Борбордук шайлоо комиссиясы аймактарда жумушчу жыйын өткөрүүдө

Борбордук шайлоо комиссиясы  аймактарда жумушчу жыйын өткөрүүдө

17 августа 2017

Бүгүн,  2017-жылдын 17-августунда  КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүнүн  алкагында Баткен облусунун аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын активи  менен жолукту.

Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы жыйындын катышуучуларына шайлоо процессинин негизи этаптары  тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле шайлоону камсыздоо боюнча уюштуруу-техникалык, шайлоочулардын тизмесин тактоо, участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөүн АСУ  автоматтык саноо түзмөктөрүн үйрөтүү, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешкен  аракеттери  жөнүндө маселелер талкууланды.  

КР БШКнын төрагасы Н.Шайлдабекова ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген  шайлоочуларга  камкор  мамиле жасоонун маанисин белгилеп, 15-октябрда өзүнүн тандоосун өткөрүүгө ар бирибиз кошунага көмөк көрсөткөн, “Кошунаңды ээрчите кел” деген шайлоо күнкү акция тууралуу баяндап берди.  

“Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо АШК жана УШКнын бардык кызматкерлери менен адистери аракеттеги мыйзамдын бардык нормалары менен талаптарын аткарууну камсыз кылып, ошондой эле шайлоо процессинин бардык катышуучуларына  бирдей  мүмкүнчүлүк  түзүү керек”-деп белгиледи Н.Шайлдабекова.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү