Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
07 августа 2017
КР БШК Чүй облусунун Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2017-жылдын 25-августунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүүнү дайындоо тууралуу токтом кабыл алды.
Чечим Жайыл районунун мамлекеттик администрация башчысынын Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнүн башчысы К. Акматовдун өз арызы боюнча ээлеген кызматынан бошотулгандыгы тууралуу буйругунун негизинде кабыл алынган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
