Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Бешбаковдун арызын кабыл алуудан баш тартылды
14.07.2017

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Бешбаковдун арызын кабыл алуудан баш тартылды

Кыргыз Республикасынын  Президентинин кызмат ордуна  талапкер үчүн Кыргыз Республикасы  Конституциясы  менен белгиленген жаш курагына  карата  цензге туура келбегендигине байланыштуу БШКнын 2017-жылдын 11-июлундагы  №37 чечими менен 1985-жылдын 12-февралында туулган К.Бешбаковдун арызын кабыл алуудан баш тартылды. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-пунктунда “Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес  жана 70 жаштан жогору эмес Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат...” деп айтылган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Айрым аймактык шайлоо комиссияларындагы шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди
14.07.2017

КР БШК: Айрым аймактык шайлоо комиссияларындагы шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди

КР БШКнын 2017-жылдын 14-июлундагы жыйынында 2017-жылдын 5,6,7,10,11-июлунда Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди. Ошентип: -Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэри болуп Бегалиев Бакытбек Турдалиевич; -Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Маматов Эвертбек Эмилбекович; -Чүй облусунун Жайыл районунун Красновосток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп  Алыбаев Эрнисбек Мадылбекович; -Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп  Сырдыбаев Урмат Кулматович; -Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Керимов Висид Кенешевич; -Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алымов Манас Кадырович; -Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп  Эсенгелдиев Бакыт Камалидинович таанылды.   Мындан тышкары Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо мурун катталган талапкерлер менен 2017-жылдын 28-июлунда саат 9-00дөн-02-00гө чейин  өткөрүү дайындалды. Бул чечим 2017-жылдын 14-июлунда өткөн кайра шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калгандыгына байланыштуу кабыл алынган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Кыргыз  Республикасынын  Президенти кызматына  талапкер  Мамедова Нусрет Муса-Оглы, А. Мадумаров, Н.Нышанов жана  Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
14.07.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Мамедова Нусрет Муса-Оглы, А. Мадумаров, Н.Нышанов жана Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

КР БШКнын 2017-жылдын 14-июлундагы  жыйынында  Кыргыз  Республикасынын  Президенти кызматына  талапкерлер   Мамедова Нусрет Муса-Оглы, А. Мадумаров, Н.Нышанов жана  Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттоо маселеси каралды.       Ошентип: Кыргыз  Республикасынын  Президенти кызматына  талапкер  Мамедова Нусрет Муса-Оглынын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп: -Асаналиев Мукан-жазуучу.   Кыргыз  Республикасынын  Президенти кызматына  талапкер  А.Мадумаровдун  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -каржы маселеси боюнча Ысманалиев Медербек Рахманович-жеке ишкер; -шайлоо боюнча Полотов Мирлан Шамшиевич-убактылуу иштебейт.   Кыргыз  Республикасынын  Президенти кызматына  талапкер  Н.Нышановдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  болуп: -Мырзалиев  Жайчыбек-убактылуу иштебейт; -Кашкаева Аманат Айпековна-№73-орто мектепте мугалим .   Кыргыз  Республикасынын  Президенти кызматына  талапкер  Ө. Бабановдун шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  болуп: Абдилатипов Мубаракхан- “Инсан KG“ жана “Дилбар“ журналдарынын башкы редактору; Ажибаева Калыскан-пенсионер; Акулов Абжалбек Темирбекович-А.Кабаев  атындагы №5-орто мектепте мугалим; Атамкулова Назгул Токтоналиевна-№1-Макмал орто мектебинин директорунун орун басары; Бабакулов Авазбек Усканович-убактылуу иштебейт; Дарданкуев Эрлан Муканбетович-стоматолог; Кабылбеков Женишбек Жаныбаевич-убактылуу иштебейт; Камбаров Замирбек Төлөгөнович-убактылуу иштебейт; Кылычбаев Алтынбек Таирович-убактылуу иштебейт; Кожалиев Адилбек Жакшылыкович-жеке ишкер; Кулбаев Женишбек Рысбекович-убактылуу иштебейт; Мисиралиев Тынарбек Карыпбаевич-“Дустлик” ишканасынын кызматкери; Мырзаматов Замирбек Ташмырзаевич-убактылуу иштебейт; Мисирова Асель Эркинбековна-окутуучу; Сайпидинов Жоробай Жумабаевич- “Сань Шань Юань” ЖЧКсынын инженери; Суйумбаев Кудайберген Абдикалыкович-“Майлуусуу тигүү фабрикасынын”  башкы директору Тилемамбетов Акназар Садырович-убактылуу иштебейт; Халилов Мамир Мурзаевич-убактылуу иштебейт; Чолпонкулов Муратбек Медербекович- “Кетмен-Төбө КБнын төрагасы; Шерматов Аскарбек Батырбекович-убактылуу иштебейт; Чынтемиров Бердибек Айбекович-убактылуу иштебейт; Абдирашитов Базарбек Абиевич-убактылуу иштебейт; Алиева Сүйдүмкан Олжобаевна-“Первая микрокредитная компания” ЖАКда иштейт; Бекеева Чолпонай Махаматалиевна-убактылуу иштебейт; Бердиев Аккулу Тагаевич-убактылуу иштебейт; Гапиров Равшанбек Кочкорович-пенсионер; Дыйканов Ахмеджан Кенешович – убактылуу иштебейт; Купуев Садырбек Нурматович-убактылуу иштебейт; Мусаев Мамаразак Аучибекович- убактылуу иштебейт; Сулайманов Сражидин Адахамович- убактылуу иштебейт; Шериева Лира Жээналиевна- убактылуу иштебейт; Эшимбаев Абсатар Кочконбаевич- убактылуу иштебейт; Масиров Тынарбек Жаныбаевич– убактылуу иштебейт; Рахманова Диляфруз Дилдарбековна (убактылуу иштебейт)  катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Р.Джунусовдон арыз келип түштү
14.07.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Р.Джунусовдон арыз келип түштү

