Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 25-сентябрда өз жыйынында “Шайлоолорду жана референдумдарды даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо тартиби жөнүндө” жобону бекитти.
Жобонун негизинде шайлоо алдындагы үгүткө катышкан жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо жол-жоболорун санариптештирүү максатында адистештирилген автоматташтырылган тутум киргизилүүдө.
Жаңы тутум аркылуу аккредитациялоо боюнча электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу, маалыматтарды текшерүү, кароо жана жарыялоо процесстери автоматташтырылат.
Бул аккредитациялоо процессин ыкчамдатууга, документтерди кароого кеткен убакытты кыскартууга, каталардан улам келип чыккан кемчиликтерди азайтууга жана аккредитацияланган ЖМКлар менен интернет-басылмалардын ачык реестрин түзүүгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле, тутум ар бир өтүнмө боюнча жүргүзүлгөн өзгөртүүлөрдүн тарыхын сактап, аккредитациялоо процессинин ачыктыгын жана натыйжалуулугун камсыз кылат.