Куршаб жана Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоолор болуп өттү

06 апреля 2018

Бүгүн, 2018-жылдын 6-апрелинде Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын, жана Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоолор болуп өттү. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары Куршаб айыл өкмөтүнүн башчылыгына А.Ташиевди шайлашты. Ал айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган болчу. Шайлоого 31 депутаттын баары катышты. Баары болуп 4 талапкер катышты.

Ошондой эле, жергиликтүү кеңештердин депутаттары Шекер айыл өкмөтүнүн башчылыгына С.Жунусовду шайлашты. Ал айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна жергиликтүү кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган болчу. Болгону бир талапкер катталган. 11 депутаттын 10 катышты.

Шайлоолор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, эч кандай мыйзам бузууларсыз өттү.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү