КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун кол топтоо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун бекитти

16 августа 2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабановдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн 107 000 кол коюлган баракчалар түшкөн.  

Кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун чыгарган жыйынтыгына ылайык  жараксыз жана туура эмес  767 кол аныкталган, бул жалпы кол коюлган баракчалардын эсебинен чыгарылгандардын   саны 3 835ти  түзөт.

Кол коюлган баракчаларды текшерүү боюнча Жумушчу тобунун берген аныктамасына ылайык 103 165 кол жарактуу деп табылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү