КР БШК: Айрым аймактык шайлоо комиссияларындагы шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди
14 июля 2017
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июлундагы жыйынында 2017-жылдын 5,6,7,10,11-июлунда Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоо тууралуу протоколдору бекитилди.
Ошентип:
-Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын мэри болуп Бегалиев Бакытбек Турдалиевич;
-Чүй облусунун Москва районунун Төлөк айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Маматов Эвертбек Эмилбекович;
-Чүй облусунун Жайыл районунун Красновосток айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алыбаев Эрнисбек Мадылбекович;
-Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Сырдыбаев Урмат Кулматович;
-Чүй облусунун Жайыл районунун Полтавка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Керимов Висид Кенешевич;
-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Алымов Манас Кадырович;
-Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Эсенгелдиев Бакыт Камалидинович таанылды.
Мындан тышкары Чүй облусунун Кемин районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо мурун катталган талапкерлер менен 2017-жылдын 28-июлунда саат 9-00дөн-02-00гө чейин өткөрүү дайындалды. Бул чечим 2017-жылдын 14-июлунда өткөн кайра шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калгандыгына байланыштуу кабыл алынган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
