2017-жылдын 1-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Сартаев Анвара Айдаровичтен талапкерлигин алып салуу тууралуу арыз түшкөн

07 августа 2017

КР БШКнын  жыйынында  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Сартаевдин   талапкерлигин  алып  салуу  арызы  боюнча  маселе каралды.

КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, А. Сартаевдин арызын канааттандырып, документтерин кайтарып берүү тууралуу чечим кабыл алды. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү