БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Т. Айманбаевди каттоодон баш тартты
07 августа 2017
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Т.Айманбаев Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзө алган эмес. Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 7-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Т. Айманбаевди талапкер катары каттоодон баш тартты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
