Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

КР Борбордук шайлоо комиссиясы прокуратура жана  укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын   биргелешкен  аракеттери боюнча тренинг өткөрдү
15.08.2017

КР Борбордук шайлоо комиссиясы прокуратура жана укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын биргелешкен аракеттери боюнча тренинг өткөрдү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жанан референдум өткөрүү  боюнча борбордук комиссиясы  БУУӨП, ЕККУнун колдоосу менен “Жарандык платформа” КФ менен биргеликте 2017-жылдын 15-октябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн алкагында прокуратура жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү менен тренингдин серияларын өткөрдү.  “2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү ишинин алкагында шайлоо мыйзамдарын бузууга каршы аракеттер боюнча укук коргоо органдары менен шайлоо комиссияларынын биргелешкен аракеттери” аттуу темада 17-июлдан 4-августка чейин республиканын бардык облустук борборлорунда өткөрүлдү.  Окутуу процесси учурунда: прокуратура, укук коргоо органдарынын жана шайлоо комиссияларынын биргелешкен  аракеттери, шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик (административдик, кылмыш);шайлоо укугун коргоо боюнча сотто каралуунун өзгөчөлүгү сыктуу маселелер каралды.  Тренингдин жыйынтыгы боюнча катышуучулар шайлоочуларды сатып алууга, административдик ресурсту пайдаланууга, ошондой эле шайлоо учурунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча сунуш, пикирлерди иштеп чыгышты. Ушул сунуш жана пикирлер КР БШКнын кызматкерлери тарабынан талданып, эске алынат.   Белгилеп кое турган нерсе, бардыгы болуп 9 тренинг өткөрүлүп, Кыргыз Республикасынын прокуратура жана ички иштер органдарынын 304 кызматкери катышты.    КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Сартаев, Н.М.Мамедов, С.Жапаровдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту
15.08.2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Сартаев, Н.М.Мамедов, С.Жапаровдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотту

2017-жылдын 15-августундагы КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Сартаев, Н.М.Мамедов, С.Жапаровдун өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу токтом кабыл алынды.   Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Сартаевдин каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү: Гончарова Вячеслав Владимировичтин,  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Н.М.Мамедовдун  каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү:  Асаналиев Мукандын,  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жапаровдун  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү:   Мамбеткулов Муратбек Камилжанович (шайлоо боюнча), Жапаров Давлетбек Нуркожоевичтин (каржы маселеси боюнча) ыйгарым укуктары токтотулду.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 12-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Ы. Айтикеевден талапкерлигин алып салуу боюнча арыз түшкөн
15.08.2017

2017-жылдын 12-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Ы. Айтикеевден талапкерлигин алып салуу боюнча арыз түшкөн

КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Ы. Айтикеевдин талапкерлигин алып салуу боюнча маселе каралды.  КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, А.Айтикеевдин арызын  канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү жөнүндө  чечим кабыл алды.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутат
15.08.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутат

Борбордук шайлоо комиссиясы IFES  (Шайлоо системасы эл аралык Фонд) менен биргеликте аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутууну аяктады.  Тренингдин программасында: Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө КР Мыйзамындагы өзгөртүүлөргө талдоо жүргүзүү жана окуп үйрөнүү;  шайлоочулардын биометрикалык маалыматтары боюнча идентификация формасы, автоматтык саноо урнасынын (АСУ) добуштарды саноодогу жыйынтыгы тууралуу протоколду сканерден өткөрүп жана жөнөтүү, шайлоо комиссиясынын этап боюнча ишмердиги, ошондой эле шайлоочулардын тизмелери, шайлоо бюллетендер менен иштөө боюнча  блоктор тууралуу темалар бар.   АШКнын  мүчөлөрүн окутууда конкурстук жол менен шайлоо укугу чөйрөсүндө тренинг өткөрүү тажрыйбасы бар 90дон ашуун тренер тандалып алынган.   Окутуу иштери 7-августтан 11-августка чейин өлкөнүн 54 аймактык шайлоо комиссияларында өткөрүлүп, бардыгы болуп 640 адам окутулган.  Азыркы учурда  участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн окутуу иштери жүрүүдө. Кыргызстанда 2375 шайлоо участкалары түзүлүп, аларда 23000ден ашуун адам иштемекчи.  КР БШК  IFES  менен биргеликте Бишкек жана Ош шаарлары үчүн атайын модуль ТҮТ (тренерлер үчүн тренинг) иштеп чыккан, анын катышуучулары коллегалары менен таанышып, кийинки пландуу окууга даярдана алышат.  ТҮТ–интерактивдүү аянтча,  анда тренерлер билим деңгээли жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, ошондой эле тренингдин катышуучусу болууга, жана окутуу процессин ичтен билүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.  БШКнын окутуу Борбору шайлоо системасынын Эл аралык фонду менен биргеликте  АШК, УШК, тренингдин катышуучуларына окутуу материалдарын, жетекчилик, журналдарды  иштелип чыккан. УШКнын мүчөлөрүн окутууну  ушул жылдын августунун аягына чейин бүтүрүү пландалууда, андан кийин тренерлердин окутуу сапаты, структуралык методикалык куралдар жана материалдар, ошондой эле окуу процессин уюштуруу боюнча  модулдун маанилүү бөлүгүнө кылдат талдоо жүргүзүү өткөрүлөт.   КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоого карата  эл аралык биринчи байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү
15.08.2017

Борбордук шайлоо комиссиясы КР Президентин шайлоого карата эл аралык биринчи байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум  өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы КР Президентин шайлоого карата  эл аралык биринчи байкоочуларды аккредитациядан өткөрдү. КР БШКдан аккредитациядан өткөн эл аралык байкоочулар: 1.Сарсембаев Марат Алдангорович, Казакстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү; 2. Матйошайтите Лаура, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы; 3. Жилинскьене Аисте, Литва Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү; 4. Майер Макс Георг, Кыргыз Республикасындагы Ханнс Зайдел фондусунун өкүлчүлүгүнүн директору; 5. Дале Ивар, Норвегия  Хельсинки Комитетинин улуу кеңешчиси; 6. Фоссум Мариус, Норвегия Хельсинки Комитетинин аймактык өкүлү; 7. Казачевская Валентина Сергеевна, Норвегия Хельсинки Комитетинин аймактык консультанты. КР БШК Кыргызстандагы жооптуу  миссияларын аткарууда эл аралык байкоочуларга  жогорку деңгээлдеги жардамын көрсөтөт.  КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого чет элдик өнөктөштөрдүн жана эл аралык уюмдардын ого бетер кызыгуусу байкалууда
15.08.2017

КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого чет элдик өнөктөштөрдүн жана эл аралык уюмдардын ого бетер кызыгуусу байкалууда

Азыркы мезгилде КР БШК 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык мониторингди камсыз кылуу  иштерин жүргүзүүдө.  Шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга төмөндөгү уюмдарга чакыруу жөнөтүлдү: -Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Ассоциациясы (ВАИО), · Европа мамлекеттеринин шайлоону уюштуруу Ассоциациясы (АОВСЕ), · Азия шайлоо органдарынын Ассоциациясы (ААИО), · Көз каранды эмес мамлекеттердин Аткаруу комитети (ИК СНГ), · Парламенттер аралык Ассамблеясы (МПА КМШ), · Шанхай кызматташтык уюму  (ШОС), · Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча Бюросу (БДИПЧ/ЕККУ), · Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик Ассамблеясы(Түрк ПА), · Ислам кызматташтыгы уюму  (ОИС), · Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши  (ССТГ), · НАТОнун Парламенттик Ассамблеясы НАТО/ПА НАТО, · Европа Кеңешинин парламенттик Ассамблеясы · Демократия үчүн укук аркылуу Европалык Комиссия  (Венециан комиссиясы) -Европа Парламенти, Ошондой эле Бразилия, Жаңы Зеландия, Австралия, Бутан Королдугу жана башка мамлекеттеринин шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү. Чакыруу ошондой эле АКШнын Сенат жана Конгрессине, Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагына, Улуубритания Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландия Парламентине, Канада, Люксембург, Нидерланддар жана Бельгия, КЭР ТИМ жана Франциянын  Конституциялык Кеңешине жөнөтүлдү. Казакстан Республикасынын, Литва Республикасынын БШКсы, Ханнс Зайдел Фондунун өкүлчүлүгү (Германия), Норвегиялык  Хельсинки  Комитетинин эл аралык биринчи байкоочуларын аккредитациядан өткөрүү иш-чаралары башталды. Индиянын БШКсынын төрагасы КР Президентин шайлоого байкоочу катары келээрин билдирди, Көз каранды эмес мамлекеттердин кызматташтыгы Миссиясынын, (КМШ), КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын Парламенттер аралык Ассамблеясынын, БДИПЧ/ОБСЕден, Шанхай кызматташтык уюмунан (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттер кызматташуу Кеңешинин жана башка мамлекеттерден,  эл аралык уюмдардан кыска мөөнөттүү байкоочулар тобунун  келиши күтүлүүдө. КР БШК  Кыргызстанда эл аралык байкоочулар  жооптуу миссияларын аткарууга  КР БШК ар тараптуу салым кошмокчу. Кыргызстанда өтүүчү шайлоого эл аралык уюмдардын кызыгуусу, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  жаңы шайлоо моделинин жана шайлоочулардын биометрикалык идентификациясын колдонуу менен шайлоо процессинин жыйынтыгын  ишенимдүү чыгарууну жана ачыктыгын камсыз кылуу, албетте, добуштарды автоматтык  саноо ишинин турмушка ийгиликтүү ашышы менен шартталган. КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
2017-жылдын 15-августунда саат 15:00  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтөт
15.08.2017

2017-жылдын 15-августунда саат 15:00 Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтөт

Жыйындын жүрүшүндө төмөндөгу маселелер каралат:  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. Сартаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси) 2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Н.М. Мамедовдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси) 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер С.Н. Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө (Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси) 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.Ы. Айтикеевдин арызы жөнүндө (Баяндамачы – Е.Дж. Джилкичиева, БШКнын мүчөсү, Жумушчу топтун жетекчиси) 5. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Т. Бабановдун кол коюу барактарын текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө (Баяндамачы – Дамир кызы Айзада,  Жумушчу топтун мүчөсу) 6. 2017-жылдын 15-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочунун күбөлүгү жөнүндө (Баяндамачы – Рысбек кызы Кундуз, эл аралык кызматташуу бөлүмдүн башчысы ) 7. 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодогу эл аралык байкоочуларды аккредитациялоо жөнүндө (Баяндамачы – Рысбек кызы Кундуз, эл аралык кызматташуу бөлүмдүн башчысы ) 8. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо, Сузак; Ысык-Көл облусунун Каракол; Нарын облусунун Нарын шаардык, Ак-Талаа, Жумгал; Чүй облусунун Аламүдүн, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы) 9. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү айрым аймактык шайлоо комиссиялардын чечимдерин бекитүү тууралуу (Баяндамачы – А.Н. Омуралиев, шайлоолорду уюштуруу боюнча бөлүмдүн башчысы)  
Кененирээк билүү >>
КР БШК  2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү  бюллетенинин формасын жана  коргоо  даражасын  бекитти
14.08.2017

КР БШК 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү бюллетенинин формасын жана коргоо даражасын бекитти

КР  БШКнын  жыйынында   2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын  жергиликтүү  кеңештеринин депутаттарын шайлоодо добуш берүү  бюллетенинин формасын жана коргоо  даражасы  бекитилди, шайлоо бюллетендеринин формасын  жана коргоо даражасын талаптын деңгээлинде камсыз кылуу максатында  анын даярдоо процессинде  алдын ала тестирлөө  өтөөрүн белгилеп коюу керек.   2017-жылдын 12-августундагы КР БШКнын  токтомуна ылайык, шайлоо бюллетендерин АКК  “Учкун”  даярдайт. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын  чыгымдалышы  тууралуу отчету
14.08.2017

Саясий партиялардын шайлоо фондусундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу отчету

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобунун 2017-жылдын 14-августуна карата жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катыша турган саясий партиялардын шайлоо фонддорундагы акча каражаттарынын чыгымдалышы тууралуу маалыматы. Кара-Суу ш.   Саясий партиялар Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Өнүгүү-Прогресс 42 500  36 120  6 380  2 КСДП 95 500  51 170  44 330  3 Мекеним Кыргызстан 20 200  20 020  180  4 Бир Бол 20 500  20 020  480  5 Республика 81 000  25 100  55 900  6 Кыргызстан 65 500  62 255  3 245 
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы
14.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондунун акча каражаттары жөнүндө маалыматы

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобу Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондусунан акча каржаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндө 2017-жылдын 14-августуна карата маалыматы   Талапкер Түштү Чыгымдалды Калдыгы 1 Муратбекова З.А. 391 - 391 2 Карасартова Р.Р. 51 680 21 118 30 562 3 Шаршекеева К.Д. 140 000 139 658 342 4 Чороев К.А. 267 580 250 444 17 136 5 Масадыков Т.Ш. 1 336 700 767 603 569 097 6 Абдылдаев А.Б. 1 015 000 915 000 100 000 7 Сариев Т.А. 6 500 000 5 669 042 830 958 8 Бабанов О.Т. 32 000 000 22 135 723 9 864 277 9 Малиев А.К. 4 259 800 466 462 3 793 338 10 Жээнбеков С.Ш. 22 250 000 979 978 21 270 022 11 Абрахманов С.У. 40 000 15 000 25 000 12 Турсунбек Акун 134 000 80 125 53 875 13 Кочкоров У.Т. 217 900 108 513 109 387 14 Джунусов Р.Э. 35 000 11 040 23 960 15 Бекназаров А.А. 426 600 285 957 140 643 16 Уметалиева Т.Д. 522 875 100 000 422 875 17 Масалиев И.А. 100 000 - 100 000 18 Ташиев К.К. 50 000 14 882 35 118 19 Келдибеков 27 985 15 462 12 523 20 Торобаев Б.Э. 2 280 000 1 240 750 1 039 250 21 Зарлыков Э.З. 210 000 47 585 162 415 22 Исаев К.К. 77 000 28 943 48 057 23 Шайымбетов К.О. 20 000 12 020 7 980 24 Кожогулов Т.А. 1 015 500 603 080 412 420 25 Мадумаров А.К. 37 000 36 959 41 26 Асанбеков Т.И. 15 000 4 020 10 980 27 Абыкулов С.С 45 000 7 000 38 000 28 Абышев А.М. 1 000 - 1 000
Кененирээк билүү >>
КР БШКга  Кыргыз Республикасынын Президенти  кызматына талапкер А. Айтикеевден арыз келип түштү
14.08.2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Айтикеевден арыз келип түштү

2017-жылдын 12-августунда КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти  кызматына талапкер Акбаралы Айтикеевден,  өзүнүн талапкерлигин  алып салуу жөнүндө арызы келип түштү. Документ  Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерден  арыздарды  кабыл  алуу боюнча  Жумушчу тобунда каралып, кийин А.Айтикеевдин  арызы КР БШКнын жыйынында каралмакчы. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунова жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карасартованын  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Рыскулова, Ж. Орозбекованын арыздары жөнүндө
13.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунова жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Рыскулова, Ж. Орозбекованын арыздары жөнүндө

2017-жылы 12-августа Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А. Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунованын ЖМКларга чыгууга артыкчылыктуу мамиле байкалгандыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Ш. Жээнбеков  административдик ресурс колдонуп жаткандыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карсартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Р.Рыскулова, Ж.Орозбекованын шайлоо укугунун бузулушу жөнүндө арыздарды  карады. Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Р. Рыскулова жана А.Р. Орозбекова өздөрүнүн арыздарында талапкерлерге бирдей укуктук шартты камсыз кылып, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Ш.Жээнбековду конституциялык мыйзамдын талаптарын сактабагандыгы үчүн КР БШКдан талапкер катары каттоодон баш тартууну суранышты. КР БШКнын мүчөсү А.Т. Асаналиев өзүнүн сунушу жана токтомдун долбоору менен тааныштырды: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча Жумушчу тобу жана Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу, түшкөн арыз даттанууларды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жобосунун негизинде төмөнкүлөрдү билдирет: Кол топтоону уюштуруу максатында же шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу тууралуу далилдер келтирилген эмес.  “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык  Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий, администрациялык мамлекеттик жана мунициапалдык кызматтарды ээлеп турган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, каттоого алынган талапкерлер каттоодон өткөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат орундук же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турушат. Конституциялык мыйзамдын 53-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди каттоо конституциялык Мыйзамда каралган шарттарды сактоо менен, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алынат.  Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чечим кабыл алдынгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер каттоодон өттү деп эсептелинет. Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Ш. Жээнбековдун Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоодон өткөндөгү тууралуу чечими жок. Жогоруда айтылгандарга негизденип, Жумушчу топторунун чечимин эске алуу менен, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин (катышуучуларынын) арыз (даттанууларын) кароо тууралуу” Жобонун 1,7 бөлүмүн жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде  Кыргыз Респрубликасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча Жумушчу тобу, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу, КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунова жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карасартованын  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Рыскулова менен Ж.Орозбекованын “Кыргыз Республиканын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык тийиштүү чара көрүү тууралуу  арыздарын кароонун жыйынтыгында, алардын арыздарын  канааттандыруудан баш тартылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК  Кыргыз Республиканын Президенти кызматына талапкерлер И.Масалиев, Т.Акун, А.Малиев  жана Т.Үмөталиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12.08.2017

КР БШК Кыргыз Республиканын Президенти кызматына талапкерлер И.Масалиев, Т.Акун, А.Малиев жана Т.Үмөталиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

2017-жылдын 12-августундагы КР БШКнын жыйынында  Кыргыз Республиканын Президенти кызматына талапкерлер И.Масалиев, Т.Акун, А.Малиев, жана Т.Үмөталиеванын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо тууралуу токтом кабыл алды.    Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин  шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  болуп: Сманкулов  Мадиярбек  Рыскулович;  Жамгырчиев  Иманакун  Эсеевич , Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Т. Акундун  шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  болуп: Абдыкулова  Умсунай; Сыдыков  Шамиль  Марасулович; Мундуков Доктурбай  Бейшебаевич; Тологон кызы  Жылдыз; Айтматов Эрмамат  Бекиевич; Жолдошов  Мидин  Кыялбекович; Досалиев  Кудайкул Айтымбетович; Экишбаев  Анарбек  Алимжанович; Элдияр  кызы  Мээрим, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  А. Малиевдин  шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү  болуп Жолдошева  Жылдызкан  Айтибаевна, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Т. Үмөталиеванын   шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү  болуп Идыров  Закир  Эрсмаевич  катталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин Мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо боюнча 2017-жылдын 26-июлдан 10-августка чейинки  тестирлөөнүн жыйынтыгы
11.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин Мамлекеттик тилди билүүнүн деңгээлин аныктоо боюнча 2017-жылдын 26-июлдан 10-августка чейинки тестирлөөнүн жыйынтыгы

Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Жолдошбековдун арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө
10.08.2017

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Жолдошбековдун арыздарын канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-БШК) 2017-жылдын 1 жана 4-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Жолдошбековдон арыздар келип түшкөн, анда А.Ж. Жолдошбеков “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын отурумунда Ө.Ч. Текебаевге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө катышуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу маселесин карап чыгууну” суранган. Бул маселе боюнча КР БШКнын Жумушчу тобунун кароосуна КР БШКнын мүчөсү Г.Джурабаеванын жана А.  Абдрахматованын КР БШКнын чечиминин долбоору тиркелген 2017-жылдын 8-августундагы кайрылуусу өткөрүлүп берилген. КР БШКнын Жумушчу тобу бардык материалдарды, түшкөн арыздарды жана сунуштарды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жоболорунун негизинде, төмөнкүлрөдү белгилейт: 2017-жылдын 18-июнунда Текебаев Өмүрбек Чиркешевич Кыргыз Республикасынын жараны Канатбек Азиз аркылуу 21.10.2016-ж. №Д-1160 жарандык ишеним каты боюнча Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке коюу ниети жөнүндө арызын берген. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологияларынын башкы башкармалыгынын 13.07.2017-ж. маалыматы боюнча Ө. Текебаевге карата Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү жана 166-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2,4-пункттарында каралган  кылмыш белгилери боюнча т.а. кызмат абалынан пайдалануу менен коррупция жана алдамчылык фактысы боюнча өзгөчө ири өлчөмдө жасалган кылмыш иши козголгон, ал мындан ары иликтөө үчүн КР УКМКсына өткөрүлүп берилген.   КР УКМКнын 7.08.2017-ж. маалыматы боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2017-жылдын 27-февралындагы токтому менен Ө. Текебаевге бөгөт коюу чарасы катары КР УКМКнын СИЗОсунда кармоо менен камакка алуу тандап алынган. Тергөө амалдары аяктоо менен кылмыш иши Бишкек ш. Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилип, ал жерде бул иш маңызы боюнча каралып жатат. Ө. Текебаев соттолуучу катары КР УКМКсынын СИЗОсунда кармалып, соттун юрисдикциясында турат. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – КР КМ) 3-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, жарандар ушул конституциялык Мыйзамда белгиленген талаптарды сактоодо шайлоого жана шайланууга өз укуктарын ишке ашырышат. КР КМдын 50-беренеси менен Президенттин кызматына коюлган талаптар белгиленген. Президент болуп 35 жаштан төмөн эмес жана 70 жаштан жогору эмес, чет мамлекеттин жарандыгы жок, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. КР КМдын 53-беренесине ылайык, каттоо үчүн Президенттин кызматына талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү шайлоо күнүнө 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына төмөнкү документтерди берет: 1) Президенттин кызматына талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды (арыздарды) тиркөө менен, өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун; 2) өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин; 3) паспорттун көчүрмөсүн; 4) иштеген же окуган жеринен маалымдаманы; 5) ушул конституциялык Мыйзамда каралган шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти; 6) ушул конституциялык Мыйзамдын 51-беренесинде көрсөтүлгөн мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана КР КМдин 49-беренеси менен шайлоочулардын 30 миңден кем эмесинин колун топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат деп каралган. Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар жана шарттар, аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер катары каттоо жана катталган талапкер катары  анын укуктарын мындан ары жүзөгө ашыруу үчүн  Президентикке көрсөтүлгөн талапкердин өзү тарабынан сакталышы жана аткарылышы кажет. КР БШКга бериле турган  мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат тууралуу КР КМдын 51-беренеси менен сертификат ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берүү чөйрөсүндөгү мекеме тарабынан тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча берилет деп белгиленген. Сертификат башка документтер менен катар КР БШКга каттоо үчүн бериле турган талап кылынган документтердин бири гана болуп саналат. Ошондуктан, аны алуу жана БШКга берүү талапкерлерге коюлган конституциялык Мыйзамдын талаптарын сактоо үчүн Президентикке көрсөтүлгөн адам тарабынан  аткарылуучу аракеттердин эсебине кирет. Мында сертификатты алуу үчүн талапкерлерге тең укуктук шарттарды камсыз кылуу үчүн БШК укуктук ченемдик акттын долбоорун – аныктоо үчүн тестирлөөнү өткөрүү тартиби жөнүндө жобону макулдашуу процессине катышкан, ал БШКда өткөрүлгөн практикалык көрсөтмө презентациясында тестирлөөнүн объективдүүлүгүнө жана күмөн санай турган нерселерден алыс болушуна ынанган. Мындан тышкары, ыйгарым укуктуу органга - Мамлекеттик тил боюнча комиссиясына тестирлөөнүн графигин белгилөө маселесин чечүү үчүн көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси берилген (талапкерлердин чыгып кетүүсү жана жаңы арыздардын түшүүсүн эске алуу менен улам жаңыртылып), анын негизинде тестирлөөнү өткөрүү графиги түзүлгөн. Жогоруда белгиленгендей, Ө.Ч. Текебаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуусу эчак эле шайлоо дайындалганга чейин колдонгон. Шайлоого катышуу эркин  жана ыктыярдуу болуп саналат. Талапкерликке ниеттенген жөнүндө арызын бергенде, алгач шектүү, андан кийин айыпкер болуп, азыркы учурда – соттолуучу болгон  Ө.Ч. Текебаев анын процессуалдык статусу процессуалдык укуктун юрисдикциясы болгондуктан, талапкерлерге карата мыйзамдарда белгиленген талаптарды жана укукту ишке ашыруу шарттарын ал тараптан аткарууга тоскоол болушу мүмкүн экендигин аңдап сезиши керек. Шайлоо мыйзамдарда камакта турган, талапкерликке арызын берген талапкер тарабынан конституциялык Мыйзам менен белгиленген талапатарды сактоонун жана аткаруунун өзгөчө жол-жоболору каралган эмес. КР БШКны чечим кабыл алуу жана Ө. Текебаевге мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөөгө катышуу мүмкүнчүлүгүн (2017-жылдагы 4-августундагы арыз) “аны аткарууга көмөктөшкөн мамлекеттик органдарды милдеттендирген токтомду кабыл алуу жолу аркылуу” (2017-жылдагы 1-августундагы арыз) талабы укуксуз, себеби Ө. Текебаевдин соттолуучу сапатындагы учурдагы процессуалдык статусундагы бардык орун алмашуулары кылмыш жазык процессуалдык мыйзамдардын жана иш анын өндүрүшүндө болгон орган катары соттун юрисдикциясынын алкагында турат.    Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине ылайык, “Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында бардыгы бирдей”. БШКнын ыйгарым укуктарына, сот органдардын компетенциясына кирген, тактап айтканда, камакта кармалуучу жайда турган соттолуучунун орун алмашуусун же жеткиликтүүлүгү маселелерин чечүү кирбейт, себеби кылмыш-процессуалдык аракеттер кылмыш-процессуалдык ченемдер менен жөнгө салынат жана ишти өндүрүшкө алган органдардын юрисдикциясына кирет. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, КР БШК өз ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдорду, нускамаларды, жоболорду, башка актыларды чыгарат жана алардын аткарылышын контролдойт. КР БШК мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктарынын алкагында гана чечимдерди кабыл алууга укуктуу. А.Ж.Жолдошбековдун кайрылуусун жумушчу жыйналышта карап чыгып, аны камакта турган адамдын шайлоо укуктарынын бардык шарттарын ишке ашыруу механизминин жоктугу жөнүндө маалымдаган жана арыз ээсин сот органдарына кайрылууну сунуштаган.  2017-жылдын 25-июлунда Биринчи май райондук соту Ө.Текебаевдин адвокаты К.Хасановдун мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн тестрилөөгө катышууну камсыз кылуу жана ушул максаттарга соттолуучунун паспортун берүү өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан. 2017-жылдын 28-июлунда А.Ж.Жолдошбеков Бишкек ш. Район аралык  сотко төмөнкүдөй доо талаптары менен кайрылган: 1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Ө.Ч. Текебаевге мамлекеттик тилди билүүнү аныктоо үчүн тестирлөөгө катышуу, өтүү үчүн шарттарды түзбөгөндүгүндө көрсөтүлгөн аракетин (аракетсиздигин) мыйзамсыз деп табуу; 2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын талапкердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна шарттарды түзүү жолу менен кетирген бузууларды жокко чыгарууну милдеттендирүү. Бишкек ш. Район аралык  соттун 2017-жылдын 3-августундагы чечими менен шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жолдошбековдун арызы жарым-жартылай канааттандырылды: -сот БШКнын аракетсиздигин Ө.Текебаевге мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тесттен өтүү үчүн анын катышуусуна мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу тууралуу А.Жолдошбековдун арызын кароонун жыйынтыктары боюнча кандайдыр бир чечим (оң же терс) кабыл алынбагандыгы жагынан гана туура деп тапты -сот жогоруда көрсөтүлгөн доо талаптардын башка бөлүктөрүн канааттандыруудан баш тартты Мында, КР БШК Район аралык соттун чечимине макул болбогондуктан, ага даттанган, себеби арыз ээси тарабынан сот канааттандырган талап көрсөтүлгөн эмес жана сот өз чечиминде арыздын чегинен чыгып кеткен.  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  2017-жылдын 8-августундагы чечими менен Бишкек ш. район аралык  соттун 2017-жылдын 3-августундагы чечими күчүндө калтырылган. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топтун 2017-жылдын 10-августундагы чечимин эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесин, 52-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Ө.Ч. Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Ж. Жолдошбековдун арыздарын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу токтом кабыл алынды. (9 “макул”, 3 “каршы”). КР  БШКнын  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү
Кененирээк билүү >>
С.Н.Жапаровду  Кыргыз Республикасынын  Президентинин  кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө
10.08.2017

С.Н.Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө

2017-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-БШК) С.Н.Жапаровдон Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн. КР БШКсынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөр аныкталган:  Кыргыз Республикасынын Ички иштер минситрлигинин Маалыматтык технологиялардын башкы башкармалыгынын (25.07.2017-ж. чыг. № 7/6891)  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (28.07.2017-ж. чыг.№ 01-9/1362 ) маалыматы боюнча С.Н. Жапаров, Жогорку соттун 2013-жылдын 6-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) 30-беренесинин 1,4-бөлүктөрүндө (Кылмышка шериктеш болуу), 28-беренесинде (кылмыш далалаты), 295-беренесинде (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылган жана КЖКнын 56-беренесин колдонуу менен (Мыйзамда каралгандан жеңилирээк жаза белгилөө) 1 жыл 5 айга соттолгон. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: “жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу”. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык: “Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек”. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен (мындан ары – КР КМ) жогорку кызмат орунга - Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланууда жарандардын пассивдүү шайлоо укугу, соттуулук менен байланышкан чектөөлөргө ээ, тактап айтканда, КР КМнын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (02.08.2017-ж. чыг.№ 01-11/1382 ) маалыматы боюнча соттулукту жоюу мөөнөтү КР КЖКсынын 76-беренесинде каралган, ал эми соттуулукту алып салуу б.а. соттулуктун мөөнөтү аяктаганга чейин мөөнөтүнөн мурда жоюу маселеси Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин   373-беренесине ылайык соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча сот тарабынан чечилет. Соттуулукту алып салуу же жоюу КР КЖКсынын 76-беренесинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт. КР КЖКсынын 76-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык (кылмыш жасаган учурга карата 2013-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясында) өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин он жыл өткөндө соттуулук жоюлат. С.Н. Жапаров КР КЖКнын 295-беренеси боюнча соттолгон, анда төмөнкү каралган: Бийлик Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен күчкө салып тартып алынганда же бийлик күч менен кармалып турганда, ошого тете ушундай эле аракеттер Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күчкө салып өзгөртүүгө багытталганда, он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. КР КЖКнын 13-беренесине ылайык, Өзгөчө оор кылмыштарга - мыйзам тарабынан он жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган атайылап жасалган кылмыштар таандык. Жогорку соттун 2013-жылдын 6-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) 30-беренесинин 1,4-бөлүктөрүндө (Кылмышка шериктеш болуу), 28-беренесинде (кылмыш далалаты), 295-беренесинде (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылган жана КЖКнын 56-беренесин колдонуу менен 1 жыл 5 айга соттолгон. Жазасын өтөгөндүгү үчүн С.Н. Жапаров соттун залынан бошотулган. КР КЖКнын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерине ылайык, С.Н. Жапаровдун соттуулугу жоюла элек. КР КЖКнын 76-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, эгерде соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин өзүн кынтыксыз алып жүрсө, сот соттуулугунун жоюлуш мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматы боюнча (02.08.2017-ж. чыг.№ 01-11/1382) С.Н. Жапаровдун соттуулугу алып салынгандыгы тууралуу маалыматка ээ эмес. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, С.Н. Жапаровдун бүгүнкү күнгө карата белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган  соттуулугу бар. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган. КР КМнын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз. Ушундан улам, С.Н. Жапаров алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына шайланууга укугу жок б.а. пассивдүү шайлоо укугуна ээ эмес. “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 4,5-бөлүктөрүн, 53-беренесинин 7-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы С.Н.Жапаровго Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартты. КР БШКнын аппаратынын маалыматтык кызматы
Кененирээк билүү >>
1 … 411 413 … 483

Акыркы жаңылыктар

26.09.2026 ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу 25.09.2026 Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө 25.09.2026 Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу! 25.09.2026 «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду 25.09.2026 «Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды 25.09.2026 КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо боюнча иш-чаралардын календардык планын бекитти