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1969-жылдын 8-апрелинде туулган, “Шматрица” ЖЧКсынын директору Джунусов Руслан Эшимбековичтен арыз келип түштү. 2017-жылдын 14-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: - 22 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов). - 4 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
14.07.2017

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлундагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын 2017-жылдын 31-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин шайлоо дайындалды. Мындай чечим Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын  2017-жылдын 6-июлундагы №54-буйругу менен Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Касмалиев өз ыктыяры менен берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин кабыл алынган. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын айыл өкмөттөрүнүн  башчыларын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитилди
14.07.2017

Ысык-Көл, Чүй жана Ош облустарынын айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитилди

2017-жылдын 11-июлундагы КР БШКнын жыйынында  2017-жылдын 7-июлунда өткөн шайлоонун натыйжасы  жана добуш берүүнүн жыйынтыгы бекитилди. Ошентип, - К.Тюлегенов Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кара-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы; - А.Жамангулов Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бозтери айыл өкмөтүнүн башчысы; - З.Нурманбетов Чүй облусунун Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы; - У.Чоодуев Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн башчысы; - А. Ормокеев Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы; - Ж.Тиллабаев Ош облусунун Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.  КР БШК  аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Н.Мамедовдун арызы жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары А.Мадумаровду көрсөткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын чечими келип түштү
14.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Н.Мамедовдун арызы жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары А.Мадумаровду көрсөткөн “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын чечими келип түштү

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1957-жылдын 9-майында туулган, Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фондунун президенти Мамедов Нусрет Муса-Оглыдан арыз келип түштү. Ошондой эле, Борборшайлоокомго Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке А.Мадумаровду көрсөтүү тууралуу “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын 2017-жылдын 11-июлундагы XII cъездинин чечими келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 13-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: - 21 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов). - 4 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаровд - “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2017-жылдын 15-октябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата эки коомдук  байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
13.07.2017

КР БШК 2017-жылдын 15-октябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата эки коомдук байкоочуну аккредитациядан өткөрдү

Борбордук шайлоо комиссиясы “Адилет” “Укук клиникасы” Коомдук фондусунун жана “Гражданская Платформа” Коомдук фондусунун ишенимдүү өкүлдөрү Жандаев Эмил Жолдошбекович  жана Атабаева Мадина Орынтаеваны аккредитациядан өткөрдү. Алар 2017-жылы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоого даярдыктын жүрүшү, добуш берүүнүн өтүшү, добуш берүүнүн жыйынтыгын  жана шайлоонун  натыйжасын аныктоого байкоочу катары катышмакчы.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын токтому менен   "Мамлекеттик  тил  тууралуу"  №57 Жобо күчүн жоготту деп табылды
13.07.2017

КР БШКнын токтому менен "Мамлекеттик тил тууралуу" №57 Жобо күчүн жоготту деп табылды

2017-жылдын 13-июлундагы  КР БШКнын жыйынында  2011-жылдын 27-июлундагы «Мамлекеттик  тил  тууралуу  Жобо”(№57) күчүн жоготту деп табылды.  Ушул документке ылайык  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин  аныктоону Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзүп келген. Бул документте КР Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берген мекеме аныктайт деп жазылган   “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндө конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу  кабыл алынды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  2017-жылдын 3-сентябрына  дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланышкан бир нече документтерди бекитти
13.07.2017

КР БШК 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланышкан бир нече документтерди бекитти

2017-жылдын 13-июлундагы жыйында  КР Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Ош, Жалал-Абад облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча календардын текстин жана формасын бекитти.   Мындан тышкары 2017-жылдын 3-сентябрында өтө турган  жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Ош облусунун Кара-Суу АШК, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо АШКсы ортосунда 12 шайлоо участкаларын бөлүү боюнча чечим кабыл алынды. Ошентип, Тогуз-Торо АШКсынын  Тогуз-Торо айыл аймагына 3 участка; Чаткал АШКсынын Терек-Сай айыл аймагына 3 участка; Кара-Суу АШКсына караштуу Кара-Суу шаарына 6 участка бөлүнүп, чек аралары жана схемалары бекитилди. Ошондой эле КР БШКнын жыйынында   Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн   башчысын  жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайта шайлоо 2017-жылдын 27-июлунда  саат 9-00дон 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. 2017-жылдын 11-июлунда өткөн шайлоодо талапкерлер депутаттардын тийиштүү добуштарын ала албай калгандыктан шайлоо өткөн жок деп табылган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу У.Т.Кочкоровдон арыз келип түштү
12.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу У.Т.Кочкоровдон арыз келип түштү

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1974-жылдын 24-июнунда туулган, убактылуу жумушсуз Кочкоров Улукбек Тойчубаевичтен арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 12-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: - 20 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров). - 3 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын  Президенти  кызматына талапкер– Ө.Бабанов, У.Кочкоров,  К.Чороев  жана   Турсунбай  Бакир уулунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
11.07.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер– Ө.Бабанов, У.Кочкоров, К.Чороев жана Турсунбай Бакир уулунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

2017-жылдын 11-июлундагы  КР БШКнын жыйынында   Кыргыз Республикасынын  Президенти  кызматына талапкер Ө.Бабанов, У.Кочкоров,  К.Чороев  жана   Турсунбай  Бакир уулунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттоо  боюнча маселе  каралды.   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У.Кочкоровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Эркебаев Адилет Маматеминович–адвокат; -Кочкоров Асылбек Тойчубаевич–убактылуу иштебейт; -Эрмаматова Сюита Эрмаматовна–адвокат; -Кубатова Алтынай Келдибаевна–“Анас строй” ЖЧКнын башкы бухгалтери. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбай Бакир уулунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп: –Ханлосан Махмуд Абдурашидович–убактылуу иштебейт. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Чороевдин  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Чороев Аманбек Кудайбергенович; -Кудайбергенов Зоотбек Чороевич. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: Абдыканова Эльмира Жумакадыровна; Абылкасымов Тилектеш Тологонович; Азизов Ниязбек Марселбекович; Аламанов Нуржан Насирдинович; Алмахунова Айнура Базарбековна; Алымбаев Алтынбек Бердиевич; Баатырбеков Калыбек Анкеевич; Бабаева Назира Муратбековна; Бектемиров Имаш Исмаилович; Бейшембиев Данияр Болотбекович; Беккулиева Махабат Курманбековна; Деркембаев Айжамал Керимбековна; Жакыпов Курманбек Сыдыкович; Жээналиев Баатырбек Сагындыкович; Идирисов Тосорбек Идирисович; Кабылова Айнура Сагынбаевна; Кадаева Бактыгул Кадыровна; Касымкулов Кубанычбек Темирбекович; Кыдырмышев Тимур Койчубекович; Мамбеталиева Гулбара Асанбековна; Меркибаева Айжан Меркибаевна; Кубаналы кызы Айгерим; Маматов Медетбек Барпыбаевич; Раматов Марат Садинович; Сабиров Таалайбек Эсенович; Сатаров Чынгыз Токтобекович; Таалайбек уулу Камчыбеа; Тониев Омурбек Болоткановича; Торогелдиев Мирлан Исаевич Идирисович; Торокулов Зулумбек Торокулович; Отунчиев Аскар Акматович; Хамзеев Алтынбек Болотбекович; Уметов Канатбек Монолдорович; Эралиева Мира Сулаймановна; Эсенов Азис Сыргакович; Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович; Байтиков Марат Аянбаевич; Башаханова Галина Владимировна- “Сервис Айыл Суу” ЖЧКда иштейт; Бообеков Аскар Джумадылович; Жаналиева Замира Таласбаевна-Чаткал балдар чыгармачылыгы борборунда иштейт; Ибраев Талантбек Касеинович; Исмаилов Дастан Эркинбекович,  ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАНда” иштейт”; Каликова Баарниса Маматовна-работает ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”да иштейт; Капаров Максатбек Абдыкахарович-работает ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”да иштейт; Качкымбаев Батырбек Алымкулович-работает ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”да иштейт; Касымбек уулу Кубанычбек-ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”да иштейт; Курманбаев Мирбек Абдыкадырович-ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”да иштейт; Молдобеков Кутманбек Нурматович-Чаткал балдар чыгармачылыгы борборунда иштейт; Нурбаев Смайыл Кожомкулович-пенсионер; Омурова Салтанат Кайыровна- ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”да иштейт; Осмонов Мыктыбек Алиевич-Чаткал балдар чыгармачылыгы борборунда иштейт; Сариева Жумабүбү Токталиевна-Ат-Башы районундагы автостанцияда иштейт; Сулайманова Эльмира Мелисовна-бухгалтер; Таштанбеков Бактыбек Нурмаматович; Токтогулов Тыныбек Турдалиевич; Топчубаева Гүлайим Курманбековна-Базар-Коргон районундагы №30-орто мектепте иштейт; Уметова Гулнура Асыранкуловна; Усөнбеков Мирбек Үсонбекович; Абдуллажанов Шавкатжан; Абдуназаров Хамидилло Абдуманнобович-адвокат; Аким уулу Асан; Жапаров Сайпидин-пенсионер; Козубаев Абдисамат Тумонович-пенсионер; Макеев Акимжан Мадыевич; Мусаев Ойбек Анварбекович; Парманкулов Талгат Рысбаевич; Салиев Лутфулла Джумашевич-пенсионер; Самидинов Маматсадык Тилетаевич; Сарыков Батырбек Жунусович; Тайчабаров Рахманали Мирзаевич-пенсионер; Юлдашева Эсенгуль Сатывалдиевна; Абдыраманов Кеңешбек Паисбекович; Боруев Нурмамбек Канатбекович- “Антрацит КОАЛ” ЖЧКнын директору; Джалалов Кутбидин Насридиновича; Мамбетаипов Кабылбек Маматжанович; Мамытканова Тамара Акимжанова- “Гидропроектин” инспектору; Мурзабеков Кантемир Зулумович; Нурпазыл кызы Ширин; Нурумбетов Батырбек Джанышович; Нышанбаев Эмил Алишерович; Ислаева Гулнара Абазхановна; Сарыбаев Нуралы Сатыбалдиевич; Сатыбеков Бакытбек Мунарбаевич; Эргешова Бурмахан- пенсионер; Эрназарова Айтбү Абдыкалиловна; Абдуллаева Бактыгуль Ырысовна; Абдуллаев Ахын Табалдыевич; Бабаева Айгүл Абдулалимовна; Джапаров Сулейманкул Курбанбаевич; Каримов Болотбек Баатырович; Кожомбердиев Батырбек Абдимиталипович; Кулмурзаев Гүлжигит Набижанович; Мадаева Парида Шакировна; Маметов Учкунбек Зикирович; Наркозиев Нурланбек Хожонович; Насиров Сайдилла Исирайлович- “ОКСУС” микрокредиткомпаниясында иштейт; Осмонова Турсунали- “Семетей” дыйкан чарбасынын башчысы; Сабурова Айжамал Курбанбаевна- “МКК “Мол Булак Финанс” ЖЧКда иштейт; Саидов Абдимажит Маширапович-Кызыл-Кыя медколледжинде окутуучу; Саипов Омурбек Нажимидинович; Турдуев Дастан Токсонович; Шадыманов Адылбек Абдирашитович; Абышов Азизбек Абдикеримович; Алымбеков Залкар Алымбекович; Аманов Мирбек Советбекович; Бегимкулов Алымкул Акылбекович-ААК “Коммерческий банк КЫРГЫЗСТАН”да иштейт; Бешимбаев Кабылбек Бешимбаевич; Жоокаева Нуриса Музилимовна- “МКК Токмок” ЖЧКда иштейт; Идрисов Сталбек Мажинович; Иманкулов Рамис Жээнбекович; Исакова Мээрим Докдурбековна; Ишеналиева Жайнагуль Куралбековна; Кадыркулов Даниэль Байышович; Касенова Зарина Тилековна; Койлюбаева Мээрим Адылбековна; Кужелева Елена Леонидовна; Науменко Светлана Викторовна; Ниязбекова Чачыкей Мурадылбековна; Орманов Даурен Бектурович; Орозалиева Гульмира Турдалиевна; Орозобаева Жазгул Шамшидиновна; Омуралиева Калипа Мырсабековна; Поползина Александра Владимировна; Рахимов Марат Наильевич; Рыскалий уулу Тилек; Рыскулов Гуля Аймановна-адвокат; Сабралиев Бактыбек Жаныбекович; Салиева Назира Белековна; Самайбеков Кубатбек; Сыдыков Нурбек Сагынбекович; Хамидулина Таскира Анваровна; Чылабаева Айсалкын Талиповна-Кемин райондук просоюзунда иштейт; Шабралиева Эльмира Уюшбековна–окутуучу; Шаршенбиева Гульнура Турарбековна; Шинкоренко Светлана Владимировна; Эгизбаев Асан Нурадилович; Эсенбеков Сымыйбек Асанбекович катталды. Ошондой эле жыйында  КР Конституциясында  белгиленген Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына  жаш курагы жагынан туура келбегендиктен Бешбаков Куттубек Шамурзаевичти КР Президенти кызматына талапкерликке берилген арызынан баш тартылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
“Кыргыз Республикасын Президентин шайлоодо коомдук байкоочулардын  ишмердиги, ыйгарым укуктары  жана статусу” тууралуу  Жобо бекитилди
11.07.2017

“Кыргыз Республикасын Президентин шайлоодо коомдук байкоочулардын ишмердиги, ыйгарым укуктары жана статусу” тууралуу Жобо бекитилди

2017-жылдын 11-июлунда КР БШКнын  жыйынында “Кыргыз Республикасын Президентин шайлоодо коомдук байкоочулардын  ишмердиги, ыйгарым укуктары  жана статусу” тууралуу  Жобо каралып бекитилди. Документке  ылайык коомдук байкоочулар коммерциялык эмес уюмдар тарабынан дайындалган жарандар,  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык шайлоого даярдыктын жүрүшүнө, добуш берүү учуруна, добуштарды саноодо, шайлоо натыйжасын чыгарууда жана  добуш берүүнүн жыйынтыгына байкоо жүргүзүшөт. Жобо коомдук байкоочуларды аккредитациялоонун  жана алардын ыйгарым укуктарынын тартибин аныктайт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облусундагы  айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
11.07.2017

Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облусундагы айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

2017-жылдын 11-июлундагы  КР БШКнын  жыйынында  Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөт, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 25-июлунда  саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун  Оргочор айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 31-июлунда саат 9-00дон 12-00гө дейре өткөрүү дайындалды. Мурунку айыл өкмөт башчысы Т.Касмалиев берген арызына байланыштуу  Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын үч жаранынан арыз келип түштү
11.07.2017

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын үч жаранынан арыз келип түштү

2017-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1985-жылдын 12-февралында туулган, «Империал Девелопмент» ЖЧКсынын башкы директору Бешбаков Куттубек Шамурзаевичтен КР БШКга арыз келип түштү. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1975-жылдын 25-декабрында туулган, «Сергий Радонежский жана Айкол Манас атындагы укук коргоо борбору» ЖКЧсынын башкы директору Трофимов Игорь Алексеевич КР БШКга арыз менен кайрылды. 2017-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1971-жылдын 6-майында туулган, убактылуу жумушсуз Жумабеков Максатбек Кадырбековичтен КР БШКга арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 11-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: - 19 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков). - 3 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу” тууралуу Жобо бекитилди
11.07.2017

КР БШК: “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу” тууралуу Жобо бекитилди

2017-жылдын 10-июлунда КР БШКнын жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда шайлоочулардын  жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу”  тууралуу  Жобо каралып,  бекитилди. Кабыл алынган документке ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төмөндөгү укук актылары  күчүн жоготту деп табылды: -Борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 31-июлундагы №101-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын  шайлоо учурунда шайлоочулардын  жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу”  тууралуу  Жобо; - Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №164-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу”  тууралуу  Жобо.     КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 417 419 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти