Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Р.Ремнев менен Ө.Бабановдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту
09.08.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер Р.Ремнев менен Ө.Бабановдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту

2017-жылдын 9-августундагы КР БШК жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р. Ремнев менен Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу чечим  кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Ремневди каттоодон баш тартууга байланыштуу анын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Эшимбекованын жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү В.Фальконун ыйгарым укуктары токтотулду. КРнын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун 2017-жылдын 8-августунда ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу арызынын негизинде 171 өкүлдүн ыйгарым укуктары токтотулду. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Бекназаров, У.Кочкоров, жана А. Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттады
09.08.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Бекназаров, У.Кочкоров, жана А. Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

КР БШКнын 2017-жылдын 9-августундагы жыйынында Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Бекназаров, У.Кочкоров жана А. Келдибековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттоо тууралуу токтом кабыл алынды. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун  шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Матазов Эркин Абдылдаевич; -Моминов Бегижон Мамадзакирович; -Момоканов Азамат Орусбаевич  катталды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер У.Кочкоровдун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Райымкул уулу Касымбек; -Асанов Самаган Алитороевич; -Эгембердиев Талантбек Мураталиевич; -Мамыр уулу Алмазбек; -Убрагимов Абдирасул Токтоназарович; -Турумбеков Курманбек Абдыкасымович; -Джантаев Калмамат Арапбаевич катталды. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Келдибековдун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп: -Талиева Камила Абдыразаковна; -Нарматова  Надира Азимовна катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы (Инфографика)
09.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы (Инфографика)

Кыргыз Республикасынын  шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын  Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун  Кыргыз Республикасынын  Президентин  шайлоого  катышкан  талапкерлердин  жана  жарандардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын  2017-жылдын 8-августуна карата  чыгымдалышы тууралуу маалыматы.
Кененирээк билүү >>
-
08.08.2017

-

-
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү  органдарына (жергиликтүү кеңештерге)  КАЙРЫЛУУСУ
08.08.2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жарандарга, саясий партияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарына (жергиликтүү кеңештерге) КАЙРЫЛУУСУ

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы аймактык шайлоо комиссиялардын (мындан ары-АШК) резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт. АШКлардын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын өз макулдугун, шайлоо өнөктүктөрүнө, коомдук жашоодо катышуу тажрыйбасын, кесиптик жана жеке сапаттарын эске алуу зарыл. Көрсөтүп жаткан субъекттер шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калктуу конуштун аймагында жашоого тийиш. АШКлардын резервдерине найлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдорду, жыйналыштын  төрагасы жана катчысы өз колдору менен күбөлөндүрүшү керек. Протоколго, алардын колу коюлган, жашаган жерин көрсөтүлгөн жыйналыштын катышууларынын тизмеси тиркелүүгө тийиш. Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет: -талапкердин АШКнын курамында иштөөгө макулдугу жөнүндө арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси; -паспортунун көчүрмөсү; -иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянынын маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы, өмүр баянынын таржымалы); -байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефондору    (үй, уюлдук, электрондук дарек). АШКлардын резервдерине шайлоочулардын жыйналыштарынан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 30-августу  саат 18.00гө чейин тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. АШКлардын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2017-жылдын 30-августу саат 18.00гө чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды төмөнкү телефондор аркылуу алсаңыздар болот: (0312) 66 01 16 www.shailoo.gov.kg.
Кененирээк билүү >>
Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы  өттү
08.08.2017

Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү

2017-жылдын 7-августунда  Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.  Биринчи сессиянын ишине 30 депутат катышты, бул көпчүлүктү түзөт.  Күн тартибинде кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Төрагалык кызматка “Эл Аман” саясий партиясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана “Мекеним  Кыргызстан” саясий партиясынан Азимкул Боронбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.  Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Азимкул Боронбаев 18 добуш алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесининин 3-пунктуна ылайык, кеңештин сессиясына депутаттардын  жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, кеңештин төрагасын шайлоо өттү деп эсептелет.  Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы  мурун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо кворумдун жоктугунан  эки жолу үзгүлтүккө учураган, ошого байланыштуу 2017-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен (ПЖ №74) 2017-жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөндүгүн эске салат.  Эми Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын  2017-жылдын 7-августундагы  №336 токтомунун негизинде Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 25-августуна дайындалды.  2017-жылдын 7-августунда  Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.  Биринчи сессиянын ишине 30 депутат катышты, бул көпчүлүктү түзөт.  Күн тартибинде кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Төрагалык кызматка “Эл аман” саясий партиясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана “Мекеним  Кыргызстан” саясий партиясынан Азимкул Боронбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.  Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Азимкул Боронбаев 18 добуш алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесининин 3-пунктуна ылайык, кеңештин сессиясына депутаттардын  жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, кеңештин төрагасын шайлоо өттү деп эсептелет.  Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы  мурун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо кворумдун жоктугунан  эки жолу үзгүлтүккө учураган, ошого байланыштуу 2017-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен (ПЖ №74) 2017-жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөндүгүн эске салат.  Эми Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын  2017-жылдын 7-августундагы  №336 токтомунун негизинде Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 25-августуна дайындалды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына М.К. Кадыралиеваны каттоодон баш тартты
07.08.2017

БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына М.К. Кадыралиеваны каттоодон баш тартты

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.К. Кадыралиева Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзө алган эмес.  Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 7-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы М.К. Кадыралиеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 1-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Сартаев Анвара Айдаровичтен талапкерлигин алып салуу  тууралуу арыз түшкөн
07.08.2017

2017-жылдын 1-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Сартаев Анвара Айдаровичтен талапкерлигин алып салуу тууралуу арыз түшкөн

КР БШКнын  жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Сартаевдин   талапкерлигин  алып  салуу  арызы  боюнча  маселе каралды. КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, А. Сартаевдин арызын канааттандырып, документтерин кайтарып берүү тууралуу чечим кабыл алды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 2-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Мамедов Нусрет Муса-Оглынан талапкерлигин алып салуу  тууралуу арыз түшкөн
07.08.2017

2017-жылдын 2-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Мамедов Нусрет Муса-Оглынан талапкерлигин алып салуу тууралуу арыз түшкөн

КР БШКнын  жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Н.Мамедовдун   талапкерлигин алып салуу   арызы боюнча маселе каралды. КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, Н.Мамедовдун арызын канааттандырып, документтерин кайтарып берүү тууралуу чечим кабыл алды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Респрубликасынын Президенти кызматына К.А. Токтобаевди каттоодон баш тартты
07.08.2017

БШК Кыргыз Респрубликасынын Президенти кызматына К.А. Токтобаевди каттоодон баш тартты

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.А. Токтобаев Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзө алган эмес. Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 7-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.А. Токтобаевди  талапкер катары каттоодон баш тартты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Т. Айманбаевди каттоодон баш тартты
07.08.2017

БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Т. Айманбаевди каттоодон баш тартты

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Т.Айманбаев Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзө алган эмес.  Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 7-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Т. Айманбаевди талапкер катары каттоодон баш тартты. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселелерди  карады
07.08.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселелерди карады

2017-жылдын 7-августунда  КР БШКнын жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселелерди карап,  токтом кабыл алды.  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Н.Мамедов жана А.Сартаевдан  2017-жылдын 1-августунда  өздөрүнүн  талапкерлигин  алып салуу боюнча  Кыргыз Республикасынын  Борбордук шайлоо  комиссиясына  берген арыздарын  канааттандыруу  тууралуу чечим кабыл алынды. Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары арыздарын берген М.К.Кыдыралиева, М.Т.Айманбаев жана К.А. Токтобаева өздөрү көрсөтүлгөн күндөн баштап  5 календардык күндүн ичинде   шайлоо фондусун түзө албай  калгандыгына байланыштуу аларды каттоодон баш тартылды. Ошондой эле жыйында Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  жаш курагы  жетпегендигине байланыштуу   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Р.П.Ремневди талапкер катары каттоодон  баш тартылды. 2017-жылдын 8-августундагы маалыматка караганда  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин саны 52 болду.
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын  резервине өзгөртүүлөр  киргизилди
07.08.2017

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын  резервине өзгөртүүлөр  киргизилди

2017-жылдын  7-августунда  КР БШКнын  жыйынында айрым аймактык шайлоо комиссияларынын  резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу токтом кабыл алынды.    2017-жылдын 17-июлунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы, аймактык шайлоо комиссиясынын резервин толуктоо максатында    саясий партияларга, коомдук бирикмелерге жана өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына (жергиликтүү кеңеш)  аймактык шайлоо комиссиясынын резервине талапкерлерди көрсөтүү тууралуу кайрылган. Саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан керектүү документтердин топтому 2017-жылдын 1-августунда саат 18-00гө чейин кабыл алынган. Кайрылуунун негизинде төмөндөгү саясий партиялардан  бардыгы болуп 44 протокол келип түшкөн: “Акшумкар” саясий партиясы  – 21 протокол; “КСДП” саясий партиясы – 15 протокол;  “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы– 2;  “Туран” саясий партиясы – 2;  “Республика – Ата Журт” саясий партиясы – 1;  “Кыргызстан”саясий партиясы – 1;  “Өнүгүү-Прогресс” – 1; “Кыргызстан коммунисттик партиясы” саясий партиясы-1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун  өкүлчүлүктүү органынан  бардыгы болуп 23 өздүк иш келип түшкөн. Документтерди  текшерүүдөн  кийин , саясий партиялардын өкүлдөрү жана жергиликтүү кеңештердин органдары төмөндөгүдөй бөлүштүрүлдү: Жалал-Абад облусу боюнча  резервге кийирилген талапкерлер, Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы: -Досбаева Санабар Кубатбековна  “Кыргызстан” саясий партиясы; -Абдурасулов Сталбек Токтомуратович  “Туран” саясий партиясы; -Карабаева Мира Абдулазизовна “Бүтүн  Кыргызстан” саясий партиясы; -Батыралиева Чинара Аназаровна  “Акшумкар” саясий партиясы. Кара-Көл аймактык шайлоо комиссиясы: -Абдыкаимова Кенжекүл Текеевна “Акшумкар” саясий партиясы. Чаткал  аймактык шайлоо  комиссиясы: -Рысбеков Улан Акжолович “Кыргызстан  социал-демократиялык  партиясы ” саясий  партиясы. Токтогул  аймактык шайлоо  комиссиясы: -Мамытов Балагас Калыбекович   “Бүтүн Кыргызстан” саясий  партиясы; -Маматсаев Маратбек Эдилбекович “Акшумкар” саясий партиясы; -Өзүбекова Тоюнбү Акжоловна  “Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы” саясий  партиясы; -Жамакеев Табылды Мамытович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -Танкузиев Сейитбек Халмирзаевич жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; -Жапаров Болотбек Эркинбаевич  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы; Тогуз-Торо  аймактык  шайлоо  комиссиясы: -Мейманова Уулбек Муханбетовна  “Акшумкар” саясий партиясы; Ноокен аймактык шайлоо комиссиясы: -Мырзаев Ырысбек Анарбаевич  “Акшумкар” саясий партиясы. Ысык-Көл облусу боюнча  резервге  кийирилген  талапкерлер, Ак-Суу  аймактык шайлоо   комиссиясы: Мамытканов Дастан Усөнович “Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы” саясий партия; Түп  аймактык шайлоо комиссиясы:   -Курманова Турсунбюбю Асанкановна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Акматалиев Азамат Мамирасулович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;  -Болжурова Салтанат Мукановна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Жанбосунова Мээрим Жанбосуновна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Кыштобаев Бектемир Аскерович  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Сапаева Гүлшайыр Шаршебаевна  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Асыпбаева Майрамкүл Экеновна  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Борбодоев Бактыбай Турарович жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; Нарын облусу боюнча  резервге кийирилген талапкерлер. Нарын  шаардык аймактык шайлоо комиссиясы: Абдылдаев Алмазбек Амантурович  “Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы” саясий партиясы. Ак-Талаа  аймактык шайлоо  комиссиясы: -Алымбаева Райымбүбү Чырбашевна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;  -Мамытбеков Нуркерим Дүйшөнбекович  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Абдиев Тойгонбай жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;  -Абдыкеримов Максатбек Мукамбеткалиевич  жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү  органынан;   Ат-Башы  аймактык шайлоо  комиссиясы: Дүйшөбаев Шаршеналы “Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы” саясий  партиясы. Ош облусу боюнча резервге киргизилген  талапкерлер, Чон-Алай  аймактык шайлоо комиссиясы: -Тажиев Нурали Жалалович  “Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы” саясий партиясы. Кара-Кулжа  аймактык шайлоо  комиссиясы: -Жапаркулова Зумураткан Абдилазизовна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Асилбек уулу Жыргалбек жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;  -Таиров Канатбек Абибилаевич жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; Талас  облусу Бакай-Ата  аймактык шайлоо   комиссиясы: -Осмон уулу Нуржан “Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы ” саясий партиясы Чүй облусу Аламүдүн  аймактык  шайлоо комиссиясы: -Исакунова Төлөгүл  Жеңишовна жергиликтүү өз алдынча  башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан; -Мамытмусаева Атыркул Омошовна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;  -Мамасадыкова Гульмира Абдыкапаровна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;   Жайыл  шайлоо  комиссиясы: -Жумадылова Аида Асанбековна   «Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы» саясий партиясы. Москва  аймактык шайлоо комиссиясы:   -Тазабекова  Бурул  Турмушовна   «Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы». Панфилов  аймактык шайлоо комиссиясы: -Темиралиев Адилет Өмүрбекович «Акшумкар” саясий партиясы. Ысык-Ата  аймактык  шайлоо комиссиясы: -Турсуналиева Махабат Каныбековна  «Өнүгүү-Прогресс» саясий партясы; -Алымкулов Улан Абдырашитович “Туран” саясий партиясы; -Эралканова Эльмира Сатаровна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;   -Алмазбекова Жыпар Алмазбековна жергиликтүү өз алдынча башкаруунун  өкүлчүлүктүү органынан;    Чүй аймактык шайлоо комиссиясы   -Макешев  Курманбек «Кыргызстан социал-демократиялык  партиясы» саясий партиясы. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарынын  аймагында кошумча шайлоо участкалары түзүлдү
07.08.2017

Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участкалары түзүлдү

2017-жылдын 7-августунда  КР БШКнын жыйынында  Бишкек шаарынын аймагында  кошумча  шайлоо участкаларын түзүү тууралуу  токтом кабыл алынды. Борбор шаарында: - Ленин районунун аймагында  – 1; - Биринчи май районунун аймагында – 4; - Свердлов районунун аймагында  – 1  шайлоо участкасы ачылды. Эске салсак, мурун  Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участкалар ачылган болчу. Кошумча  шайлоо участкалары шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда гана түзүлүп,  иштейт. Чечим “Ак-Ордо”, “Тынчтык”, “Жениш”, “Мурас-Ордо”, “Калыс-Ордо”, “Ак-Тилек”, “Келечек” турак жай массивдеринин жашоочуларынын  кайрылууларынын  жана Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу менен  кабыл алынды.   Кошумча шайлоо комиссиясынын тутумун түзүү  боюнча  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешине, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоо комиссиясын тутумун толуктоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу жарыяланган. КР БШКнын  маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
07.08.2017

Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

КР БШК Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2017-жылдын 25-августунда  саат 9-00дөн 12-00гө чейин  өткөрүүнү дайындоо тууралуу токтом кабыл алды.  Чечим Жайыл районунун мамлекеттик администрация  башчысынын Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматовдун өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулгандыгы тууралуу буйругунун негизинде кабыл алынган. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош  жана  Чүй облусунун  айрым аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
07.08.2017

Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облусунун айрым аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

2017-жылдын 7-августунда КР БШКнын жыйынында Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди.    Ошентип, Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан: - М.Кахарова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды; - Каримкул кызы Нургул (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды; Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы: - Р.Хасанов, М.Атамбеков, М.Паизбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды; - С. Досбаева (“Кыргызстан” саясий партиясынан), С.Абдурасулова (“Туран” саясий партиясынан)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынан: - К. Алымкулов (“Акшумкар” саясий партиясынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды; -Б.Абдраимов (“Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди; -Г.Төлөнбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. Ысык-Көл обулусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан: -А.Сатиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды. -Э.Осмонов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди  Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынан: -А.Рымбеков (“Ата Мекен” саясий партиясынан), А.Өмурбекова  (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан), А.Акматжанов, А.Дуйшөнбаева, С.Орозалиев, А.Усупбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды; -Алик кызы Медеркүл, Т.Бекбоев, Г.Жергалбаева, А.Исаев, Э.Кыяшбаев, Н.Кукеев, А.Матказымова, М.Райымбекова, Г.Султанбаева, М.Сопиева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди; -Б.Акматов («Акшумкар» саясий партиясынан), Т.Курманова, А.Акматалиев, С.Болжурова, М. Жанбосунова, Б.Борбодоев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумуна киргизилди. Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынан: -А.Орозакунова («Ата Мекен» саясий паритясынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды; -Э.Багышов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди; Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан: -С.Паизов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды; - Асилбек уулу Жыргалбек (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынан: -Р.Шеримбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан)  комиссиянын тутумунан чыгарылды; - М.Турсуналиева («Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан, У.Алымкулов («Туран» саясий партиясынан), Э.Эралканова, Ж.Алмазбекова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан)   резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 412 414 … 482

Акыркы жаңылыктар

25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти 25.09.2026 КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти