Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Энназаров, А.Сартаев жана  Турсунбек Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоодон өттү
11.07.2017

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Энназаров, А.Сартаев жана  Турсунбек Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү каттоодон өттү

2017-жылдын 10-июлунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер С.Энназаров, А.Сартаев жана  Турсунбек  Акундун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттоодон өткөрүү маселеси каралды. Ошентип: -  Талапкер С.Энназаровдун каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп   «2017-жылдын январындагы Y-PEER  тең окутуу Жаштар желеси» Коомдук бирикмесинин Координациялык кеңешинин мүчөсү Салохидинова Гульнара Махмадвалиевна  катталды; -  А.Сартаевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп «Долор» коомдук фондусунун директору Гончаров Вячеслав Владимирович  катталды; -  Президенттин кызматына талапкер Турсунбек Акундун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, убактылуу жумушсуз Тыналиева Гүлүмкан Касымовна жана  каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп убактылуу иштебеген  Бабаназаров Уланбек Жолдошович катталды. Жыйында ошондой эле  2017-жылдын 3-5- жана 6-июлунда  Көк-Жаңгак шаардык кеңешинде, Бүлөлү айылдык кеңешинде, Торкен айылдык кеңешинде, Кара-Суу айылдык кеңешинде жана Кызыл-Туу айылдык кеңешиндеги жергиликтүү кеңештердин аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун  натыйжаларын жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдор бекитилди. КР БШКнын  аппаратынын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.А.Сартаевден арыз келип түштү
10.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу А.А.Сартаевден арыз келип түштү

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1955-жылы 30-январда туулган, пенсионер Сартаев Анвар Айдаровичтен арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 10-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -16 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р. Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев). -3 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер катары Турсунбек Акунду көрсөткөн «Адам укугу» саясий партиясынын чечими келип түштү
09.07.2017

КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер катары Турсунбек Акунду көрсөткөн «Адам укугу» саясий партиясынын чечими келип түштү

2017-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Турсунбек Акунду талапкерликке көрсөткөн «Адам укугу» саясий партиясынын чечими келип түшкөн. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 8-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: - 15 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р. Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев). - 3 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам Укугу» саясий партиясы ). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучуларынын   арыз жана даттанууларын өз убагында жана ачык айкын карап чыгууну камсыз кылуу максатында  аны карап чыгуунун  тартиби бекитилди
09.07.2017

КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучуларынын   арыз жана даттанууларын өз убагында жана ачык айкын карап чыгууну камсыз кылуу максатында  аны карап чыгуунун  тартиби бекитилди

2017-жылдын 7-июлунда КР БШК «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону (мындан ары-Жобо) бекитти. Жобо Европа Кеңешинин Венециан комиссиясынын эксперттеринин жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн  сунуштарын  эске алуу менен кабыл алынды. Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүнүн бардык деңгээлинде  шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо процессиинин катышуучуларынын арыз жана даттанууларын  кароо тартиби  аталган Жобо менен жөнгө салынат. Ошондой эле Жобо арыздардын (даттануулар) формасынын үлгүсүн, электрондук тарипте берүүнүн жана арыз (даттануу) берүүнүн мөөнөттөрү, документтерди кароонун мөөнөттөрү, ошондой эле далилдүү жазуунун тартибин карайт жана Борбордук шайлоо комиссияларынын арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча чечим жана токтомдордун жыйынтыгын чыгарат. КР БШК өзүнүн  shailoo.gov.kg расмий сайтында шайлоо  комиссияларына түшкөн кайрылуулар тууралуу маалыматтар милдеттүү түрдө жарыялана турган  арыз жана даттануулар менен иштөөнүн автоматтык режимин ишке ашырды. Бул болсо бардык деңгээлдеги  шайлоо кампаниялары учурунда   шайлоо системасынынын ачык- айкын  иштөөсүн камсыз кылат. Ар бир арыз берүүчү өзүнүн билдирүүсү кандай даражада каралып жаткандыгын  ведомствонун сайтынын түз эфиринде байкай алат. Арыз жана даттануулар боюнча кабыл алынган чечимдер КР БШКнын интернет сайтынын электрондук реестрине жайгаштырылат: https://shailoo.gov.kg/ru/claim/registry/1/  Бул жерден арыз  же  кайрылуулардын жүрүшүнө  көз салып, кабыл алынган чечимдер менен таанышууга  болот. Ушул шилтеме боюнча: https://shailoo.gov.kg/ru/claim/registry/1/  билдирүү же арызды “Кайрылуу жөнөтүү” деген бөлүмгө калтырыңыз. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык кызматы
Кененирээк билүү >>
​​​​​​​КР БШК  аккредитациянын жыйынтыгын чыгарды: 258 ЖМК жана интернет-басылма аккредитациядан өттү
08.07.2017

​​​​​​​КР БШК  аккредитациянын жыйынтыгын чыгарды: 258 ЖМК жана интернет-басылма аккредитациядан өттү

2017-жылдын 7-июлунда КР БШК  Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы  үгүткө катыша турган жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрүү ишинин жыйынтыгын чыгарды. 2017-жылдын 4-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууга ЖМКлар жана интернет-басылмалардан 260 билдирүү түшкөн. Алардын ичинен 258и аккредитациядан өттү: - 55 телевидение; - 31 радио; - 114 газет-журналдар; - 58 интернет-басылмалар. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүмүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу 20 календардык күндөн кечиктирбестен аккредитациядан өтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүткө катышууну каалаган ЖМК жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 4-июлунда саат 18:00до аяктаган. Эки билдирүүчүгө: ЖЧК «Жигер», КРнын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22- беренесинин 15-жана 16-бөлүгүнө ылайык, ЖЧК «Нур-Пресс» - КРнын БШКнын 2017-жылдын 17-июнундагы №152-токтому менен бекитилген КРнын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча КР БШКнын жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо тууралуу Жобонун 6-пунктунун негизинде аккредитациядан баш тартылды.  КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КР БШК Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындады
07.07.2017

КР БШК Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындады

2017-жылдын 7-июлундагы КР БШКнын жыйынында  Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин кайра шайлоо боюнча чечим кабыл алынды.  2017-жылдын 6-июлундагы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калган.  Ушуга байланыштуу мурунку катталган талапкерлер боюнча кайра шайлоону 2017-жылдын 21-июлунда  саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү  дайындалды.  Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кайра шайлоону өткөрүү Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу К.А.Чороевден арыз келип түштү
07.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу К.А.Чороевден арыз келип түштү

2017-жылдын 7-июлунда БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1981-жылы 29-сентябрда туулган “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФнын Башкаруунун төрагасы Чороев Кубан Аманбековичтен арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 7-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -15 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р. Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев). -2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы  үгүткө катышууну   каалаган  34 жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды   аккредитациядан өткөрдү
06.07.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган 34 жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган, жана КР БШКга тиешелүү документтерди тапшырган 34 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү. Алардын ичинен: -11 телевидение; -5 радио; -13 газет-журнал; -5 интернет-басылма. Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүмүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу 20 календардык күндөн кечиктирбестен аккредитациядан өтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүткө катышууну каалаган ЖМК жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 4-июлунда саат 18:00до аяктаган. 2017-жылдын 7-июлуна чейин ЖМКлар жана интернет-басылмалардан мурун (14-июндан 4-июлга чейин) кабыл алынган документтерди толуктоо иштери жүргүзүлөт. 2017-жылдын 5-июлуна карата 136сы аккредитациядан өттү. Негизинен 14-июндан 4-июлга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына ЖМК жана интернет-басылмалардан 254 кайрылуу түшкөн, алардын ичинен: -195и документтерин толук берген; -59нун документтери толукталууда. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу М.Ш. Чолпонбаевден арыз келип түштү
05.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу М.Ш. Чолпонбаевден арыз келип түштү

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу М.Ш. Чолпонбаевден арыз келип түштү 2017-жылдын 5-июлунда БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, “Мукар жана профи” адвокаттык коллегиясынын адвокаты Чолпонбаев Мукар Шалтаковичтен арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 5-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -14 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов,Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев). -2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын үч жаранынан арыз келип түштү
03.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын үч жаранынан арыз келип түштү

2017-жылдын 3-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1955-жылдын 27-мартында туулган, пенсионер Муратбекова Замира Абдыкеримовнадан КР БШКга арыз келип түштү. Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1975-жылдын 9-июнунда туулган, убактылуу жумушсуз Энназаров Санжарбек Арзыкулович КР БШКга арыз менен кайрылды. Жогорудагыдан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1961-жылдын 22-апрелинде туулган, «Сүймөнкул Чокморов» коомдук фондунун төрагасы Абдрахманов Сагынбек Уметалиевичтен КР БШКга арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 3-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -13 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов). -2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы). КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 61 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү
02.07.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 61 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын 61 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрдү. Алардын ичинен: - 14 телекөрсөтүү; - 7 радио; - 21 гезит-журнал; - 19 интернет-басылмалар. Учурда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерине катыша турган ЖМКлар жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алууну улантууда. Документтер 2017-жылдын 4-июлуна чейин кабыл алынат. Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды коштомо кат менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө тийиш. Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүү менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди бериши керек: - эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар; - жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; - жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу (интернет-басылмалар үчүн) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; - жалпыга маалымдоо каражаттын уставынын көчүрмөсү (бар болсо). Документтер Бишкек ш., Раззаков көч. 59, 210-каб. кабыл алынат (документтерди камсыздоо бөлүмү). Сурап билүү телефондору: Маалыматтык бөлүм: +(996 312) 66-54-52 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 66 01 43 Документтерди камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 62 08 23 КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Ө.Т. Бабановдон арыз келип түштү
01.07.2017

БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Ө.Т. Бабановдон арыз келип түштү

2017-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1970-жылдын 20-майында туулган, Кыргыз Республикасынын депутаты Өмурбек Токтогулович Бабановдон КР БШКга арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 1-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: - 9 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн. - 2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы  үгүткө катышууну каалаган   КРнын 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын  аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды
30.06.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган КРнын 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды

2017-жылдын 27-июнунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы  үгүткө катышууну каалаган   Кыргыз Республикасынын 41 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын  аккредитациядан өткөрүү тууралуу токтом кабыл алды.   Алардын ичинен: - 16 телекөрсөтүү; - 10 радио; - 10 гезит-журнал; - 5 интернет-басылмалар.  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча конституциялык Мыйзамынын” 22-беренесинин 20-пунктуна ылайык, бул маалыматтар КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  расмий сайтына жайгаштырылат.  Төмөндө КРнын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары  эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтар  БШК тарабынан аккредитациядан өткөн жалпыга маалымдоо каражаттарда жарыялоонун  шарттары көрсөтүлөт:  1. КР БШКнын 2017-жылдын 27-июнундагы №179-токтомунун №1-тиркемесине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарында басма бетин, сунуш кылынган эфирдик убакыттын шарттары жана акысы жөнүндө; 2. КР БШКнын 2017-жылдын 27-июнундагы №179-токтомунун №2-тиркемесине ылайык интернет-басылмаларында сунуш кылынган жарыялоо укугунун шарттары жана акылары жөнүндө.   Азыркы убакта КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүт иштерине катыша турган ЖМКлар жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алууну улантууда. Документтер 2017-жылдын 4-июлуна чейин кабыл алынат.  Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы  үгүткө катышууну каалаган Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары  эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жөнүндө маалыматтарды  коштомо кат менен  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына  2017-жылдын 4-июлуна чейин берүүгө тийиш.  Аккредитациялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттар жана интернет-басылмалар билдирүү менен бирге Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди бериши керек: -эфирдик убакыттын, басылма аянттын же интернет басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар; -жалпыга маалымдоо каражаттарын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн; -жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) же жеке ишкердин мамлекеттик каттоосу (интернет-басылмалар үчүн)  жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү; -жалпыга маалымдоо каражаттын уставынын көчүрмөсү (бар болсо). Документтер Бишкек шаарындагы Раззаков, 59 көчөсүндөгү имараттын 210-кабинетинде  кабыл алынат (документтерди камсыздоо бөлүмү). Сурап билүү  телефондору: Маалыматтык бөлүм: +(996 312) 66-54-52 Маалыматтык камсыздоо бөлүмү: +(996 312) 66 01 43 КР БШКнын документтерди камсыздоо бөлүмү:  +(996 312) 62 08 23 КР БШК аппаратынын  маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Т.Ш. Масадыковдон арыз келип түштү
29.06.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Т.Ш. Масадыковдон арыз келип түштү

2017-жылдын 29-июнунда  Кыргыз Республикасынын Президентине талапкерликке  өзүн өзү көрсөткөн  Кыргыз  Республикасынын жараны, 1961-жылдын 29-январында  туулган,  “Дүйнөнүн Генералдары-Тынчтык үчүн" Эл аралык ассоциациясы" коомдук бирикмесинин эл аралык байланыштар боюнча консультанты Масадыков Таалатбек Шамудиновичтен арыз келип түштү. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-июнуна карата  Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 9 жаранына арыз келип түшкөн. -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өз талапкерлерин көрсөткөн 2 саясий партиянын  чечим келип түшкөн. КР БШК аппаратынын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
29.06.2017

-

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКга КР Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн, убактылуу жумушсуз Турсунбай Бакир уулунан арыз жана КР Президенти кызматына талапкер катары Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түштү
29.06.2017

КР БШКга КР Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн, убактылуу жумушсуз Турсунбай Бакир уулунан арыз жана КР Президенти кызматына талапкер катары Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түштү

2017-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын жараны, 1958-жылдын 17-мартында туулган Турсунбай Бакир уулу арыз менен кайрылган. Ошондой эле, 2017-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке Б.Э. Төрөбаевди көрсөткөн ”Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын чечими келип түшкөн. Эске сала кетсек, 2017-жылдын 29-июнуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына: -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн Кыргыз Республикасынын 8 жаранынан; -Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин көрсөткөн 2 саясий партиядан чечим түшкөн. КР БШК аппаратынын маалымат кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 418 420 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти