Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Т.Уметалиевадан арыз келип түштү
21.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Т.Уметалиевадан арыз келип түштү

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1962-жылы 4-апрелде туулган, Өкмөттүк эмес уюмдардын жана коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясынын төрагасы, балдар-өспүрүмдөр “Ай-Данек” редакциясынын башкы редактору, Уметалиева Токтайым Джумаковнадан арыз келип түштү. 2017-жылдын 21-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 30 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу С.Жапаровдон арыз келип түштү
20.07.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу С.Жапаровдон арыз келип түштү

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1968-жылдын 6-декабрда туулган, убактылуу иштебейт - Жапаров Садыр Нургожоевичтен арыз келип түштү. 2017-жылдын 20-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 28 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев,А.Бекназаров, С.Н. Жапаров). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы). БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн каралган талаптар, мөөнөттөр жана жол-жоболор
19.07.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн каралган талаптар, мөөнөттөр жана жол-жоболор

   ЖМКга, шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка катышуучуларына маалымдоонун алкагында, КР БШКнын маалыматтык бөлүмү буларды билдирет: азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү процесси жүрүп жатат, ал шайлоо күнүнө чейин 75 календардык күн калганда (2017-жылдын 1-августуна чейин) аяктайт. 2017-жылдын 19-июлуна карата абал боюнча КР БШКга төмөнкүлөр келип түштү: - Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жарандарынан 27 арыз; - Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиялардын 5 чечими. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 5-пунктуна ылайык шайлоо күнүнө чейин 35 календардык күн калганда, башкача айтканда, 2017-жылдын 10-сентябрына чейин аяктайт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталуу үчүн, шайлоо күнүнө чейин 45 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2017-жылдын 31-августуна чейин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн төмөнкүдөй зарыл документтерди КР БШКга берүү зарыл: 1) өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арыз же болбосо Президенттин кызмат ордуна талапкер болуп добушка коюлууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечиминин протоколу; 2) өмүр баянынын маалыматтарын көрсөтүү менен талапкер жөнүндө маалыматтардын формасы; 3) паспорттун көчүрмөсү; 4) иштеген же окуган жеринен маалымкат; 5) шайлоо күрөөсүн койгондугун ырастаган документ; 6) мамлекеттик тилди билишинин деңгээли жөнүндө сертификат. Ошондой эле Президенттин кызмат ордуна талапкер шайлоочулардын кеминде 30 миң колу менен колдоого алынууга тийиш. Талапкерди колдогон колдорду чогултуу боюнча кол коюу барактарын ыйгарым укуктуу өкүлдөр, шайлоо күнүнөчейин 50 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда, 2017-жылдын 26-августуна чейин КР БШКга тапшырат, ал 10 күндүк мөөнөттүн ичинде каттоо кызматтарынын кызматкерлерин тартуу менен колдордун ишенимдүүлүгүн текшерет.  Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо үчүн берилген шайлоо документтеринин шайкештигин текшергенден кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумдарында кароо жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлерди каттоо жөнүндө чечимди кабыл алуу же каттоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди кабылалуу үчүн документтердин пакетин даярдайт.  Талапкерлерге каттоо датасын көрсөтүү менен күбөлүктөрдү берүүкаттоодон кийин 2 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөт.  Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимдерди КР БШК «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 6,7-пункттарынын негизинде кабыл алат. Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу жана баш тартуунун негиздерин баяндоо менен КР БШКны чечиминин көчүрмөсүн талапкерге же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлгө берүү чечим кабыл алынган учурдан тартып бир сутканын ичинде жүзөгө ашырылат. Президенттин кызмат ордуна талапкер каалаган учурда, бирок добуш берүү күнүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен, шайлоого андан аркы катышуудан баш тартуу жөнүндө КР БШКга жазуу жүзүндөгү арызды берүү менен андан баш тартууга укуктуу. Көрсөтүлгөн арыздын негизинде талапкерди каттаган Борбордук шайлоо комиссиясы талапкердин каттоосун алып салуу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү КР БШКнын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Т.Таласбаева менен Д.Токтосуновадан арыз келип түштү
19.07.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөткөн Т.Таласбаева менен Д.Токтосуновадан арыз келип түштү

    КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын жараны, 1953-жылдын 31-августунда туулган, «Улуу чындык» коомдук фондусунун төрагасы Таласбаева Токтобүбү Тентиевна арыз менен кайрылды. Ошондой эле Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөткөн, Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 13-октябрында туулган, «Дос Береке-1» ЖЧКнын консультанты Токтосунова Дамира Маданбековна арыз менен кайрылган. 2017-жылдын 19-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүнөзү талапкер катары көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 27 жараны (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакируулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, ШерикулуулуМирлан, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова) арыз менен кайрылган. -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлерин көрсөткөн 5 саясий партиянын (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров-«Бүтүн Кыргызстан саясий партиясы”, С.Жээнбеков - «Кыргызстан Социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы) чечими келип түшкөн.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Нарын областынын жергиликтүү кеңешинде кайра шайлоону дайындады жана АШКнын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимдерин бекитти
18.07.2017

КР БШК Нарын областынын жергиликтүү кеңешинде кайра шайлоону дайындады жана АШКнын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимдерин бекитти

КР БШК 20107-жылдын 18-июлундагы жыйынында Нарын областынын Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо айыл өкмөтүнүн башчысын талапкерлерди көрсөтүү менен кайра шайлоону 2017-жылдын 1-августунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүүнү дайындады. 2017-жылдын 18-июлуна дайындалган шайлоо каттоодон өткөн талапкер шайлоого катышуудан баш тарткандыгына байланыштуу өтпөй калган. Ошондой эле Кызыл-Кыя жана Москва аймактык шайлоо комиссиясынын жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон депутаттык мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге берүү чечими бекитилди. Ошентип: - Баткен областынын Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы А.Маткалыков («Кыргызстан» фракциясы) өз арызы менен кызматынан кеткендигине байланыштуу, анын кызматы «Максат» дыйкан чарбасынын механиги А.Турдубаевге («Кыргызстан» фракциясы) өткөрүлүп берилди; - Чүй областынын Москва районунун Александровка айылдык кеңешинин башчысы А.Вонхун өз арызы менен кызматынан кеткендигине байланыштуу, анын кызматы «Сульмане» дыйкан чарбасынын мүчөсү И.Джонвузага өткөрүлүп берилди.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Жээнбеков, А.Малиев жана Т.Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
18.07.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Жээнбеков, А.Малиев жана Т.Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

КР БШКнын 2017-жылдын 18-июлундагы жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С. Жээнбеков, А. Малиев жана Т. Масадыковдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу маселе каралды. Ошентип: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: Ашканбаев Таалайбек Тавалдиевич; Рыскулуева Камила Акматовна; Орунбаева Чурөк Капасовна; Гапонова Наталья Васильевна; Жунусов Советбек Шакирович; Абдуразаков Токтосун Зундинович; Джолборсов Кадырбек; Аттокуров Урмат Төлөгөнович; Джумагулов Токтогул Кадырдинович; Умуралиев Алмазбек Асырбекович; Иманбаев Аскарбек Асангазиевич; Молдогазиева Клара Ашимбековна; Ибраев Осмон Жекшенович; Кулов Нурлан Жетимишбекович; Орозакунов Бактыгул Кеңешович; Жетишикова Гулбара Султановна; Дуйшенов Канат Райымбекович катталды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Малиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: 1. Жусуева Калия Абдималиковна; 2. Айылчиева Анаркул Содобековна; 3. Таятаева Шаршебүбү; 4. Нуржанова Махабат Урустөновна; 5. Ахматов Манасбек Кандаралиевич; 6. Султанходжаев Абдумалик Низамович; 7. Асаналиев Талантбек Акматович; 8. Бейшалиев Дамирбек Калканбекович; 9. Абдуллаева Гульбарчын Бөрубаевна; 10. Асанова Алмагуль Абдыкуловна; 11. Тойчубекова Айгуль Камаловна; 12. Тынтаев Тилекбек Кылычович; 13. Жылчиев Арстанбек Рыскулович; 14. Кыдырмышова Зарылкан Амантуровна; 15. Садыков Абдилашим Эшмаматович; 16. Асанкожоев Нурлан Сапарович; 17. Бакеев Аскарбек Колхозбекович; 18. Джекшеналиев Кадырбек; 19. Кемелов Аслан Аскарович; 20. Салиева Чынара Анарбаевна; 21. Сыдыков Бакыт Ашимович катталды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Масадыковдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: Досназаров Эмил Нооманович; Абакиров Ишенгаз Чокоевич; Какеев Искандер Абитаевич катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.Бекназаровдон арыз келип түштү
17.07.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.Бекназаровдон арыз келип түштү

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1956-жылдын 5-ноябрда туулган, адвокат -  Бекназаров Азимбек Анаркуловичден арыз келип түштү. 2017-жылдын 17-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 25 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров ). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы). БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
17.07.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын кыймылы жөнүндө 2017-жылдын 17-июлуна карата төмөнкү маалыматты жайгаштырат:   Талапкерлер Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Муратбекова З.А. 391 - 391 2 Карасартова Р.Р. 35 400 16 069 19 331 3 Шаршекеева К.Д. 40 000 - 40 000 4 Чороев К.А. 65 480 40 070 25 410 5 Масадыков Т.Ш. 130 000 71 810 58 190 6 Абдылдаев А.Б. 245 000 190 000 55 000 7 Сариев Т.А. 3 000 000 772 735 2 227 265 8 Бабанов Ө.Т. 12 000 000 5 722 789 6 277 211
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер– С.Жээнбеков, Т.Масадыков жана  А.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды
17.07.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер– С.Жээнбеков, Т.Масадыков жана А.Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталды

2017-жылдын 17-июлундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С. Жээнбеков, Т. Масадыков жана А. Малиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо боюнча маселе каралды. Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С. Жээнбековдун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Сатыгул кызы Надира; -Сманбаева Жылдыз Аскарбековна; -Орозбакова Гулмайрам Садыровна; -Голенко Александр Ильич; -Усупбеков Калыс Дамирбекович; -Мендешева Джумагуль Токтоналиевна; -Ибраимов Муратбек Жумабекович; -Бектурганов Сейтбек Осмонкулович; -Алгоджаев Жаныш Эркинбекович; -Мырзалиев Азамат Канатбекович; -Омурбеков Ашымбек Усенбекович; -Досматов Номан Жакыпович; -Мурзалиев Насредин Ташматович; -Назиров Айсалкын Асылбековна; -Гапаров Иса Миталипович; -Жусупов Зарылбек Мураталиевич; -Джулдибаев Азамат Тухтаевич; -Камчыбеков Эркинбек Нарынбекович; -Коккозов Айбек Макулбекович; -Иманалиев Канатбек Эркинович; -Осмонкулов Рыскул Биримкулович; -Касымов Азиз Азимович; -Кадырбаев Бактияр Иличович; -Жамантаев Зикирали; -Амирбеков Акматали Жапарович; -Таалайбек уулу Акылбек; -Байсынов Жаныбек Жаманакович; -Рахатбек кызы Гулназира; -Элетенов Казыбек Мусакунович; -Жумакадыров Алмасбек Маамытович; -Таштанбеков Эргазы Сагалиевич; -Желденова Жанылкан Туганбаевна; -Эрназаров Жениш Нуркалилович; -Жолдошов Нургазы Сеитмаматович; -Жусуев Ильясбек Маликович; -Колдаров Раушанбек Абдимиталипович; -Апсаматов Абдумалик Рысбекович; -Тураббаев Юсуфбек Абдусаламович; -Сулайманов Болотбек; -Эшназаров Махамадали Адылбекович; -Дыйканбаев Миралы; -Нышанов Кубанычбек Калдарович; -Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүл-Сатыгул кызы Надира катталды. 2. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т. Масадыковдун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Нышаналиев Саламбек; -Калчаева Айнагул Дуйшембиевна; -Усувалиев Алмаз Кадыркулович; -Алымкулов Сагымбек Шаршенович; -Мергенов Максутбек Бурканович; -Заффаров Курустанбек Аскарбекович; -Эрмегалиев Аскер Токтосунович; -Истанов Юруслан Истанович катталды. 3. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Малиевдин  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Айдосов Айболот Абдурахманович; -Сагынбеков Бектурган Сагынбекович; -Каржы маселелери боюнча ыйгарымдуу өкүл катары-Нонкина Лариса Викторовна катталды.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү  органдарына (жергиликтүү кеңештерге)  КАЙРЫЛУУСУ
17.07.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссиялардын (мындан ары-АШК) резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. АШКлардын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өз макулдугун, шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоодо катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл. Көрсөтүп жаткан субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш. АШКлардын резервдерине шайлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду, жыйналыштын  төрагасы жана катчысы өз колдору менен күбөлөндүрүшү керек. Протоколго, алардын колу коюлган, жашаган жерин көрсөтүлгөн жыйналыштын катышууларынын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: -талапкердин АШКнын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; -паспортунун көчүрмөсү; -иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, өмүр баянынын таржымалы); -байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору (үй, уюлдук, электрондук дарек). АШКлардын резервдерине шайлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 1-августу  саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. АШКлардын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 1-августу саат 18.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: (0312) 66 01 16, www.shailoo.gov.kg. Тиркеме
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.К. Малиевден арыз келип түштү
16.07.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.К. Малиевден арыз келип түштү

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1957-жылдын 8-октябрында туулган, чет өлкөлөр менен достук жана кызматташтык кыргыз коомдорунун бирлигинин президенти жана "Аалам" саясий партиясынын лидери Малиев Арсланбек Касымакуновичтен арыз келип түштү. 2017-жылдын 16-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 24 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев ). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы). БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга С.Ш. Жээнбековду  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары  көрсөткөн  Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын чечими келип түштү
15.07.2017

КР БШКга С.Ш. Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын чечими келип түштү

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын 2017-жылдын 15-июлундагы  чечими менен, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына С.Ш.Жээнбековду талапкер катары  көрсөткөн чечими келип түштү. 2017-жылдын 15-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары  Кыргыз Республикасынын  23 жараны тарабынан  өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы). БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Шерикул уулу Мирландан арыз келип түштү
15.07.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Шерикул уулу Мирландан арыз келип түштү

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары,  Кыргыз Республикасынын жараны, 1971-жылдын 7-июнунда туулган  Шеркул  уулу Мирлан арыз менен кайрылды. 2017-жылдын 15-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөтүүгө арыз берген, Кыргыз Республикасынын жарандарынын  саны  23кө жетти. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т. Масадыков, Ө. Бабанов, Р. Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З. Муратбекова, С. Энназаров, С. Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К. Чороев, А. Сартаев, К. Бешбаков, И. Трофимов, М. Жумабеков, У. Кочкоров, Н. Мамедов, Р. Джунусов, Шерикул  уулу Мирлан). -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардан 4 чечим келип түшкөн. (Т.Сариев -  «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев-«Өнүгүү-Прогресс» саясий  партиясы, Турсунбек Акун –«Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров -  «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан). КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Ош жана Нарын областарында жаңы шайлоо участкалары түзүлдү
14.07.2017

КР БШК: Ош жана Нарын областарында жаңы шайлоо участкалары түзүлдү

Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, аймактык шайлоо комиссияларынын, жашоочулардын кайрылууларынын негизинде жана  шайлоочуларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында Ош облусунун Өзгөн районунун Он беш жаш айылынын аймагына (№5566), Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айыл аймагына (№4170), Кочкор районунун Кочкор айыл аймагына (№4169) жаңы шайлоо участкаларын түзүү чечими кабыл алынды.  КР БШК тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына кайрадан түзүлгөн шайлоо участкаларынын  участкалык шайлоо комисссияларынын тутумун жана резервин түзүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.    КР БШК аппаратынын маалыматтык  бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Ош жана Баткен облустарынын айрым АШКларынын  тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
14.07.2017

КР БШК: Ош жана Баткен облустарынын айрым АШКларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

КР БШКнын  2017-жылдын 14-июлундагы  жыйынында Ош жана Баткен облусунун тийиштүү аймактык комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде айрым АШКларынын  тутумуна жана резервине   өзгөртүүлөр киргизилди.  Ошентип: - Ош облусунун Алай аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан “Туран” саясий партиясынан Бегматова Фариада Кочкоровна жана “Республика” саясий партиясынан Шайырбек уулу Руслан чыгарылды.   - Сүлүктү аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлчүлүгүнөн Полотова Гүлдаргүл Ганыевна, Махмутов Кумарбек Исмаилович, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлчүлүгүнөн Гайбекова Урумкан Исмаиловна, Кадирова Елена Ягафаровна жана Бекаева Зылалай Азамкуловна чыгарылды. КР БШК  аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду
14.07.2017

КР БШК: Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду

КР  БШКнын 2017-жылдын 14-июлундагы жыйынында  Бакай-Ата, Аксы жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн  мурда  токтотуу  тууралуу  жана  жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бошогон мандаттарын кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечим  бекитилди.   Ошентип: -Бакай-Ата жергиликтүү кеңешинин депутаты Бакеев Байсеит Дастемкуловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду, анын ыйгарым укуктары  “Эрешов Сооронкул” дыйкан чарбасынын  жетекчиси Төлөшов Данияр Шабдановичке;   -Аксы жергиликтүү кеңешинин депутаты Аманбаев Рахматилла Тажимырзаевичтин  берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду, анын ыйгарым укуктары “Келечек ХХ1 кылым” №13-бала бакчасынын тарбиячысы Сапарова Азиза Жолчуевнага;   -Ысык-Ата жергиликтүү кеңешинин депутаты Молдобаев Мирбек Жумашевичтин  берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду анын ыйгарым укуктары “НБТ” ЧНТ ЖЧКнын кызматкери Насыров Абдирахимжан Уморджановичке берилди.”  КР БШК аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
1 … 416 418 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти