мүнѳзгѳ ээ. Жобо шайлоо комиссиялары тарабынан бухгалтердик эсептерди жүргүзүүнүн жол-жоболорун, финансылык отчетторду түзүүнү тартибин жана мѳѳнѳттѳрүн, ар бир деңгээлде ишке ашырылган бюджеттик кражаттардын чыгымдалышын кѳзѳмѳлдѳѳнү, мамлекеттик сатып алууларды борборлоштурган тартипте жүргүзүүнү баяндайт. 3. 2018-2020-жылдарга шайлоолор жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясын ишке ашырууда КР БШКнын кѳзѳмѳлдѳѳ-текшерүү тобунун иши жѳнүндѳ жобо да толукталып иштелип чыкты, ага шайлоо мезгилинде партиялардын шайлоо фонддорун текшерүүнүн натыйжалары жѳнүндѳ КР БШК КТТ отчетторун жарыялоо тууралуу норма киргизилген. КТТ жетекчиси Г.М. Баатырова  кабыл алынган чечимдердин негизинде шайлоолорду каржылоонун, отчеттордун формаларын толтуруунун (анын ичинде электрондук), шайлоо процесстеринин ачык-айкындыгы максатында каражаттардын келип түшүүсүнүн жана чыгымдалышынын жаңы эрежелерин саясий партиялардын ыйгарым укуктуу ѳкүлдѳрүнѳ окутууну ѳткѳрүү милдети турарын белгиледи. Ошондой эле саясий партиялардын шайлоо кампанияларын каржылоосу жана бюджеттен каржылоо боюнча шайлоочулар, коммерциялык эмес уюмдар, ЖМК ѳкүлдѳрү үчүн маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳт. КР  БШК  маалымат бѳлүмү    
Кененирээк билүү >>
БШК бир катар ЖӨАБОнун башчыларын, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алдыда токтотулгандарды шайлоону дайындады
26.06.2020

БШК бир катар ЖӨАБОнун башчыларын, анын ичинде эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу алдыда токтотулгандарды шайлоону дайындады

КРнын БШКсы 26-июндагы отурумунда коронавирустун пандемиясынын кесепетинен өзгөчө кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын 29-июнунда убактылуу токтотулган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын 4 башчысын шайлоону кайрадан баштоо жөнүндө токтом кабыл алды. Добуш берүү күндөрү төмөнкүдөй аныкталды: -  2020-жылдын 30-июну саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ысык-Көл облусундагы Түп районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого; - 2020-жылдын 1-июлу саат 9:00дөн 12:00гө чейин Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоого; - 2020-жылдын 13-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин Нарын облусундагы Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого; - 2020-жылдын 15-июлуна саат 9:00дөн 12:00гө чейин Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоого. Мындан тышкары, жаңы вакансиялардын пайда болушуна байланыштуу, 4 айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын17-июлуна (саат 9:00дөн 12:00гө чейин) дайындалат: - Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ак-Жар айыл өкмөтү, - Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтү, - Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов айыл өкмөтү, - Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Толук айыл өкмөтү. БШКнын токтому менен Түп, Кара-Суу, Кочкор, Ысык-Ата, Ат-Башы, Сокулук, Чүй жана Токтогул аймактык шайлоо комиссиялары аймактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо жана жарандардын саламаттыгын коргоо боюнча бардык чараларды көрүү тапшырылды: - добуш берүүчү жайдын ичин залалсыздандыруу; - шайлоо процессинин катышуучуларынын бири биринин ортосундагы 1,5-2-метрлик аралыкты сактоо үчүн ченемдерди белгилөө; - жайдын кире беришине жана бюллетень берген жерлерге колду санитайзер менен камсыз кылуу; - шайлоо процессинин катышуучуларынын дене табын контактсыз термометр менен өлчөө; - шайлоо процессинин катышуучуларына бет кап жана кол кап берүү; - колдонулуучу материалдарды жана буюмдарды залалсыздандырып туруу. БШКнын аппаратына керектүү материалдар (бет кап, кол кап, санитайзер) менен камсыздоого жардам берүү тапшырылды. Белгилей кетсек, айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жана мэрлерди шайлоо жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан жүргүзүлөт. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары добуш берүүгө 11ден 31 кишиге чейин катышкандыгын, жана добуш берүү мүмкүнчүлүгү процедурасы 3 саатты камтыгандыгын эске алып, шайлоого катышуучулардын убакыттан жана аралыктан алысташына шарт түзүүгө болот. Шайлоо аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан өткөрүлөт. Алгоритмге ылайык, шайлоонун бардык катышуучулары жеке коргонуу каражаттары менен камсыз болушат.  Маалымат үчүн: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык, жогорку билимдүү жана мамлекеттик, муниципалдык кызматта иштеген, же мамлекеттик билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде, же жогорку кызматтарда иштеген, жеке менчик формасындагы уюмдардын, мекемелердин жана жеке ишкерлердин жетекчилик кызматында 2 жылдан кем эмес эмгектенген, мамлекеттик тилди билген, эмгекке жарамдуу жаран айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлана алат. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер Өкмөт менен бекитилген “Кыргызтест” мамлекеттик тилди билүү тутумунун талаптарына ылайык, бардык чөйрөдөгү коммуникативдик компетенция деңгээлинде мамлекеттик тилди билиши керек. Тил билүү деңгээли мамлекеттик тилди билүү жөнүндө сертификат менен күбөлөндүрүлөт. Аймактык шайлоо комиссиясына айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээли жөнүндө күбөлүктү тапшырбоо каттоодон баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондугу бар Кыргыз Республикасынын жарандары, талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаганга чейин мыйзамда белгиленген тартипте жок кылынган, ошондой эле оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон жарандар, алардын соттолгондугу белгиленген тартипте жоюлгандыгына карабастан, айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлана алышпайт.          
Кененирээк билүү >>
ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги
26.06.2020

