Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду

09 июня 2020

КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чойбеков Руслан Нуркалиевичтин  ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.  

Чечим депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Р. Чойбековдон келип түшкөн жеке арыздын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бөлүгүнө ылайык кабыл алынды.

Республиканын Жогорку Кеңешинин депутаты Руслан Чойбековдун күбөлүгү жараксыз деп табылды.