БШК Кыргыз Респрубликасынын Президенти кызматына К.А. Токтобаевди каттоодон баш тартты

07 августа 2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.А. Токтобаев Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзө алган эмес. Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 7-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.А. Токтобаевди  талапкер катары каттоодон баш тартты.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү