КР БШК 2017-жылдын 15-октябрында дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата эки коомдук байкоочуну аккредитациядан өткөрдү
13 июля 2017
Борбордук шайлоо комиссиясы “Адилет” “Укук клиникасы” Коомдук фондусунун жана “Гражданская Платформа” Коомдук фондусунун ишенимдүү өкүлдөрү Жандаев Эмил Жолдошбекович жана Атабаева Мадина Орынтаеваны аккредитациядан өткөрдү.
Алар 2017-жылы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоого даярдыктын жүрүшү, добуш берүүнүн өтүшү, добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын аныктоого байкоочу катары катышмакчы.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
