Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 15-октябрындагы Президенттик шайлоого карата эл аралык байкоочулардын күбөлүгүнүн үлгүсүн бекитти
15 августа 2017
15-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында 2017-жылдын 15-октябрындагы Президенттик шайлоого карата эл аралык байкоочулардын күбөлүгүнүн үлгүсү бекитилди. Эл аралык байкоочулардын күбөлүгү-анын статусун күбөлөндүрүүчү документ. Күбөлүк түстүү эки беттүү ак бланкага кыргызча, орусча же кыргыз, ангилис тилдеринде жазылып, жасалгаланат.
Алдыдагы КР Президентин шайлоого эл аралык байкоочулардын көбүрөөк келиши күтүлүүдө. Казакстан менен Литва республикасынын БШКсынан, Ханс Зайдел фондусунан, (Германия) Норвегия Хельсинки комитетинен келген алгачкы эл аралык байкоочулар аккредитациядан өтүштү.
КР БШК апппаратынын маалыматтык бөлүмү
