Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облусундагы айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды

11 июля 2017

2017-жылдын 11-июлундагы  КР БШКнын  жыйынында  Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөт, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 25-июлунда  саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.

Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун  Оргочор айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 31-июлунда саат 9-00дон 12-00гө дейре өткөрүү дайындалды.

Мурунку айыл өкмөт башчысы Т.Касмалиев берген арызына байланыштуу  Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү