КР БШК 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланышкан бир нече документтерди бекитти
13 июля 2017
2017-жылдын 13-июлундагы жыйында КР Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Ош, Жалал-Абад облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча календардын текстин жана формасын бекитти.
Мындан тышкары 2017-жылдын 3-сентябрында өтө турган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Ош облусунун Кара-Суу АШК, Жалал-Абад облусунун Чаткал, Тогуз-Торо АШКсы ортосунда 12 шайлоо участкаларын бөлүү боюнча чечим кабыл алынды.
Ошентип, Тогуз-Торо АШКсынын Тогуз-Торо айыл аймагына 3 участка; Чаткал АШКсынын Терек-Сай айыл аймагына 3 участка; Кара-Суу АШКсына караштуу Кара-Суу шаарына 6 участка бөлүнүп, чек аралары жана схемалары бекитилди.
Ошондой эле КР БШКнын жыйынында Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен кайта шайлоо 2017-жылдын 27-июлунда саат 9-00дон 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды. 2017-жылдын 11-июлунда өткөн шайлоодо талапкерлер депутаттардын тийиштүү добуштарын ала албай калгандыктан шайлоо өткөн жок деп табылган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
