Лейлек АШК курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
09 июня 2020
КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 9-июндагы жыйналышында Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтом кылды.
Мамлекеттик кызматка өткөн Суханбердиев Данияр Абдамитовичтин ордуна АШКнын курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан резервден Аширов Немат Умурзаковичти киргизүү чечилди.
Маалымат үчүн: Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын курамында 12 мүчө бар, анын ичинде саясий партиялардан – 3өө, (“Бүтүн Кыргызстан”, “Замандаш”, “Кыргызстан”), жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан – 9у бар. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 25 адам турат.
Эми өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин шайлоо комиссиясынын курамында саясий партиялардан 3 өкүл, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 9 өкүл бар. Резервде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан 24 адам турат.
