Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участкалары түзүлдү
07 августа 2017
2017-жылдын 7-августунда КР БШКнын жыйынында Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участкаларын түзүү тууралуу токтом кабыл алынды.
Борбор шаарында:
- Ленин районунун аймагында – 1;
- Биринчи май районунун аймагында – 4;
- Свердлов районунун аймагында – 1 шайлоо участкасы ачылды.
Эске салсак, мурун Бишкек шаары боюнча 27 кошумча участкалар ачылган болчу. Кошумча шайлоо участкалары шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда гана түзүлүп, иштейт.
Чечим “Ак-Ордо”, “Тынчтык”, “Жениш”, “Мурас-Ордо”, “Калыс-Ордо”, “Ак-Тилек”, “Келечек” турак жай массивдеринин жашоочуларынын кайрылууларынын жана Бишкек шаарынын мэриясынын сунушу менен кабыл алынды.
Кошумча шайлоо комиссиясынын тутумун түзүү боюнча Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында Бишкек шаарынын шайлоочуларына, саясий партияларга, коомдук уюмдарга жана Бишкек шаардык кеңешине, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органына шайлоо комиссиясын тутумун толуктоо максатында Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын кайрылуусу жарыяланган.
КР БШКнын маалыматтык бөлүмү
