Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

14 июля 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлундагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын 2017-жылдын 31-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин шайлоо дайындалды.

Мындай чечим Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын  2017-жылдын 6-июлундагы №54-буйругу менен Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Касмалиев өз ыктыяры менен берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин кабыл алынган.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү