Кыргызстандын жашоочулары Борборшайлоокомдун WhatsApp каналын активдүү колдоно башташты

21 августа 2017

2017-жылдын 16-августунан баштап,  Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссияда кыргызстандыктар менен дайыма байланышта боло турган WhatsApp каналы ачылган.  Беш күндүн ичинде +996 770 660 240 номерине жүздөн ашуун суроо келип түштү.

Кайрылгандар көбүнчө:

-каттоодо турбаган жерден добуш берүү;

-республикадан тышкары жерлерден добуш берүү;

-шайлоочулардын тизмесинен жеке маалыматтын текшерүү жөнүндө суроолор келип түшүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын  (ММК) ишмердиги боюнча да көптөгөн суроолор келип, алар оперативдүү түрдө  МККнын маалымат борборуна берилет. Ошондой эле Борборшайлоо комиссиясынын ишмердиги менен байланышпаган  суроолор да түшүүдө. Мисалы, жер участогун бөлүп берүү же пенсияны көбөйтүү тууралуу.

WhatsApp каналы менен шайлоо процессине байланышкан гана суроолор менен кайрылуу керек экендигин  эске салабыз. Ошондой эле коомдук кабылдама да  иштеп жатат, тел.( 0312)  660 240.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү