КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселелерди карады
07 августа 2017
2017-жылдын 7-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди каттоодон баш тартуу жөнүндө маселелерди карап, токтом кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Н.Мамедов жана А.Сартаевдан 2017-жылдын 1-августунда өздөрүнүн талапкерлигин алып салуу боюнча Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына берген арыздарын канааттандыруу тууралуу чечим кабыл алынды.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары арыздарын берген М.К.Кыдыралиева, М.Т.Айманбаев жана К.А. Токтобаева өздөрү көрсөтүлгөн күндөн баштап 5 календардык күндүн ичинде шайлоо фондусун түзө албай калгандыгына байланыштуу аларды каттоодон баш тартылды.
Ошондой эле жыйында Кыргыз Республикасынын Конституциясында каралган Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына жаш курагы жетпегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Р.П.Ремневди талапкер катары каттоодон баш тартылды.
2017-жылдын 8-августундагы маалыматка караганда Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин саны 52 болду.
