“Кыргыз Республикасын Президентин шайлоодо коомдук байкоочулардын ишмердиги, ыйгарым укуктары жана статусу” тууралуу Жобо бекитилди

11 июля 2017

2017-жылдын 11-июлунда КР БШКнын  жыйынында “Кыргыз Республикасын Президентин шайлоодо коомдук байкоочулардын  ишмердиги, ыйгарым укуктары  жана статусу” тууралуу  Жобо каралып бекитилди.

Документке  ылайык коомдук байкоочулар коммерциялык эмес уюмдар тарабынан дайындалган жарандар,  Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына ылайык шайлоого даярдыктын жүрүшүнө, добуш берүү учуруна, добуштарды саноодо, шайлоо натыйжасын чыгарууда жана  добуш берүүнүн жыйынтыгына байкоо жүргүзүшөт.

Жобо коомдук байкоочуларды аккредитациялоонун  жана алардын ыйгарым укуктарынын тартибин аныктайт.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү