“Кыргызстан” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен Мунира Тыныстанова чыгарылды

26 мая 2020

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен
Тыныстанова Мунира Макеновнаны чыгаруу тууралуу токтом кабыл алды.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесин, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча шайлоо комиссиялары жѳнүндѳ»  Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесин жетекчиликке алып,  КР БШК келип түшкѳн М. Тыныстанованын жеке арызынын негизинде токтом кабыл алынды.

«Кыргызстан» саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жѳнүндѳ» КР БШК 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 64 чечиминин Тыныстанова Мунира Макеновнанын талапкерлиген каттоо бѳлүгү күчүн жоготту деп таанылды.