КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун кол топтоо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун протоколун бекитти

18 августа 2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Жээнбековдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн 49 779 кол коюлган баракчалар түшкөн.  

Кол топтоо баракчаларын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун чыгарган жыйынтыгына ылайык  жараксыз жана туура эмес  762 кол аныкталган, бул жалпы кол коюлган баракчалардын эсебинен чыгарылгандардын  саны 3 810ду түзөт.

Кол коюлган баракчаларды текшерүү боюнча Жумушчу тобунун берген аныктамасына ылайык 45 969 кол жарактуу деп табылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү