Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт
24.05.2020

КР БШК кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктайт

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы кыргызстандыктарды ыйык Орозо айт майрамы  менен куттуктайт. Отуз күндүк ыйык орозо инсандын ички дүйнѳсүн, ыйманын тазартып, руханий жана адеп-ахлактык сапатын бекемдѳѳ менен, орозо туткандарды үй-бүлѳдѳгү, коомдогу жана жалпы эле ѳлкѳбүздѳгү жакшылык менен ыймандуулука, тынччылык менен кайрымдуулукка  шыктандырды. КР БШК  Кыргыз Республикасынын жарандарына бекем ден-соолук, бакубат турмуш, ар бир үй-бүлѳгѳ бакыт-таалай каалайт! Сүйүктүү Кыргызстаныбыз биримдикте болуп, гүлдѳп ѳнүгѳ берсин!  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 26-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
22.05.2020

2020–ж. 26-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

долбоор     Өткөрүү датасы: 26 май 2020-ж. Убактысы: 14.00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы     1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты И.А. Масалиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Араван, Ноокат, Ысык-Көл, Кемин жана Чаткал аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. «Кыргызстан» cаясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Тыныстанова Мунира Макеновнаны чыгаруу жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (Баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)   6. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасынын элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен брифинги болду
18.05.2020

КР БШКнын төрагасынын элчилер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен брифинги болду

Кыргызстанда шайлоо процессине байланышкан маселелерди чагылдыруу боюнча Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиясынын тарабынан жүргүзүлгѳн иштин алкагында 2020-жылдын 15-майында КР БШКнын төрагасынын элчилери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен брифинги болду. Ден соолукту коргоого байланышкан  сунуштарды эске алуу менен ѳткѳрүлгѳн иш-чарага түздѳн түз же дистанциялык онлайн-конференция режимде толук жана ыйгарым укуктуу элчилер: Улуу Британия -  Чарльз Гаррет, Германия - Моника Иверсен, Иран - Саид Харави, АКШ - Дональд Лу, Франция - Микаэль Ру, Швейцария - Вероник Ульманн, Украина - Владимир Жовтенко, ЕБ делегациясынын башчысы - Эдуард Ауэр, ОБСЕ программалык  офисинин башчысы  - Пьер фон Аркс, ООН туруктуу координатору - Озонниа Ожиелло, ПРООН туруктуу ѳкүлү - Луиз Чемберлен, ошондой эле  Беларусия, Казахстан, Индия, Китай, Корея, Россия, Туркменистан, Туркия жана Өзбекстан элчиликтеринин ѳкүлдѳрү катышты. Дипломатиялык корпустун ѳкүлдѳрүнүн кѳңүлү шайлоо процессин ѳркүндѳтүүнүн учурдагы натыйжалары жана 2018-2020-жылдарда Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарын ѳркүндѳтүү стратегиясын жүзѳгѳ ашыруу боюнча кабыл алынган  Кыргыз Республикасында шайлоо мыйзамдарына  ѳзгѳртүүлѳр жѳнүндѳ маалыматка бурулду. Ушул стратегиянын алкагында шайлоолордун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу, шайлоо процесси жѳнүндѳ шайлоочулардын кеңири маалымат алуусун кеңейтүү, шайлоолорду уюштурууну оптималдаштыруу, шайлоодогу талаш-тартыштардын ачык-айкындыгын жана шайлоолорду ѳткѳрүүдѳ шайлоо комиссияларына кѳмѳктѳшкѳн ар түрдүү маморгандардын жана ЖӨБОнун натыйжалуу ѳз ара аракеттерин  бекемдѳѳ боюнча чаралар Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам аркылуу бекемделгендиги жана иш жүзүндѳ ишке ашып жаткандыгы белгиленди. Алсак, шайлоонун инклюзивдүүлүгүн жакшыртуу алкагында шайлоочулардын тизмеси байма-бай актуалдаштырылып турат жана шайлоочулардын “Тизме” порталындагы маалыматтык ресурстар менен таанышуусу үчүн жетикиликтүү болуп саналат. Шайлоо тизмелерин тактоо мѳѳнѳтү 20 күнгѳ кѳбѳйтүлдү, Бирдиктүү идентификациялоо системасынын негизинде арыздарды электрондук берүү мүмкүнчүлүгү киргизилет. 2020-жылы Кыргызстандын шайлоочуларынын тизмеси  2017-жылдын маалыматтарына  салыштырганда дээрлик 360 миң шайлоочуга кѳбѳйдү. Жалпы шарттардан тышкары,  шайлоочулардын айрым категориялары үчүн атайын чаралар жүзѳгѳ ашырылат. Алсак, чет ѳлкѳлѳрдѳгү шайлоочулар үчүн добуш берүүчү участоктордун саны кѳбѳйтүлүп, консулдук эсепке алуу жеңилдетилип, биометрикалык каттоону тапшырууга кеңири мүмкүнчүлүк берилип, кеңири маалыматтык түшүндүрүү иштери жүргүзүлмѳкчү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын жүзѳгѳ ашыруу үчүн ар бир участокто ДСМЧАны эсепке алуунун системасы, участоктороду пандус жана башка чаралар менен жабдуу аркылуу жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, ошондой эле атайын форматтарда: Брайль тамгалары, жаңсап которуу же субтитрлѳѳ аркылуу  маалыматтык жана үгүт материалдарын милдеттүү берүү чаралары мыйзам тарабынан белгиленген. Шайлоолорго аялдарын катышуусун активдештирүү үчүн айылдык кеңештердин дептутаттары үчүн 30 пайыздан аз эмес  квота, ошондой эле шаарлардын жана ЖК деңгээлинде аялдар үчүн коргоо чаралары да киргизилген.  Ошону менен бирге аялдар жана жаштар үчүн маалыматтык жана агартуу чараларынын кеңири программасы жүзѳгѳ ашырылууга тийиш. Партиялар жана талапкерлер жѳнүндѳ шайлоочуларга  маалымат берүү үчүн бир катар жаңы иш-чаралар кабыл алынды. Эми саясий партиялар менен талапкерлердин программаларын БШКнын сайтында милдеттүү жарыялоо, талапкерлердин, партиялардын шайлоо фонддорундагы каражаттарынын кыймылы жѳнүндѳ такталган  маалыматтарды жайгаштыруу, ошондой эле партияларды жана талапкерлерди колдоо үчүн ким акчалай салым кошконун кѳрсѳтүү менен алардын отчетторун жарыялоо милдеттүү  болуп саналат.  Стадиондордо концерттерди жана спорттук массалык иш-чараларды ѳткѳрүүгѳ тыюу салуу түрүндѳгү үгүт иштеринин жаңы эрежелери,  ошондой эле талашып-тартышуу таймаштарынын кѳлѳмүн кеңейтүү жарандардын эркин билдирүүсүнѳ финасылык ресурстардын таасирин карама каршы кюу аркылуу, талапкерлер, партиялар жана алардын платформалары жѳнүндѳ маалыматтарды кѳбѳйтүүгѳ багытталган. Ошондой эле шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жана административдик ресурстарды карасантайлык менен пайдалангандыгы үчүн таасирдүү санкцияларды киргизүү боюнча маанилүү депутаттык демилге, аны кабыл алуу шайлоо учурунда мындай  бузууларга каршы күрѳшүүдѳ маанилүү, саясий партиялар жѳнүндѳ мыйзам, ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде шайлоолорду уюштуруу жана аларды ѳткѳрүүнүн мѳѳнѳттѳрү тууралуу мыйзам  парламеттин кароосунда турат. Дипломаттар ошондой эле укуктук маданиятты жогорулатуу жана жарандык агартуу боборун түзүү боюнча пландар менен да таанышты, андан кийин БШК тѳрагасы брифингдин катышуучуларынын  шайлоо процессине тийиштүү суроолоруна жооп берди. Мыйзам боюнча 2020-жылга белгиленген шайлоо маселелери боюнча тѳрага 12-апрелге дайындалган 30 жергиликтүү кеңештердин дептуттарын шайлоо ѳзгѳчѳ кырдаал жарыялангандыгына байланыштуу кырдаал калыбына келгенге чейин токтотула тургандыгын белгиледи. “Шаардык кеңештерге шайлоолор токтотулган учурда беш шаарда үгүт кампаниясы жүрүп турган эле, ал эми айыл кеңештериндеги шайлоолордо талапкерлерди каттоо жаңыдан аяктап, үгүт кампаниясы баштала элек болчу. Эми ѳзгѳчѳ кырдаал режими алынып, жарандардын ден соолугуна коркунуч токтогон учурда шаардык жана айылдык кеңештерге шайлоолор токтотулган учурдагы абалында кайрадан улантылат”, – деп белгиледи КР БШК тѳрагасы. Ал БШК Өкмѳт жана тийиштүү органдар менен туруктуу байланышта болуп, кеңешүүлѳрдү жүргүзүп жаткандыгын белгиледи, алардын расмий корутундулары жарандардын ден соолугу үчүн коопсуздук жагдайынан алганда да, шайлоочулардын жана талапкерлердин шайлоо укуктарын кеңири жүзѳгѳ ашыруусу кѳз карашынан алганда да шайлоо сыяктуу массалык мүнѳздѳгү иш-чараларды ѳткѳрүү качан мүмкүн экендиги жѳнүндѳ чечимдерди иштеп чыгууда маанилүү.  Ушунун негизинде БШК тарабынан шайлоо проецессин кайра баштоо датасын жарыялоо жана добуш берүү датасын дайындоо тууралуу мамлекет башчысына сунуш киригизилет. “Азыркы учурда коомдо жана парламентте быйылкы жылдагы кезектеги шайлоолорду ѳткѳрүүнүн форматы жана мѳѳнѳтү боюнча талкуу жүрүп жатат. Албетте, бул маселе кыйла деңгээлде ѳлкѳдѳгү эпидемиологиялык кырдаалга жана мындай иш-чараларды ѳткѳрүү үчүн тобокелчилик боюнча Өкмѳттүн тийиштүү сунуштарына жараша болот. Ошондой болсо да шайлоо процессинин  бир катар маанилүү жагдайларынан улам азыр токтотулуп турган жергиликтүү шайлоолор менен 2020-жылдын октябрында ѳткѳрүлүүчү Жогорку Кеңешке шайлоону  чогуу ѳткѳрүү ылайыксыз. Алсак мыйзамдарга ылайык ЖК депутаттарын шайлоо 90 күн мурда, ал эми жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 60 күн мурда дайындалат. Жергиликтүү кеңештерге шпайлоолор иш жүзүндѳ финалдык бѳлүгүндѳ, башкача айтканда 20 күндүк мѳѳнѳттѳ кайрадан башталарын эске алсак, анда эки деңгээлдеги шайлоолорду чогуу ѳткѳрүүдѳ үгүт кампаниясынын жүрүршүндѳ жалпы улуттук шайлоого катышкан партиялар ачыктан ачык артыкчылыкка ээ болуп калышат, ал эми жергиликтүү шайлоолорго катышуу потенциалына ээ болгон партиялар ѳздѳрүнүн кампанияларынын масштабы аз болуп  калгандыгынан улам   басмырланып калышы абзел. Ошондуктан БШК шайлоочулардын кызыкчылыгы жана жалпысынан талапкерлерлдин теңчилдиги үчүн жергиликтүү жана жалпы улуттук парламенттик шайлоолорду чогуу ѳткѳрүү ылайыксыз деген позицияны карманат”, - деп белгиледи БШК тѳрагасы. Өзгѳчѳ кырдаал түзүлгѳн учурда шайлоолорду дайындоо же болбосо токтото туруу процессин мыйзамдык жѳнгѳ салууга келсек,  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ѳзгѳчѳ кырдаал шартында шайлоолорду жѳнгѳ салуу маселеси каралган эмес,-деп белгиледи Н. Шайлдабекова. Колдонуудагы мыйзамдарда ѳзгѳчѳ кырдаал жарыяланган учурда шайлоолор ѳткѳрүлбѳй тургандыгы жѳнүндѳ норма бар. Ошондуктан БШК мына ушундай мыйзам долбоорун иштеп чыгуу иштерин жүргүздү. “Бул Кыргызстан үчүн гана эмес, ошондой эле дүйнѳдѳгү кѳптѳгѳн ѳлкѳлѳр үчүн жаңы маселе болду. Ошондуктан КР  БШК шайлоо органдарынын Европа ассоциациясы, БДИПЧЧ ОБСЕ  ж.б. шайлоо чѳйрѳсүндѳгү эксперттер менен кеңешүүлѳрдү жүргүзүүдѳ. Өздѳрүнүн жарандарынын коопсуздугуна байланышкан жогорку деңгээлдеги чараларды сактоо менен коронавирус пандемия инфекциясынын шартында 2020-жылдын 15-апрелинде парламенттик шайлоолорду ѳткѳргѳн кореялык коллегалар менен маалымат алышуу пландаштырылууда. Азыр чет ѳлкѳлѳрдѳ ушул маселелерди укуктук жактан жѳнгѳ салуу практикасын иликтѳѳ боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Парламентчилер менен ѳз ара аркеттенүү аркылуу бул маселелерди укуктук жактан чечүүгѳ жетишебиз деп ишенем, бул шайлоолорду дайындоо же токтото туруу жѳнүндѳ чечимдерге байланыштуу кандайдыр бир шектенүүлѳрдү жокко чыгаруу үчүн маанилүү укуктук кадам болмокчу. Бул албетте ѳзгѳчѳ кырдаал мезгилинде шайлоолорду дайындоо, токтото туруу, кайра баштоо жана ѳткѳрүү  мѳѳнѳттѳрүнѳ байланышкан маселерлерди жѳнгѳ салган эрежелер бар экендигин жарандардын түшүнүп билүүсү үчүн маанилүү болмок”, - деп билдирди БШК тѳрагасы. Иш-чаранын соңунда КР БШК тѳрагасы ПРООН жүзѳгѳ ашырып жаткан, 2020-2021-жылдарда Кыргыз Республикасындагы демократиялык шайлоо процессин ѳркүндѳтүү боюнча программанын алкагында анадан ары иш- чараларды жүзѳгѳ ашырууга жана колдоого каражат бѳлгѳндүгү үчүн Япониянын, Швейцариянын, Германиянын ѳкмѳттѳрүнѳ ыраазычылык билдирди. Бишкектеги программалык офиси аркылуу ОБСЕ жана БДИПЧ ОБСЕ тарабынан ар тараптуу колдоо кѳрсѳтүлүп жаткандыгына ыраазычылык билдирилди, адар менен шайлоолордун инклюзивдүүлүгү, коопсуздугу жана эркин шайлоо механизмдерин бекемдѳѳ  боюнча чаралар ыраттуу ишке ашырылып жатат. Ошондой эле ОБСЕнин колдоосунда демократиялык шайлоо системасын реформалоо алкагында шайлоо жѳнүндѳ мыйзамдарды ѳркүндѳтүү боюнча стратегиялык документ иштелип чыкты.   ЕБ, Япония, Швейцария, Корея, ОБСЕ, ПРООН, IFES, жана башка ѳнѳктѳштѳр  тарабынан колдоонун маанилүү ролу белгиленди, алар Кыргызстанда шайлоо системасын кардиналдуу реформалоону жүргүзүүнү колдошууда. Эл аралык ѳнѳктѳштѳр процесстин динамикалуулуга канаатануу менен, мындан ары да колдоого даяр экендигин билдиришти. Өздѳрү келишкен брифингдин катышучулары үчүн БШКнын жаңы имаратында экскурсия ѳткѳрүлдү, алар болочоктогу жарандарды окутуп үйрѳтүү борборунун залы  менен таанышты.   
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү кеңештерде  депутаттардын бошогон ордун талапкерлердин тизмесиндеги кийинкилер ээлешти
13.05.2020

Айрым жергиликтүү кеңештерде депутаттардын бошогон ордун талапкерлердин тизмесиндеги кийинкилер ээлешти

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 13-майдагы жыйынында жергиликтүү кеңештердин айрым депуттарынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу, талапкерлердин тизмесинен талапкерди чыгаруу жана бошогон мандаттарды шайланган депутаттардан кийинки талапкерге  берүү жѳнүндѳ бир катар АШКнын чечимдерин бекитти. Жергиликтүү кеңештердин 11 депутатынын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ Талас, Кара-Кулжа, Нарын шаардык, Нарын, Ат-Башы, Тоң, Аксы, Ала-Бука жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Жергиликтүү кеңештердин дептуттарынын бошогон мандаттары шайланган депуттардан кийинки талапкерлерге жана саясий партиялардан талапкерлердин тизмесине катталган кийинки талапкерлерге берилди. Алсак, Талас районунудагы Кара-Суу айылдык кеңешиндеги талапкер Сулайманов Чынгыз Абаирович каза болгондугуна байланыштуу талапкерлердин тизмесинен чыгарылды. Талас районунудагы Кара-Суу айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Эсенкул уулу Памирдиндин мандаты Карабаев Бакытбек Сагынбековичке берилди. Талас районунудагы Өмүралиев айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Байсалов Эрназар Мырзабековичтин мандаты Доолоталиев Жоорутбек Добутовичке берилди. Кара-Кулжа районунудагы Кеңеш айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Нуруев Токтомамат Шакировичтин мандаты Турдуев Абдыбек Сакуновичке берилди. Нарын шаарынын шаардык  кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган, “Кыргызстан” фракциясынан депутат Жолдошбеков Максат Жолдубаевичтин  мандаты тизмеде кийинки турган  Рысбеков Кудайберген Токталиевичке берилди. Нарын районунудагы Достук  айылдык кеңешинде сессияларда 4 жолкудан ашык жок болгондугуна байланыштуу  ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Турсунбеков Алмазбек Турсунбековичтин мандаты Бокожоев Жапаркул Абакировичке берилди. Ат-Башы  районунудагы Кара-Суу айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Самтыров Максатбек  Эсенгелдиевичтин мандаты Деркенбаев Кубанычбек Аскарбековичке берилди. Тоң  районунудагы Улакхол айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Керимкожоев Нурдин  Кусеиновичтин  мандаты Жамакулов Эрик Жумагуловичке берилди. Аксы  районунудагы Ш. Назаралиев  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Эркинов Таланбек Эркиновичатин мандаты Шайымкулов Абдылдабек Маматкуловичке берилди. Ала-Бука  районунудагы Ак-Там  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Абдыраимов Азизбек Эргешалиевичтин мандаты Биймирзаев Муратбек Кочкорбаевичке берилди. Ала-Бука  районунудагы Т. Балтагулов  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Стамкулов Шафкат Кутмановичтин мандаты Кутманов Эмилбек Абдыкайымовичке берилди. Кемин  районунудагы Ак-Түз  айылдык кеңешинде жеке арызынын негизинде ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган депутат Изабаев Кумар Даировичтин мандаты Суранчиев Калдыбек Мурзахановичке берилди. Жумгал районундагы Түгѳл-Сай айылдык кеңешине Жунушов Самат Замирович депутат  деп таанылды. Тийиштүү аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан жергиликтүү кеңештерге шайланган дептуттарды каттоо жана аларга белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүктѳрдү жана тѳш белгилерди тапршыруу  тотому кабыл алында.
Кененирээк билүү >>
КР БШК  КР ЖК депутатынын мандатын Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичке ѳткѳрүп берди
13.05.2020

КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообековичке ѳткѳрүп берди

“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин кийинки тизмесинде турган Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылды. Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандатын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому БШКнын 13-майдагы жыйынында кабыл алынды. Ш.Абдыкеримов КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк жана тѳш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШК  КР ЖК депутатынын мандатын Жоробаев Жаныбек Суюнбаевичке  ѳткѳрүп берди
13.05.2020

КР БШК КР ЖК депутатынын мандатын Жоробаев Жаныбек Суюнбаевичке ѳткѳрүп берди

“Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин кийинки тизмесинде турган Жоробаев Жаныбек Суюнбаевич Жогорку Кеңештин депутатынын бош мандаты болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылды. Жогорку Кеңештин депутатынын бошогон мандатын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому БШКнын 13-майдагы жыйынында кабыл алынды. Ж.Жоробаев КР Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды, ага белгиленген үлгүдѳгү күбѳлүк жана тѳш белги берилди.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду
13.05.2020

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешовдун ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Эргешов Алмазбек Манасбековичтин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептуттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бѳлүгүнѳ ылайык депутат А. Эргешовдун келип түшкѳн жеке арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмазбек Эргешовдун күбѳлүгү анык эмес деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Исаевдин ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду
13.05.2020

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Исаевдин ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулду

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы «Кыргызстан» парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат Исаев Жаныбек Базаркуловичтин ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу боюнча токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин дептуттарын шайлоо жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктуна жана “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1-пунктуна, 2-бѳлүгүнѳ ылайык депутат Ж. Исаевдин ыйгарым укуктарын тапшыруу жѳнүндѳ келип түшкѳн жеке арызынын негизинде токтом кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жаныбек Исаевдин күбѳлүгү анык эмес деп таанылды.
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 13-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби
13.05.2020

2020–ж. 13-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун бекитилген күн тартиби

Бекитилген Өткөрүү датасы: 13 майы 2020-ж. Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М. Эргешовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Б. Исаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас, Кара-Кулжа, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ат-Башы, Тоң, Аксы, Ала-Бука жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер  
Кененирээк билүү >>
2020–ж. 13-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору
13.05.2020

2020–ж. 13-майда өтө турган КР БШКнын отурумунун күн тартибинин долбоору

Долбоор  Өткөрүү датасы:  13 майы 2020-ж. Убактысы: 17:00 Өткөрүлүүчү жери: отурумдар залы   1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.М. Эргешовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты  Ж.Б. Исаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас, Кара-Кулжа, Нарын шаардык, Жумгал, Нарын, Ат-Башы, Тоң, Аксы, Ала-Бука жана Кемин аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы 5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө  (баяндамачы – Т.О. Айтикеев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 6. Ар түрдүү маселелер   
Кененирээк билүү >>
Германия менен БУУӨП Кыргыз Республикасындагы демократиялык шайлоо процессин ѳркүндѳтүү  боюнча  күч-аракеттерди колдойт
12.05.2020

Германия менен БУУӨП Кыргыз Республикасындагы демократиялык шайлоо процессин ѳркүндѳтүү боюнча күч-аракеттерди колдойт

2020-жылдын 7-майында Кыргыз Республикасында 2020-2021-жылдарда демократиялык шайлоо процесстерин ѳркүндѳтүү боюнча долбоордун алкагында иш-чараларга кѳмѳктѳшүү жана колдоо үчүн Германия Өкмѳтү тарабынан 500.000 евро бѳлүп берүү жѳнүндѳ ПРООН (ББУӨП) менен Германия Федеративдүү Республикасынын элчилигинин ортосунда макулдашууга кол коюлду. Макулдашууга  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын тѳрагасы Н.Шайлдабекованын катышуусунда Кыргыз Республикасындагы ПРООН (ББУӨП) туруктуу ѳкүлү Луиз Чемберлен жана Кыргыз Республикасындагы Германия Федеративдүү Республикасынын толук ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен кол коюшту. Бул финансылык каражат ПРООН (ББУӨП) ишке ашырып жаткан Кыргызстандагы шайлоолорду колдоо программасынын алкагында  берилген. Германиянын жардамы жакында эле Кыргыз Республикасында демократияны жана праламентаризмди ѳнүктүрүү максатында ПРООН (ББУӨП) менен  Япониянын жана Швейцариянын ѳкмѳттѳрү  кол койгон макулдашууга толуктоо болуп саналат. КР БШК тѳрагасы шайлоо процессин ѳркүндѳтүү боюнча, анын ичинде инклюзивдүүлүктү жогорулатуу, партиялардын жана талапкерлердин  шайлоо фонддорунун каржылык  ачык-айкындыгы, шайлоодогу талаш-тартыштарды кароону жакшыртуу аркылуу эркин шайлоо механизмин жакшыртуу  боюнча маанилүү иш-чараларды колдогондугу үчүн Германиянын Өкмѳтүнѳ ыраазычылык билдирди. Ал колдоо үчүн германиялык тарап тандап алган багыттар Кыргыз Республикасынын туруктуу ѳнүгүүсү боюнча Улуттук кеңеш жактырган, 2018-2020-жылдарга шайлоолор жѳнүндѳ КР мыйзамдарын ѳркүндѳтүү Стратегиясында каралган чаралар болуп саналарын жана негизинде Стратегиянын башкы максаттарына жетүүгѳ  мүмкүнчүлүк түзѳрүн белгиледи. Ал ошондой эле 2014-жылдан бери ѳнѳктѳштѳр менен кызматташтыкта Кыргызстанда шайлоо системасынын кардиналдуу реформалоонун башталышын биринчилерден болуп  колдогон ПРООНдун ролун баса белгиледи. Салтанаттын жүрүршүндѳ ФРГнын элчиси М.Иверсен Кыргызстандагы шайлоо процессин андан ары колдоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Германиялык тараптын баасы боюнча реформанын биринчи этабы мурда ѳткѳрүлгѳн шайлоо циклдеринин жүрүшүндѳ ѳзүнүн натыйжалуулугун кѳрсѳтѳ алды: «Германиянын Өкмѳтү андан ары демократиялык ѳнүгүүгѳ жана шайлоо процесстерин ѳркүндѳтүүгоѳ багыттлаган Кыргыз Республикасынын умтулуусун жогору баалайт. Бардык жарандардын, анын ичинде мигранттардын добуш берүү мүмкүнчүлүгүн түзүү, шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындыгы жана шайлоо мыйзамдарын сактоо демократиялык шайлоо процессинин толук кандуулугун камсыз кылуунун маанилүү компоненти болуп саналат». Ал эми ПРООН тарабынан Л.Чемберлен айым: «Мен шайлоо нормаларын ѳркүндѳтүүдѳгү, ѳзгѳчѳ COVID-19 пандемияга байланыштуу чектѳѳлѳргѳ карабастан шайлоо процесстерин  активдүү ыкчам пландаштыруудагы жана ѳз учурунда даярдык кѳрүүдѳгү кыргыз тараптын ишин   белгилегим келет. Биз Кыргызстандын шайлоо системасына карата мына ушундай ишеним мамилеси үчүн Германиянын  Өкмѳтүнѳ  ѳтѳ ыраазыбыз. ПРООНго ѳзүңүздѳрдүн ѳнѳктѳш катары ишеним кѳрсѳткѳндѳрүңүз биз үчүн чоң сыймык, ошондуктан Кыргызстанда эркин, акыйкат, тынчтык жол менен, атаандаштыктагы жана инклюзивдүү шайлоолорду колдоодо күч-аракеттерди топтоштуруу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүүдѳбүз», - деп белгиледи.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын жамааты Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен ардагерлерди, ооруктагы эмгекчилерди жана баардык кыргызстандыктарды куттуктайт
08.05.2020

КР БШКнын жамааты Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен ардагерлерди, ооруктагы эмгекчилерди жана баардык кыргызстандыктарды куттуктайт

Урматтуу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери!  Кадырлуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгы менен чын жүрѳктѳн куттуктайт. Фронттогу ардагерлердин, ооруктагы эмгекчилердин, ошондой эле бүлүнүп, кыйроого учураган ѳлкѳбүздү калыбына келтиргендердин баарынын күжүрмѳн эрдиги менен мына биз 75 жылдан бери бейкут асмандын алдында, шаарларды куруп, балдарды чоңойтуп, бейкапар эмгектенип жатабыз. Муундар аламашат, бирок Сиздердин эрдигиңиздер, майтарылбас баатырдыгыңыз үчүн кийинки муундун таазим этүүсү улам жаңы мааниге ээ боло берет. Мекенди коргоодо, жалпы Жеңишке жетишүүдѳ боордош элдер менен бир катарды турган Кыргызстандын элинин салымы зор. Жүз миңдеген биздин жердештер фронтто баатырдык менен кармашып, оорукта адам чыдагыс кыйынчылыктарды баштан кечирип, ѳздѳрүнүн атуулдук милдеттин ар-намыс менен аткарышты жана ата журтка берилүүнүн нукура үлгүсүн кѳрсѳтүштү. Алардын баарын эсте тутуу, улуу Жеңиште жетишилген тынчтыкты бекем сактоо – биздин ыйык парзыбыз.   Кадырлуу мекендештер, урматтуу ардагерлер жана ооруктун эмгекчилери! КР БШК Сиздерге бекем ден соолук, бакубат турмуш, урмат-сый каалайт, ар бир жаңы күн жалпыбызга бейкутчулуктун, жакшылыктын күнү болсун!
Кененирээк билүү >>
БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27 жылдыгы менен куттуктайт
05.05.2020

БШК кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27 жылдыгы менен куттуктайт

Урматтуу мекендештер! Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атынан жана өзүмдүн атымдан сиздерди Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27 жылдыгы менен куттуктайм. 1993-жылы 5-майда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы эгемендүүлүктү жана көз карандысыздыкты бекемдеп, адам укуктарын жана эркиндигин Кыргыз Республикасынын эң жогорку баалуулугу катары таанып, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекетти куруунун негизин түзүп, Кыргыз Республикасынын жаңы тарыхында маанилүү ролду аткарат. Конституция Кыргызстан эли мамлекеттик бийликтин бирден бир булагы болуп саналарын жана өз бийлигин Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде түздөн-түз  шайлоодо жана референдумда, ошондой эле мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын тутуму аркылуу ишке ашыра турганын белгилеп, элдик бийликтин жана эл бийлигинин үстөмдүгүнүн маанилүү принцибин аныктады. Кыргыз Республикасынын Негизги мыйзамы, ошондой эле шайлоо эркин болуп саналган жана жашыруун добуш берүү менен жалпы тең жана тике шайлоо укугунун негизинде өткөрүлүүчү демократиялык шайлоо тутумунун негизин белгиледи. Конституцияда билдирилген саясий көп түрдүүлүк жана көп партиялуулук өлкөдө демократиялык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү жана жарандык коомду өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү болду. Шайлоо реформасынын алкагында көрүлгөн чаралар Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген жарандардын эрк-ниетин эркин билдирүүсү үчүн шарттарды камсыздоого өбөлгө түздү. БШК Конституциянын ченемдерин ишке ашыруу жана жарандардын шайлоо укуктарын мындан ары өркүндөтүү үчүн баардык күч-аракеттерин жасайт. Урматтуу кыргызстандыктар! Биздин жалпы жарандык парзыбыз – Кыргыз Республикасынын Конституциясында жарыяланган жалпы улуттук баалуулуктарды жана принциптерди аздектөө жана сактоо, алардын негизинде демократиялык укуктук мамлекет куруу, гүлдөп-өнүгүүнүн жана прогресстин негизи катары элдин биримдигин жана ынтымагын чыңдоо. Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык, ынтымак жана изги ишиңиздерге ийгилик, ошондой эле Мекенибиздин жыргалчылыгы үчүн жемиштүү мээнет каалайм! Урматтоо менен, КР БШКнын Төрагасы                                             Н. ШАЙЛДАБЕКОВА
Кененирээк билүү >>
Ибраев Саматбек Кулукеевич  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды
09.04.2020

