Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы өттү
08 августа 2017
2017-жылдын 7-августунда Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.
Биринчи сессиянын ишине 30 депутат катышты, бул көпчүлүктү түзөт.
Күн тартибинде кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Төрагалык кызматка “Эл Аман” саясий партиясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Азимкул Боронбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Азимкул Боронбаев 18 добуш алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесининин 3-пунктуна ылайык, кеңештин сессиясына депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, кеңештин төрагасын шайлоо өттү деп эсептелет.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы мурун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо кворумдун жоктугунан эки жолу үзгүлтүккө учураган, ошого байланыштуу 2017-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен (ПЖ №74) 2017-жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөндүгүн эске салат.
Эми Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы №336 токтомунун негизинде Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 25-августуна дайындалды.
2017-жылдын 7-августунда Кара-Балта шаардык кеңешинин биринчи сессиясы болуп өттү.
Биринчи сессиянын ишине 30 депутат катышты, бул көпчүлүктү түзөт.
Күн тартибинде кеңештин төрагасын шайлоо маселеси каралды. Төрагалык кызматка “Эл аман” саясий партиясынан Таалайбек Сүйүмбаев жана “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан Азимкул Боронбаевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн.
Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында Азимкул Боронбаев 18 добуш алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдын 37-беренесининин 3-пунктуна ылайык, кеңештин сессиясына депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, кеңештин төрагасын шайлоо өттү деп эсептелет.
Ошондой эле, Борбордук шайлоо комиссиясы мурун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо кворумдун жоктугунан эки жолу үзгүлтүккө учураган, ошого байланыштуу 2017-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен (ПЖ №74) 2017-жылдын 28-майында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөндүгүн эске салат.
Эми Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы №336 токтомунун негизинде Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо 2017-жылдын 25-августуна дайындалды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
