Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер үчүн Кыргыз Республикасы Конституциясы менен белгиленген жаш курагына карата цензге туура келбегендигине байланыштуу БШКнын 2017-жылдын 11-июлундагы №37 чечими менен 1985-жылдын 12-февралында туулган К.Бешбаковдун арызын кабыл алуудан баш тартылды.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62-беренесинин 1-пунктунда “Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат...” деп айтылган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү