Кочкор АШК курамына ѳзгѳртүү киргизилди

26 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылдын 26-майындагы жыйынында Нарын облусундагы Кочкор  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.

Үй-бүлѳлүк шартынын себептери кѳрсѳтүлгѳн жеке арызынын негизинде “Мекеним Крыгызстан” саясий партиясынан АШК мүчѳсүнүн ыйгарым укуктарын токтоткон Советкул уулу Тимурдун ордуна Кочкор  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына анын резервинен жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү  органынан Муканова Гулшан Мурзабековна киргизилди.

Жыйындарга катышпагандыгына, милдеттерин жана тапшырмаларды системалуу түрдѳ аткарбагандыгына байланыштуу  “Нур” саясий партиясынан АШК мүчѳсүнүн ыйгарым укуктары токтотулган Мамутов Мурсахан Усеновичтин ордуна Кочкор  аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү  органынан Мойденов Рысбек Алиевич киргизилди.

Ушул ѳзгѳртүүлѳргѳ ылайык Кочкор АШК курамына саясий партиялардан 2 ѳкүл, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү  органдарынан 10 ѳкүл болду. Резервде жергиликтүү ѳз алдынча башкаруунун ѳкүлчүлүктүү органдарынан 8 ѳкүл турат.