КР БШК Б.М.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартты

18 августа 2017

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 2017-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкер Б.М.Керимбековдон Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу” № 331 токтомун жокко чыгаруу боюнча арызы түшкөн.

Б. Керимбековдун арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ (мындан ары –Жумушчу топ)  төмөнкүлөрдү белгилейт:

Бул токтом КР БШКнын расмий сайтына 2017-жылдын 7-августунда жайгаштырылып, «ЭркинТоо» газетасынын 2017-жылдын 11-августундагы № 92 (2817) чыгарылышында жарыяланган

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 44-беренесине ылайык, арыздар (даттануулар), шайлоо субъектине анын укуктары бузулганы, чечимдер кабыл алынганы, аракеттер (аракетсиздиктер) жасалганы жөнүндө белгилүү болгон учурдан тартып токтоосуз, бирок 2 календардык күндөн кечиктирбестен берилет

Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексинин 201-беренесинин 1,3,4-бөлүктөрүнө ылайык, шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечими, аракети (аракетсиздиги) менен шайлоо процессинин субъекттеринин шайлоо укуктары бузулуп жатат деп эсептеген жаран же шайлоо процессинин башка субъекти сотко арыз менен кайрылууга укуктуу. КР БШКнын чечимдери жана (же) аракеттери (аракетсиздиги) түздөн-түз сотко даттанылат.

Жумушчу топ Б.М.Керимбеков, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 7-августундагы “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын 2017-жылдын 2-августундагы “Бишкек шаарынын аймагында кошумча шайлоо участокторун түзүү жөнүндө” № 11/1 чечимин бекитүү тууралуу” № 331 токтомун жокко чыгаруу боюнча арызы менен түздөн-түз сотко кайрылышы керек болчу деп эсептейт, анткени мыйзамдар менен КР БШКнын чечимдери (токтомдору) түздөн-түз сотко даттанылат деп каралган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Жумушчу топтун сунушу боюнча КР БШК Б.М.Керимбековдун арызын канааттандыруудан баш тартуу тууралуу чечим кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү