Башкы Жаңылыктар

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 7-апрель - элдик ревоюция күнүнүн 8 жылдыгы карата куттуктоосу
06.04.2018

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 7-апрель - элдик ревоюция күнүнүн 8 жылдыгы карата куттуктоосу

Урматтуу Кыргызстандыктар! Сиздерди 7-апрель - элдик ревоюция күнүнүн 8 жылдыгы менен куттуктайм! 2010-жылдын 7-апрелинде кыргыз эли  зомбулукка,  үй-бүлөлүк башкарууга каршы туруп  мыйзамдуулук, Мекен, элдин келечеги, туруктуу өнүгүү, адилеттүүлүк, тынч жашоо үчүн чечкиндүү кадамга барышты.    7-апрелдеги элибиздин  эрдигинин аркасы менен Кыргызстан эркин, демократиялык өнүгүү жолуна түштү. Кыска мөөнөттүн аралыгында өлкөбүз ондогон жылдарга тете жолду басып өтүп, күчтүү, келечекке багыт алган коомго айландык.Үй-бүлөлүк башкарууга жол берилбей, бийлик бир ууч топтун колуна кармалбай, шайлоолордун таза жана акыйкат өтүшү буга мисал боло алат. Биздин максат Кыргызстандын эртеңи үчүн кара жанын аябай окко учкан, жаракат алган  мекендештерибиздин үмүт-тилегин актап, жакшы жашоону камсыздоо менен  мамлекетибизди өнүктүрүү.  Сиздерге бекем ден-соолук, бакыт, ийгиликтерди каалайм! Терең урматым менен,                                     Н.Шайлдабекова
Кененирээк билүү >>
КР БШК “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын кайрылуусундагы талаптарды канааттандыруудан баш тартты
06.04.2018

КР БШК “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын кайрылуусундагы талаптарды канааттандыруудан баш тартты

2015-жылдын 13-октябрында КР БШК дарегине “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын төрагасы Ө.Ч.Текебаевден (чыг.№001/15-306) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкүлөрдү: Самат Гульнара-Клараны, Т.Б.Балтабаевди, Т.М.Узакбаевди, Р.Мирзаматовду жана Н.Ж.Бакированы чыгарып салуу тууралуу кат, тиркемесинде жогоруда аты аталган адамдардын машинкада жазылган бир түркүн форматтагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен аталган адамдарды чыгарып салуу тууралуу арыздар менен кошо Т.А.Токтакунова аттуу жаран алардын кызыкчылыгын коргоосу боюнча 2015-жылдын 18-августундагы нотариалдык тастыкталган ишеним каттары (бир жылга берилген 2016-жылдын 19-августуна чейин) келип түшкөн. 2015-жылдын 13-октябрында “Ата-Мекен” саясий партиясы тарабынан “шайлоо мыйзамдарында каралбаган иш аракет” жасалгандыгына байланыштуу, аталган кайрылуу бардык тиркемелери менен кошо, КР БШКнын (чыг. №01-1/12-3065) каты менен кайтарылган. Ошол учурда “Ата-Мекен” с/п ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Токтакунова материалдардын топтомун алгандыгы тууралуу кол койгон (2015-жылдын 14-октябры, саат 09-20). 2015-жылдын 14-октябрында Дж.К.Оторбаевден 2015-ж 12-октябрындагы (кириш №01-1/12к-99) жана А.А.Сасыкбаевадан 2015-ж 12-октябрындагы (кириш №01-1/12к-100), “аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен” чыгаруу жөнүндө арыздар келип түшкөн. 2015-жылдын 15-октябрында КР БШК аталган арыздардын негизинде “Ата-Мекен” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына сунушталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө” 152-Чечимди кабыл алган. Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Прездидентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган: “Саясий партиялар тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө КР БШКга жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат” (2015-ж редакция). 2015-жылдын 15-октябрында КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө” №173 Токтому менен саясий партиялар боюнча добуш берүүнүн натыйжасына ылайык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөн. №2-тиркеме менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылгандардын тизмеси бекитилген. Ошентип, 15-октябрга чейин, же мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин, (“Ата-Мекен” саясий партиясынын тизмеси боюнча) КР БШКга белгиленген тартипте эки гана талапкерден, Дж.К.Оторбаевден жана А.А.Сасыкбаевадан арыз келип түшүп, алар канаатандырылган. 2018-жылдын 29-мартында КР БШКга “Ата-Мекен” саясий партиясынын төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдон 2018-жылдын 29-мартындагы (чыгыш №00/18-16, кириш №01-14/343 ) кайрылуу келип түшкөн. Анда белгиленгендей, 2015-жылдагы кат каралбастан “түшүнүксүз мазмундагы” коштомо кат менен кайтарылган, ошондуктан партия “2015-жылдагы документтерди” кайра жөнөтүп жаткандыгы жазылган, аталган маселени маселесин КР БШКнын олтурумунда карап чыгууну суранган. Белгилей кетчү нерселер: 1) “2015-жылдагы материалдар” деп тиркелген топтом 2015-жылы берилгенден айырмаланып турат. Ошентип, азыркы кайрылууда, 2015-жылдагы жарандык ишеним каттар тиркелген машинкада басылган бир түрдүү арыздардан тышкары, көрсөтүлгөн адамдардын колу менен жазылган арыздар да бар. Кол менен жазылган арыздардын датасы жок, бирок А.Н.Шыкмаматовдун коштомо катына караганда, алар “2015-жылдагы документтер” болуп эсептелет. 2) Катта көрсөтүлгөндөй, аталган беш талапкердин бири – Н.Ж.Бакирова боюнча БШК “Ата-Мекен” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечим (20.02.2018-ж №2 чечим) кабыл алган. Ага байланыштуу А.Н.Шыкмаматов “калган талапкерлер боюнча маселе ачык боюнча калды” деп белгилеп, тизмеде берилген калган адамдар боюнча да маселени “ырааттуу” чечүүнү суранат. Бул маселе боюнча, чечим КР БШКга 2018-жылдын 14-февралында Н.Бакированын өзү тапшырган арызынын негизинде кабыл алынгандыгын КР БШК белгилейт. Андан да, арызды кароодо Бакирова өзү катышкан, анткени ал мурда талапкерлердин тизмесинде болуу маселелерди өзүнүн катышуусуз карабоо жөнүндө КР БШКга арыз менен кайрылган болчу. Б.а. КР БШК Н.Ж.Бакирова боюнча чечимди кабыл алууда 2015-жылдагы арыз боюнча эмес, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча жеке өзү тапшырган актуалдуу арызы боюнча кабыл алынган. 3) 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу учурунда талапкерлерди массалык түрдө партиялык тизмелерден чыгаруунун натыйжасында катталган тизмелерден чыгаруу боюнча бир катар саясий партияларда талапкерлердин арыздарынын актуалдуулугу жана юридикалык күчү боюнча талашкан чыр чатактар чыгып, соттук процесстерге жана ачык жаңжалдарга чейин жеткен. Андан да, КР ИИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер айымдын арызы боюнча кылмыш иши да козголгондугу тууралуу да маалымдалган. Ал өз арызында, тизмеден чыгаруу боюнча арыз шайлоодон бир топ мурда жазылып, ал эми арызда коюлган датасы саясий партиянын штабы тарабынан жасалмаланган деп жазган. 2015-жылдын 20-октябрында КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов отурумда билдиргендей, шайлоо комиссиясына кайрылган талапкерлер алардын арыздары өздөрүнүн кабарлануусуз жана катышуусуз каралбоосун өтүнө башташкан. Алардын арасында жогорудагы аталган тизмедеги Т.Балтабаев да, ошондой эле ушул партиядан талапкерлер У.К.Нуркулов жана А.К.Козубаев да болгон. Партиялар менен талапкерлердин чыр-чатактарынын натыйжасында 2015-жылдын октябрынын 15нен 23нө чейин, КР БШК тарабынан талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу боюнча бир катар чечимдер соттук тартипте жокко чыгарылган. Сотто утуп чыккан талапкерлердин укуктары калыбына келтирилип, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайланган депутаттар деп таанылып, анан депутат катары катталышкан. Ошого байланыштуу КР БШК жеке өзү жазган арызды же арыз берүүчү бышыктаган нотариалдык тастыкталган арыздардарды гана кабыл алууну колдонуп келет. Ал мезгил ичинде “Ата-Мекен” с/п тарабынан тиешелүү тартипте арыз берүү менен талапкерлерди тизмеден чыгаруу боюнча расмий кайрылуулар болгон эмес, балким, “мандаттык” жаңжалдарга байланыштуу пайда болгон коомдук резонанс жана кээ бир саясий партиялардын жана алардын лидерлеринин рейтингинин түшүп кетүүсү эске алынгандыр. 4) 2015-жылдан ушул күнгө чейин Ата-Мекен с/п катталган тизмесинен (Дж.К.Оторбаевден жана А.А.Сасыкбаевадан тышкары) дагы 5 талапкер: У.К.Нуркулов, А.К.Козубаев, С.Ч.Борбашев, М.Наспеков жана Н.Бакирова чыгарылган. Аларга байланыштуу КР БШКнын бардык чечимдери алардын жеке өзү тарабынан берилген арыздардын негизинде, аракеттеги шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык кабыл алынган. 5) Андан ары, 2018-жылдын 29-мартындагы “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын кайрылуусуна байланышкан төмөнкү шарттарды эске алуу керек: - КР ЖК депутаттык бош калган мандаттын пайда болушуна байланыштуу (КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” 2018-жылдын 3-мартындагы №44 токтому), КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде кийинки орунда турган Самат Гульнара-Клара Жогорку Кеңештин депутаты болуу ниетин ырастады. Азыркы учурда КР ЖК депутаттыгына талапкердин мыйзам талаптары боюнча депутаттык кызмат орунга ылайыктуулугун текшерүү процесси жүрүп жатат. Самат Г.-К. анын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан башка да жарандыгы бар экендиги тууралуу коомчулуктан түшүп жаткан маалыматтарды текшерүү үчүн Жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугун берди. 2018-жылдын 4-апрелинде КР ЖК депутаттыгына талапкер Самат Гульнара-Кларанын КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө маселени өзүнүн жеке катышуусуз карабоону өтүнгөн арызы келип түшкөн. 2018-жылдын 5-апрелинде КР ЖК депутаттыгына талапкер Самат Гульнара-Кларадан дагы бир арыз келип түшкөн, анда: “2015-жылы берилген КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызымды чакыртып алам. Аны жокко чыгарылган деп эсептөөнү суранам”, деп көрсөтүлгөн. 2. КР ЖК дагы бир мандаттын бош калуу мүмкүндүгү пайда болгондугуна байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн тизмеден чыгарылууга тийиш болгон талапкер Т.Балтабаев, 2018-жылдын 27-мартында интернет тармагы аркылуу чыгып сүйлөп, бош мандат пайда болуп калса КР ЖК депутаты болууга ниетин билдирди. (Ташполот Балтабаев: Жогорку Кенеш - не личная контора Текебаева. vesti.kg 2018-жылдын 30-мартында КР БШКга КР ЖК депутаттыгына талапкер Т.Б.Балтабаевден (Ата-Мекен с/п) арыз келип түшкөн, анда: “6-чакырылыштагы КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен менин талапкерлигимди ыктыярдуу алып салуу тууралуу “Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Ө.Ч.Текебаевдин 2015-жылдын 13-октябрдагы жана “Ата-Мекен” с/п төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдун 2018-жылдын 29-мартындагы каттары – бул кызматтык будамайлоо” деп көрсөткөн. “Мен 2010-жылдын 6-октябрында КР БШКнын жалпы бөлүмүнө келип, өз колум менен “КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен өз талапкерлигимди алып салуу жөнүндөгү арыз сыяктуу кагазды жараксыз деп табуу боюнча арыз жазганмын” деп катта көрсөтүлгөн. 3. 2018-жылдын 30-мартында КР БШКга КР ЖК депутаттыгына талапкер Т.М.Узакбаевден (“Ата-Мекен” с/п) төмөндөгүдөй арыз түшкөн: Менин “Ата-Мекен” партиясынан КР ЖК депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө мурда берилген арызымды жараксыз деп табууңарды суранам. 4. Ошондой эле, 2018-жылдын 2-апрелинде КР ЖК депутаттыгына талапкер Р.Мирзаматовдон (“Ата-Мекен” с/п): “Мен Мирзаматов Рыспек Мамырович, 2015-жылдагы депутаттардын катталган тизмесинен чыгуу боюнча өзүмдүн берген арызымды чакыртып алам” деген арыз келип түшкөн. Конституциялык Мыйзамдын аракеттеги редакциясына ылайык, БШК чечим кабыл алганга чейин талапкерлердин өз арызын кайра чакыртып алууга укугу бар. Жогорудагылардын негизинде, КР БШК “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын 2018-жылдын 29-мартындагы кайрылуусундагы (кир.№ 01-14/343) жогорудагы адамдарды КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу боюнча чечим кабыл алды. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Куршаб жана Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоолор болуп өттү
06.04.2018

Куршаб жана Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоолор болуп өттү

Бүгүн, 2018-жылдын 6-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын, жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоолор болуп өттү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары Куршаб айыл өкмөтүнүн башчылыгына А.Ташиевди шайлашты. Ал айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган болчу. Шайлоого 31 депутаттын баары катышты. Баары болуп 4 талапкер катышты. Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин депутаттары Шекер айыл өкмөтүнүн башчылыгына С.Жунусовду шайлашты. Ал айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган болчу. Болгону бир талапкер катталган. 11 депутаттын 10 катышты. Шайлоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эч кандай мыйзам бузууларсыз өттү. КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү  
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы Бишкек, Ысык-Ата жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти
06.04.2018

КРнын БШКсы Бишкек, Ысык-Ата жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти

2018-жылдын 6-апрелинде, КРнын БШКсы Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек, Ысык-Ата жана Каракол аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Тактап айтканда: -Бишкек шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” депуттатык фракциясынын депутаты Д. Маткасымов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Апсатар уулу Айжигитке өткөрүлүп берилди; -Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык кеңешиндеги “Табылга” депуттатык фракциясынын депутаты Э. Исмаилакунова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Б.Арыкбековго өткөрүлүп берилди; -Чүй облусунун Кант шаардык кеңешиндеги “Ак-Шумкар” депуттатык фракциясынын депутаты А. Орозобекова өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Л. Дедковага өткөрүлүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
04.04.2018

КРнын БШКсы кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 4-апрелинде, КРнын БШКсы Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука, Тоң жана Кочкор аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Тактап айтканда: -Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутат М. Ныязбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Ч. Абдумомуновго өткөрүлүп берилди. -Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айылдык кеңешиндеги депутат Б. Садыков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А. Жумабаевге өткөрүлүп берилди. - Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Улахол айылдык кеңешиндеги депутат Т. Кулакунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А.Абдразаковага өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Кочкор районунун Соң-Көл айылдык кеңешиндеги депутат М. Дуйшекеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Шейшенбек уулу Аязбекке өткөрүлүп берилди; - Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылдык кеңешиндеги депутат Р. Абакиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Т.Солтонкуловго өткөрүлүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн  башчысын шайлоо дайындалды
04.04.2018

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды

2018-жылдын 4-апрелинде КР Борбордук шайлоо комиссиясы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындады. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 29-мартындагы № 66-т буйругу менен Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кыдырбаев, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган. КР БШКнын токтомуна ылайык Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 23-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Ак-Суу  аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы 2018-жылдын 13-майына дайындалган кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
04.04.2018

КРнын БШКсы 2018-жылдын 13-майына дайындалган кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти

2018-жылдын 4-апрелинде КРнын БШКсы Аксы жана Сокулук аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдери аркылуу берилген сунуштарынын негизинде, 2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Жалпысынан 6 шайлоо округу жана 7 шайлоо участкасы бекитилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди
04.04.2018

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди

КР БШК Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтом С. Абдурасуловдун берген арыздарынын негизинде жана ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын курамын толуктоо үчүн кабыл алынды. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан С. Абдурасулов («Туран» саясий партиясынан) чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги З. Туйчиева («Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан), К.Акунов, К. Болотбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосу дайындалды
30.03.2018

Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосу дайындалды

2018-жылдын 30 мартында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосун дайындады. 2018-жылдын 30-мартына дайындалган Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок. КР БШКнын токтомуна ылайык У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 13-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды. "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес. Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
30.03.2018

КРнын БШКсы кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

2018-жылдын 30-мартында, КР БШК Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Талас жана Майлуу-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти. Тактап айтканда: -Талас облусунун Талас шаардык кеңешиндеги “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан депутат П. Аблабеков соттолгондугуна байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Джумабаевге өткөрүп берилди; -Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаардык кеңешиндеги “Ата-Мекен” саясий партиясынан депутат Т. Бакиров өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – М. Мамытовго өткөрүп берилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КРнын БШКсы Жалал-Абад жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
30.03.2018

КРнын БШКсы Жалал-Абад жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 29-мартындагы ПЖ №63 Жарлыгына ылайык, Жалал-Абад жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2018-жылдын 13-майына дайындалды. КРнын БШКсы 2018-жылдын 30-мартында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин, Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш чараларынын календардык планын бекитти. Кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону өткөрүүгө жалпы чыгымдардын суммасын 1 219 900 (бир миллион эки жүз он тогуз миң тогуз жүз ) сом түздү. 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп “РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы аныкталды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
30.03.2018

Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

2018-жылдын 30-мартында КРнын БШКсы 2018-жылдын 27-мартындагы өткөн Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдорун бекитти. Ушул протоколдордун негизинде Ананьево айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Кубат уулу Таалайбек айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды. Шайланган айыл өкмөт башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында алдын-ала текшерүү тестинен өтүштү
27.03.2018

КР БШКнын кызматкерлери кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо максатында алдын-ала текшерүү тестинен өтүштү

2018-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана Бишкек АШКнын кызматкерлери КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомунун алкагында жүргүзүлө турган кыргыз-тилин билүү деңгээлин аныктоого багытталган тестке даярдык көрүү үчүн «Кыргызтесттин» алдын-ала текшерүү тестинен өтүштү. Тестти «Кыргызтесттин» көчмө тобунун кызматкерлери жүргүзүп, баардыгы болуп 50 кызматкер катышып, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты. 2018-жылдын апрель айынан тарта бул тестти мамлекеттик кызматкерлер милдеттүү түрдө тапшырып, керектелүүчү 60% көрсөткүчтөн жогорку баллды топтогон кызматкерлер тесттен өттү деп табылат. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Токмок шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
24.03.2018

Токмок шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди

2018-жылдын 24-мартында КР БШК 2018-жылдын 17-мартындагы өткөн Токмок шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдорун бекитти. Ушул протоколдордун негизинде Токмок шаарынын мэрин шайлоо өттү деп таанылып, шаар мэри болуп Амангельдиев Данияр Джолдошевич таанылды. Шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитти
24.03.2018

КР БШК жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитти

2018-жылдын 24-мартында БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо шайлоо участкалар үчүн көрнөктөрдүн жана календардын тексттерин бекитти. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын атайын өкүлдөрүнө участкалык шайлоо комиссияларга эске алуу үчүн жеткирүү тапшырылды. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК 2018-жылдын 13-майына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти
24.03.2018

КР БШК 2018-жылдын 13-майына дайындалган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоого карата шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти

Бүгүн, 2018-жылдын 23-мартында КР БШК 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын, Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо округдарынын жана участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитти. Жалпысынан 12 шайлоо округу жана 20 шайлоо участкасы бекитилди. КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
1 … 381 383 … 483

Акыркы жаңылыктар