Ибраев Саматбек Кулукеевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды

2017-жылдын 5-июнундагы № 96 «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Респруликасынын конституциялык Мыйзамына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конститциялык Мыйзамынын 2-беренесинин биринчи абзацына ылайык 2020-жылдын 1-январында тѳмѳндѳгүлѳрдү караган норма күчүнѳ кирген: «Депутаттын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган учурда  анын манданты: 1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен; 2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен» катталган кийинки талапкерге берилет».   Борбордук шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 9-апрелиндеги № 89 токтому менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эркек жыныстагы депутатынын ыйгарым укуктары мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотулган.   Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы  «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» » саясий партиясынан эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен талапкерлердин тизмесинде кийинки турган  Ибраева Саматбека Кулукеевичти Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу  жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Кененирээк билүү >>
Бешимбаева Айгерим Кабылбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды
09.04.2020

Бешимбаева Айгерим Кабылбековна Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталды

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 11-бѳлүгүнѳ (Талапкерлердин статусу) ылайык «Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, талапкерлердин катталган тизмесинде чыгып калган депутаттан кийин турган адам Борбордук шайлоо комиссиясы аны Жогорку Кеңештин депутаты деп каттаганга чейин талапкердин статусу менен байланышкан укуктарга жана милдеттерге кайрадан ээ болот.». Мындай норма Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзмынын 65-беренесинин 4-1-бѳлүгү менен (Жогорку Кеңештин депутаттарын каттоо, депутаттын бошогон мандатын ээлөө) такталат, ал Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандатын ээлѳѳнүн тартибин карайт жана: 1) аял жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, аял жынысындагы талапкерлердин ичинен; 2) эркек жынысындагы депутаттын ыйгарым укуктары токтотулган учурда, эркек жынысындагы талапкерлердин ичинен» кийинки катталган талапкер ким болуп саналарын белгилейт. 2020-жылдын 2-апрелинде Борбордук шайлоо комиссиясына конституциялык мыйзамга ѳзгѳртүүнүн, анын ичинде 65-беренесинин 4-1-бѳлүгүнѳ түзѳтүүнү кабыл алуу боюнча демилгечилер тобуна кирген КР ЖК депутаттарынан кат келип түшкѳн. Катта демилгечилер кѳрсѳтүлгѳн норма 2020-жылдагы шайлоолордун натыйжалары боюнча VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынан тартып колдонууну карай тургандыгын белгилеген жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинин 5-бѳлүгүнѳ ылайык «Ченемдик укуктук актылардын колдонулушу аны колдонууга киргизгенге чейин жаралган мамилелерге жайылтылбай» тургандыгы кѳрсѳтүлгѳн. Ушуга байланыштуу демилгечилер бошогон мандатты ошол эле тизмедеги кезек боюнча кийинки талапкерге берүүнү зарыл деп эсептешет. Ошол эле учурда «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9-беренесинде «Ченемдик укуктук актылар күчүнѳ кирген күндѳн тартып Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана аткарууга жатат» деп белгиленген. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесинин 2-бѳлүгүнѳ ылайык, «эгерде мыйзамдын ѳзүндѳ же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жѳнүндѳ мыйзамда башкача каралбаса, мыйзам расмий жарыяланган күндѳн тартып он күн ѳткѳндѳн кийин күчүнѳ кирет.          Мыйзам чыгаруучу 2017-жылдын 5-июнунда кабыл алынган аталган норманын күчүнѳ кирүү мѳѳнѳтүн так белгилеген, ал жерде депутаттын бошогон мандатын ээлѳѳгѳ байланышкан дал мына ушул мамилелерге тийиштүү Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-1-бѳлүгү 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнѳ кире тургандыгы каралган. Мыйзам чыгаруучу тарабынан 2020-жылдагы шайлоолордун натыйжалары боюнча VII чакырылыштагы жаңыдан шайланган депутаттардан тартып ушул норманы колдонуу жѳнүндѳ тактоочу норма киргизилген эмес. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бѳлүгүн, 4-1-бѳлүгүнүн 1-пунктун, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы  «Республика-Ата Журт» саясий партиясынан аял жынысындагы талапкерлердин ичинен талапкерлердин тизмесинде кийинки турган  Бешимбаева Айгерим Кабылбековнаны  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланды деп таануу  жѳнүндѳ чечим кабыл алды.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты              А. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу
09.04.2020

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 1,3-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1.6-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 1,3-пункттарына, 2-бѳлүгүнѳ ылайык депутаттык ыйгарым укуктарды  аткарууга шайкеш келбеген ишке ѳткѳндүгүнѳ байланыштуу «Республики-Ата Журт» парламенттк фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Исмаилованын ыйгарым укуктарын мѳѳнѳтүнѳн мурда токтотуу жѳнүндѳ чечим кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 61 Жарлыгы менен «Республики-Ата Журт» парламенттк фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А. Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалган, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ 2020-жылдын 4-апрелинде ѳзүнѳн арыз келип түшкѳн.   КР БШК маалымат бѳлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 326 328 … 483