Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жалал-Абад жана Ысык-Көл облусунун АШКсынын тутумуна өзгөртүүлөр киргизилди
2017-жылдын 7-августунда КР БШК Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна өзгөртүүлөрдү киргизди.
Курбанали уулу Акматбектин (“Туран” саясий партиясы) каза болгондугуна байланыштуу күбөлүгүнүн негизинде Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды. Өзүнүн берген арызынын негизинде С.Ташматова (“Туран” саясий партиясынан) Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу отчету
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун 2017-жылдын 7-августуна карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу маалыматы.
Кара-Суу ш.
Саясий партия
Түштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Өнүгүү-Прогресс
20 500
20 020
480
2
КСДП
95 500
35 020
60 480
3
Мекеним Кыргызстан
20 200
20 020
180
4
Бир Бол
20 500
20 020
480
5
Республика
21 000
20 020
980
6
Кыргызстан
20 500
20 020
480
КР БШК мүчөсү,
КР БШК КТТнын жетекчиси Баатырова Г.М.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 7-августуна карата маалыматы
Талапкер
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Муратбекова З.А.
391
-
391
2
Карасартова Р.Р.
51 680
16 069
35 611
3
Шаршекеева К.Д.
140 000
59 508
80 492
4
Чороев К.А.
267 580
151 410
116 170
5
Масадыков Т.Ш.
336 700
260 649
76 051
6
Абдылдаев А.Б.
1 015 000
915 000
100 000
7
Сариев Т.А.
6 500 000
5 668 792
831 208
8
Бабанов О.Т.
32 000 000
20 968 769
11 031 231
9
Малиев А.К.
4 259 800
452 312
3 807 488
10
Жээнбеков С.Ш.
3 000 000
534 656
2 465 344
11
Абрахманов С.У.
40 000
15 000
25 000
12
Турсунбек Акун
74 000
48 800
25 200
13
Кочкоров У.Т.
117 900
108 513
9 387
14
Джунусов Р.Э.
35 000
11 040
23 960
15
Бекназаров А.А.
426 600
285 957
140 643
16
Уметалиева Т.Д.
465 875
100 000
365 875
17
Масалиев И.А.
100 000
-
100 000
18
Ташиев К.К.
50 000
14 882
35 118
19
Келдибеков А.К.
27 985
15 462
12 523
20
Төрөбаев Б.Э.
1 130 000
1 097 105
32 895
21
Зарлыков Э.З.
210 000
19 180
190 820
22
Исаев К.К.
77 000
28 943
48 057
23
Шайымбетов К.О.
20 000
12 020
7 980
24
Кожогулов Т.А.
1 015 500
-
1 015 500
25
Мадумаров А.К.
35 000
34 709
291
26
Айтикеев А.Ы.
50
-
50
27
Абыкулов С.С
45 000
-
45 000
28
Абышев А.М.
1 000
-
1 000
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиев менен К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
2017-жылдын 5-августундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиев менен К.Шаршекееванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу токтом кабыл алынды.
Ошентип:
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, Нонкина Елена Александровна катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шаршекееванын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
- Аванов Болотбек Аванович;
- Даакиев Аманбол Абылмажынович катталды.
Мындан тышкары жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Малиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Айылчиева жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Л.Нонкинонун ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу токтом кабыл алынды. Чечим өзүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн чакыртып алуу тууралуу талапкердин билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун жыйыны өттү: КРдин шайлоо тутумун өнүктүрүү Стратегиясынын контуру сунушталды
4-5-августта 2013-жылдын 22-майындагы (ПЖ №109) «Кыргыз Республикасындагы шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча иш-чаралар» жөнүндө Президенттин жарлыгы менен уюштурулган шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча Жумушчу тобунун жаңыланган курамынын биринчи жыйыны Президенттин Аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары Акрам Мадумаровдун төрагалыгы алдында өттү.
Талкууга КР юстиция министри Уран Ахмедов, КР ЖК депутаттары Дастан Бекешов, Умбеталы Кыдыралиев, Алмазбек Эргешов жана Турсунбек Күрөңкеев, Европа Кеңешинин Венециан комиссиясынын өкүлдөрү Светлана Анисимова, Сергей Кальченко жана Гулмира Маматкеримова, ЕКнин КРдагы өкүлү Мартин Карлсон, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Валентина Лисиченко, ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү, анын ичинде Динара Ошурахунова, («Демократия үчүн Коалиция жана Жарандык коом» КБ) Айнура Усупбекова («Жарандык платформа» КФ) жана КР БШКнын мүчөлөрү Кайрат Осмоналиев, Гульнар Журабаева, Бахтияр Кадыров, Атыр Абдрахматова катышты.
Жыйында КРдин шайлоо тутумун өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорунун структурасы жана максаттуу багыттары, жергиликтүү кеңештердин ишин үзгүлтүккө учуратууга каршы иш-чаралар жөнүндө мыйзам долбоору (жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерине болгон талап, кеңештин ишинин тартиби, жергиликтуу кеңештердин депутаттарынын жекече жоопкерчилиги тууралуу ж.б.) шайлоочулардын добушун сатып алгандыгы үчүн административдик жана кылмыш жоопкерчилиги тууралуу маселелер талкууланды.
Жыйындын катышуучуларына БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова, БШК шайлоону уюштуруучу катары КРнын шайлоо тутумун өнүктүрүү долбоорунун Стратегиясынын түзүмүнө кийирүүгө бир катар суроолордун топтомун сунуш кылды.
БШКнын төрагасы шайлоо процессинини мындан аркы реформасынын башкы максаты-жарандардын шайлоо процессине болгон ишенимин арттыруу керектигин белгиледи. «Жарандардын шайлоолорго болгон ишеними шайлоо институтунун негизги лигитимдүүлүгү, ошол эле учурда, өлкөнү өнүктүрүүнүн жана стабилдүүлүктү сактоонун фактору болуп саналат»-деп билдирди Н.Шайлдабекова.
БШКнын көз карашы боюнча Стратегиянын негизги милдеттери болуп, шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктук мамилелерин реформалоо боюнча иштер эсептелет. Шайлоо процессиндеги укуктук мамилелер, шайлоо технологияларынан айырмаланып кечигүүдө.
Кыргыз Республикасынын шайлоо системасынын өнүгүү стратегиясынын максаттуу багыттарын талкуулоо менен, отурумдун катышуучулары Стратегиянын негизги багыттары боюнча олуттуу сунуштарды киргизишти, мындан ары документтер менен иштөөнүн календардык планын түзүштү, өз ара аракеттенишүү форматын аныкташты, Кыргыз Республикасынын шайлоо системасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү, толук кандуу Концепциясын түзүүгө катышуучулардын кеңири чөйрөсүн тартуу үчүн, коомдук угуулардын мөөнөтүн белгилешти.
Стратегиялык документтердин этаптарынын үстүнөн иш аяктагандан кийин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Туруктуу өнүгүүнүн Улуттук кеңешине сунушу кылынат.
Күн тартибин талкуулоо учурунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ишмердигинин тегерегинде курч талаш-тартыш жүрдү, бир катар жергиликтүү кеңештердин депутаттары ар кандай субьективдүү себептер менен төраганы шайлай албай калышкан кырдаал, өз кезегинде жергиликтүү коомдоштуктун маанилүү чечимдерин кабыл алууда ишке терс таасирин тийгизүүдө. Жергиликтүү кеңештерди таркатуу, жарандардын шайланган депутаттарга болгон наразылыгы себеп болгону, ал каржылык чыгымдарга алып келгендиги, убакыттын жана уюштуруу иштеринин текке кеткендиги тууралуу жыйындын катышуучуларына маалымат берилди.
Добуштарды сатып алуу боюнча жоопкерчилик темасын талкуулоодо, отурумдун катышуучулары мурунку курам баштаган, сатып алуулар боюнча жоопкерчиликке тартуунун натыйжалуу укуктук механизмдерин түзүү боюнча ишти улантуу керек деген, бир пикирге келишти. Мамилелердин бири катары, бир кыйла өлчөмдөгү сатып алуулар боюнча жазык жазасына алып келген, колдонуудагы жазык жоопкерчилиги менен катар, административдик жоопкерчиликти киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору жактырылды.
Мындан тышкары, шайлоонун жүрүшүндө, шайлоо органдарынын негиздүү чечим кабыл алынышына карата, партиялардын жана талапкерлердин жоопкерчилиги тууралуу бөлүмгө тактоо киргизүүнү иштеп чыгуу чечилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
БШК КР: КР Президенти кызматына талапкер катталды
2017-жылдын 3-августунда КР БШКнын жыйынында “Ак Шумкар” саясий партиясынын чечими менен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Т.А.Сариевди каттоо тууралуу маселе каралды.
КРдин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырат:
-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
- шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Сариев КР Борбордук шайлоо комиссиясына анын талапкерлигин колдогон 61 032 шайлоочунун колдору коюлган баракчаларды тапшырды, кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу алардын ичинен 58612 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
Ошентип, КР БШКнын 2017-жылдын 3-августундагы №312-токтомуна ылайык Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Сот КР Президентинин кызмат ордуна арызын берген Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн шарттарды түзүүгө БШКны милдеттендирүү жөнүндө доо арызын канаттандыруудан баш тартты
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы төмөнкүнү билдирет:
2017-жылдын 3-августунда Бишкек шаарынын Район аралык сотунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна арызын берген Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Жолдошбековдун “Ө.Текебаевдин мамлекеттик тилди билүүсүн аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна шарттар түзүлбөгөндүгүндө көрсөтүлгөн КР БШКнын иш-аракеттерин мыйзамсыз деп табуу жана КР БШКны Ө.Текебаевдин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна шарттарды түзүү жолу менен кетирген бузууларды жокко чыгарууну милдеттендирүү жөнүндө” доо арызы боюнча судья К.Абдыкадыров төрагалык кылган соттун отуруму өттү.
Сот тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн доо арыздагы талаптарды канаттандыруудан баш тартылды.
Ошону менен бирге, сот БШКнын аракетсиздигин Ө.Текебаевге мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу тууралуу А.Жолдошбековдун арызын кароонун жыйынтыктары боюнча кандайдыр бир чечим (оң же терс) кабыл алынбагандыгы жагынан гана туура деп тапты.
Буга чейин КР БШКнын мүчөлөрүнүн жумушчу жыйналышынын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Ө.Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнө, камакта жүргөн адамдардын шайлоо процессине катышуусунун укуктук механизминин жоктугу жана Ө.Текебаев боюнча кылмыш иши сотто кароо стадиясында болгондугуна байланыштуу, соттолуучунун бир жерден экинчи жерге баруусу менен байланышкан маселелерди чечүү соттун компетенциясына кирет деп маалымдаган.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын эки жараны КР Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү тууралуу арыздарын кайтарып алды
Кыргыз Республикасынын эки жараны - А.Сартаев менен Н.Мамедов КР Президенти кызматына талапкер катары өзүн өзү көрсөтүү тууралуу берген арыздарын кайтарып алышты.
2017-жылдын 3-августуна карата 56 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары документтерин тапшырган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Бишкек шаарынын тургундарына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешине Кайрылуусу
Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!
Миграцияга байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого карата шарттарды түзүү максатында, Бишкек шаарынынын аймагында жашап, бирок каттоосу жок, ошондой эле жашаган жеринен шайлоого мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, Бишкек шаарынын мэринин сунушу менен кошумча 6 шайлоо участкаларын түздү. (Тиркеме).
Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы, саясий партиялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарын, Бишкек шаардык кеңешин, кошумча шайлоо участкаларынын тутумуна өкүлдөрдү көрсөтүүнү жарыялайт.
Шайлоо комиссиясы шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча жарандардын укугун коргоочу жана камсыздоочу коллегиялуу орган болуп саналат,
Шайлоо комиссиясынын тутумунда иштөө жооптуу, бир гана шайлоо мыйзамдарына ылайык иштөөнү талап кылат.
Ушуга байланыштуу, шайлоо комиссияларынын тутумуна талапкерлерди көрсөтүү, жарандын өзүнүн макулдугу болуусу керек, анын ишке жөндөмдүүлүгүнүн деңгээли, шайлоо комиссияларында иштөө тажрыйбасы, ошондой эле кесипкөйлүк жана өздүк сапаты эске алынат.
Саясий партиялар, Бишкек шаардык кеңешинин-жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары комиссиянын тутумун түзүүдө жарандардын комиссияга кирүүгө макулдугун эске алуусу керек, ошондой эле комиссиянын мүчөсүнө талапкер ошол аймактагы элдүү пунктта жашоого тийиш.
.Жарандардын жыйынынан, коомдук бирикмелерден шайлоо комиссияларынын тутумуна талапкерлерди көрсөтүү тууралуу Протоколдо жыйындын төрагасынын жана катчынын колу коюлушу зарыл.
Протоколго жашаган жерлери көрсөтүлүп, колдору коюлган жыйындын катышуучуларынын тизмеси тиркелиши керек.
Саясий партиялдардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ыйлайык жүргүзүлөт.
Бишкек АШКсына саясий партиянын (жыйындын төрагасы) жетекчисинин колу коюлуп печаты басылган тиешелүү документ берилет.
Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:
-Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын сактаган милдеттенме жана шайлоо комиссиясынын тутумунда иштөөгө макулдугу боюнча арыз;
-паспорттун көчүрмөсү;
-иштеген жери, окуусу, билими көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар (кадрларды каттоо боюнча өздүк баракача же резюме);
-байланыш маалыматтар: жашаган жеринин дареги, телефон номерлери, электрондук почтасы.
Кошумча шайлоо участкаларынын тутумуна саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор 2017-жылдын 9-августунда саат 18:00гө чейин Бишкек аймактык шайлоо комиссиясында кабыл алынат.
Кошумча шайлоо участкаларынын тутумуна жарандардын жыйынынан, коомдук уюмдардан талапкерлерди көрсөтүү боюнча протоколдор 2017-жылдын 9-августунда саат 18:00гө чейин Бишкек шаардык кеңешинде кабыл алынат.
Сурап-билүү телефондору: Бишкек шаардык кеңеши 62-58-14,
Бишкек АШК: 62-08-24.
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды
КР БШК Кара-Кулжа, Москва, Тоң жана Жумгал жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды.
Ошентип:
-Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл округунан А.Ормокеев мунициапалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер А.Бөрүбаевге өткөрүлүп берилди;
-Чүй облусунун Москва районунун Биринчи май айыл округунан Н.Бакшиев соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-Ак-Суу айылдык мектебинин мугалими М.Суеркуловго өткөрүлүп берилди;
-Ысык-Көл обулусунун Тоң районунун Улахол айыл округунан А.Абдыкеримов өзүнүн берген арызынын негизинде ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-Маданият үйүнүн башчысы У.Өмүркуловго өткөрүлүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айыл округунан А.Сейдакматов муниципалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-дыйкан чарбасынын мүчөсү Камчыбек уулу Алтынбекке өткөрүлүп берилди;
-Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл округунан А.Дүйшөкеев депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-дыйкан чарбасынын мүчөсү Н.Сарыкеевге өкөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
Комиссиялардын резервинен чыгуу тууралуу тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде КР БШК 2017-жылдын 2-августунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусундагы Кара-Кулжа, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусундагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ошентип:
-А.Жаркымбаев ( “Бир бол” саясий партиясынан) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, К.Жетенбаева (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партия) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
-Ж. Мусакулова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, К. Алымкулова («Акшумкар» саясий партиясынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
-А.Машаева, М.Мураталиева, Ч.Ормокеева, Г.Өскөнбаева, А.Сулубаева, З.Чомоева, М.Эсенбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан резервинен чыгарылды.
-Шадыбек уулу Кудретилла (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунун чыгарылып, М.Эргешов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
-С.Керимкулова (Республикалык коомдук-саясий партия “Кыргызстан куруучулар париясы”) Талас облусунун Талас аймактык комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Р.Бектенова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан), Э.Байбосунов (“Ата Мекен” саясий партиясынан), А.Темирбеков (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан) Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Р.Сейталиева (“Замандаш” саясий партиясынан), А.Абдраимов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
-Тынчтыкбек кызы Алина (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Чүй облусунун Москва аймактык комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Д.Базаркулова (“Республика” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жана Талас районундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
2017-жылдын 2-августунда КР БШК Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жана Талас районундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2017-жылдын 21-августуна саат 9-00дан 12-00гө чейин өткөрүүнү дайындады.
Чечим Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Орозбаев жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Сатаровдун өз каалоолору менен берген арыздарынын негизинде кызматтарынан бошотулгандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 27-июлунда болуп өткөн шайлоодо Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы шайлангандыгы тууралуу токтом кабыл алды. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Бешимбаев шайланган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер М.Иманкулов, И.Масалиев, А.Бекназаров, Э.Зарлыков жана Т. Кожогуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
2017-жылдын 2-августунда КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер М.Иманкулов, И.Масалиев, А.Бекназаров, Э.Зарлыков жана Т. Кожогуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу токтом кабыл алды.
Ошентип, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
-шайлоо боюнча Рыскелдиев Өмүрбек Дүйшөнбаевич, Козубаев Бактыбек Бейшенович жана Иманкулов Муратбек Муканович;
-каржы маселеси боюнча Иманкулов Эрнист Маратович катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Жээнбеков Апазбек Субанович катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
-Шейшенов Серен Манапбаевич;
-Мамыралиев Бектемир Кудайбердиевич катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э.Зарлыковдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
-Түлебердиев Талапкер Жакенович;
-Түлебердиев Тимур Жакешевич катталды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:
-Качиев Албан Саткынович, Айтбаев Болотбек Мукаевич жана Каскеримова Айзада Алымбековна;
-каржы маселеси боюнча Ортман Ирина Александровна катталды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
01.08.2017
Шайлоо кампаниясынын биринчи баскычы аяктады
Бүгүн, 2017-жылдын 1-августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалымат борборунда КР БШК төрагасы Н. Шайлдабекова массалык маалымат каражат өкүлдөрү үчүн брифинг өткөрдү. КР БШК төрагасы брифингдин жүрүшүндө шайлоо кампаниясынын биринчи баскычынын жыйынтыкталышы, шайлоого катышууга арыз бергендер тууралуу кеңири маалымат берди.
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын кыймылы жөнүндө 2017-жылдын 31-июлуна карата төмөнкү маалыматты жайгаштырат:
Талапкер
Түштү
Чыгымдалды
Калдыгы
1
Муратбекова З.А.
391
-
391
2
Карасартова Р.Р.
44 680
16 069
28 611
3
Шаршекеева К.Д.
40 000
9 858
30 142
4
Чороев К.А.
197 580
86 240
111 340
5
Масадыков Т.Ш.
130 000
115 584
14 416
6
Абдылдаев А.Б.
1 015 000
915 000
100 000
7
Сариев Т.А.
5 500 000
3 713 117
1 786 883
8
Бабанов О.Т.
32 000 000
20 753 408
11 246 592
9
Малиев А.К.
4 259 800
452 312
3 807 488
10
Жээнбеков С.Ш.
3 000 000
398 070
2 601 930
11
Мамедов Н.М.
520
-
520
12
Абрахманов С.У.
40 000
-
40 000
13
Турсунбек Акун
39 000
38 800
200
14
Кочкоров У.Т.
117 900
108 513
9 387
15
Джунусов Р.Э.
35 000
11 040
23 960
16
Бекназаров А.А.
15 000
4 950
10 050
17
Уметалиева Т.Д.
442 000
100 000
342 000
18
Масалиев И.А.
100 000
-
100 000
19
Ташиев К.К.
50 000
6 573
43 427
20
Келдибеков А.К.
7 345
6 573
772
21
Торобаев Б.Э.
730 000
239 410
490 590
22
Зарлыков Э.З.
10 000
-
10 000
Кененирээк билүү >>
КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу М. Мергеновдон арыз түштү
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1965-жылы 25-октябрда туулган, адвокат Марат Мергеновдон арыз түштү.
2017-жылдын 31-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 48 жаран тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеев, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э. Зарлыков, Т. Омуралиев, А.Айтикеев, Т. Кожогулов, П. Кенжекулов, А. Мансуров, М. Иманкулов, О. Болтуруков, М.Мергенов).
-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 10 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков -«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, Т.Асанбеков - талапкерликке көрсөткөн «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы, Т. Акимов - «Чон казат» саясий партиясы, К.Исаев - «Кыргызстан» саясий партиясы).
Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 59 талапкер документтерин тапшырды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды
25.09.2026
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти
25.09.2026
КР БШКсы шайлоо жана референдум мезгилинде ЖМКларды аккредитациялоо жөнүндө жобону бекитти