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги

ЖӨБОнун башчыларын шайлоонун графиги   № Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Шайлоону өткөрүү убактысы Талапкерлердин документтерин кабыл алуу мөөнөтү Талапкерлердин каттоо мөөнөтү 2020-жылдын 30-июну Ысык-Көл облусу Түп району 1 Арал айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин     2020-жылдын 1-июлу Ош облусу Кара-Суу району 2 Кара-Суу шаарынын мэри саат 9:00дөн 12:00гө чейин     2020-жылдын 13-июлу Нарын облусу Кочкор району 3 Кош-Дөбө айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 5.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 8.07.2020-ж. 2020-жылдын 15-июлу Чүй облусу Ысык-Ата району 4 Логвиненко айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 7.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 10.07.2020-ж. 2020-жылдын 17-июлу Нарын облусу Ат-Башы району 5 Ак-Жар айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. Чүй облусу Сокулук району 6 Кызыл-Туу айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. Чүй району 7 Ибраимов айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00 чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж. Жалал-Абад облусу Токтогул району 8 Толук айыл өкмөтү саат 9:00дөн 12:00гө чейин саат 18:00гө чейин 9.07.2020-ж. саат 18:00гө чейин 12.07.2020-ж.  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 26-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартиби
26.06.2020

2020–ж. 26-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартиби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                     Өткөрүү датасы: 26- июнь 2020-ж.                                                                                   Убактысы: 11:30                                                                                   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы  уулу А.) 2. Жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү жөнундө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар үчүн документтердин жана усулдук материалдардын тизмеги, формалары жөнүндө (баяндамачы – укук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы  уулу А.) 5. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы №94 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 6. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобо тууралуу (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы) 7. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.) 8. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.) 9. “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери  жана үгүт жүргүзүү  эрежелери боюнча  Жумушчу топ жѳнүндѳ” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.) 10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.) 11. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   12. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу. (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   13. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылы 11-сентябрда №437 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.) 14. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөөнү уюштуруу жана тартиби жөнүндө (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   15. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн анын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.).   16. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 26-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
24.06.2020

2020–ж. 26-июнда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

долбоор   КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БОРБОРДУК ШАЙЛОО КОМИССИЯСЫНЫН ОТУРУМУНУН КҮН ТАРТИБИ                                                                                     Өткөрүү датасы: 26- июнь 2020-ж.                                                                                   Убактысы: 11:30                                                                                   Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Жергиликтүү  өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жана өткөрүү жөнундө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ак-Суу, Түп, Тоң, Бакай-Ата, Кадамжай жана Ала-Бука аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиялар үчүн документтердин жана усулдук материалдардын тизмеги, формалары жөнүндө (баяндамачы – укук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы  уулу А.)   4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2015-жылдын 28-июлундагы №94 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо саясий партиялардын өкүлдөрүнүн статусу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   5. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө саясий партиянын шайлоо фондун түзүү, акча каражаттарынын келип түшүшүн жана чыгымдалышын эсепке алуу тартиби жөнүндө” Жобо тууралуу (баяндамачы – А.Шаршеналы уулу, укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы)   6. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 157 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун иши жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   7. “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, аймактык, участкалык шайлоо комиссияларына республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттары боюнча финансылоо, эсеп жүргүзүү жана отчеттуулук тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   8. “Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери  жана үгүт жүргүзүү  эрежелери боюнча  Жумушчу топ жѳнүндѳ” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   9. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   10. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоонун тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   11. “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Жобону бекитүү тууралуу. (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   12. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылы 11-сентябрда №437 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик телерадио уюмдардын каналдарында акысыз эфир убактысын жана мамлекеттик мезгилдүү басылмаларда акысыз басма аянтын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулакты өткөрүү тартиби жөнүндө” Нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу  (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   13. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүүнү, добуш берүүнүн жыйынтыктарын жана шайлоонун натыйжаларын белгилөөнү уюштуруу жана тартиби жөнүндө (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.)   14. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган же жүргөн анын жарандарынын шайлоо укуктарын ишке ашырууну камсыздоо жөнүндө (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы уулу А.).   15. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 13-июлундагы № 16 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентине” өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (баяндамачы – укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шаршеналы  уулу А.)   16. Ар түрдүү маселелер      
Кененирээк билүү >>
БШКнын имаратында аппараттын кызматкеринен чыккан COVID-19га тестин оң натыйжасына байланыштуу дезинфекция жүргүзүлдү
22.06.2020

БШКнын имаратында аппараттын кызматкеринен чыккан COVID-19га тестин оң натыйжасына байланыштуу дезинфекция жүргүзүлдү

Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратында 22-июнь күнү бир кызматкерден чыккан COVID-19га тестин оң натыйжасына байланыштуу дезинфекция жүргүзүлдү. Бардык кабинеттер, залдар жана жалпы пайдалануучу орун жайлар иштетилүүдѳн ѳткѳрүлдү. Бишкек шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳл борбору тарабынан БШК аппаратынын кызматкерлерин тестирлѳѳ уюштурулду. Түздѳн-түз кѳзѳмѳлгѳ алынуучу адамдар ѳзүн изоляциялоо режиминде болот. Кѳпчүлүк кызматкерлер кайрадан үйүндѳ иштѳѳ режимине ѳткѳрүлдү. Республикалык штабдын сунуштамасы боюнча  БШКнын имаратында  санитардык жана коргоо чаралары күчтѳндүрүлдү.  
Кененирээк билүү >>
КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Бейшеналы Нурдиновго өткөрүп берди
09.06.2020

КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Бейшеналы Нурдиновго өткөрүп берди

Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгонуна байланыштуу “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмесинде кийинки болуп турган Бейшенаалы Нурдинов КР Жогорку Кеңешинин шайланган депутаты деп таанылды. Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын өткөрүп берүү жөнүндө токтом 9-июнда КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйналышында кабыл алынды. Б. Нурдинов КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды.
Кененирээк билүү >>
1 … 324 326 … 483