Башкы Жаңылыктар КР БШК “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын кайрылуусундагы талаптарды …

КР БШК “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын кайрылуусундагы талаптарды канааттандыруудан баш тартты

06-Апр, 2018

2015-жылдын 13-октябрында КР БШК дарегине “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын төрагасы Ө.Ч.Текебаевден (чыг.№001/15-306) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен төмөнкүлөрдү: Самат Гульнара-Клараны, Т.Б.Балтабаевди, Т.М.Узакбаевди, Р.Мирзаматовду жана Н.Ж.Бакированы чыгарып салуу тууралуу кат, тиркемесинде жогоруда аты аталган адамдардын машинкада жазылган бир түркүн форматтагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен аталган адамдарды чыгарып салуу тууралуу арыздар менен кошо Т.А.Токтакунова аттуу жаран алардын кызыкчылыгын коргоосу боюнча 2015-жылдын 18-августундагы нотариалдык тастыкталган ишеним каттары (бир жылга берилген 2016-жылдын 19-августуна чейин) келип түшкөн.

2015-жылдын 13-октябрында “Ата-Мекен” саясий партиясы тарабынан “шайлоо мыйзамдарында каралбаган иш аракет” жасалгандыгына байланыштуу, аталган кайрылуу бардык тиркемелери менен кошо, КР БШКнын (чыг. №01-1/12-3065) каты менен кайтарылган. Ошол учурда “Ата-Мекен” с/п ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А.Токтакунова материалдардын топтомун алгандыгы тууралуу кол койгон (2015-жылдын 14-октябры, саат 09-20).

2015-жылдын 14-октябрында Дж.К.Оторбаевден 2015-ж 12-октябрындагы (кириш №01-1/12к-99) жана А.А.Сасыкбаевадан 2015-ж 12-октябрындагы (кириш №01-1/12к-100), “аларды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен” чыгаруу жөнүндө арыздар келип түшкөн. 2015-жылдын 15-октябрында КР БШК аталган арыздардын негизинде “Ата-Мекен” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына сунушталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө” 152-Чечимди кабыл алган. Аталган чечим “Кыргыз Республикасынын Прездидентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган: “Саясий партиялар тарабынан сунушталган талапкерлеринин тизмесинде турган талапкер добуш берүүдөн кийин депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө КР БШКга жазуу жүзүндө арыз менен кайрылууга укуктуу. Борбордук шайлоо комиссиясы аны талапкерлердин тизмесинен чыгарып салуу тууралуу чечим кабыл алат” (2015-ж редакция).

2015-жылдын 15-октябрында КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө” №173 Токтому менен саясий партиялар боюнча добуш берүүнүн натыйжасына ылайык депутаттык мандаттар бөлүштүрүлгөн. №2-тиркеме менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланды деп таанылгандардын тизмеси бекитилген.

Ошентип, 15-октябрга чейин, же мандаттар бөлүштүрүлгөнгө чейин, (“Ата-Мекен” саясий партиясынын тизмеси боюнча) КР БШКга белгиленген тартипте эки гана талапкерден, Дж.К.Оторбаевден жана А.А.Сасыкбаевадан арыз келип түшүп, алар канаатандырылган.

2018-жылдын 29-мартында КР БШКга “Ата-Мекен” саясий партиясынын төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдон 2018-жылдын 29-мартындагы (чыгыш №00/18-16, кириш №01-14/343 ) кайрылуу келип түшкөн. Анда белгиленгендей, 2015-жылдагы кат каралбастан “түшүнүксүз мазмундагы” коштомо кат менен кайтарылган, ошондуктан партия “2015-жылдагы документтерди” кайра жөнөтүп жаткандыгы жазылган, аталган маселени маселесин КР БШКнын олтурумунда карап чыгууну суранган.

Белгилей кетчү нерселер:

1) “2015-жылдагы материалдар” деп тиркелген топтом 2015-жылы берилгенден айырмаланып турат. Ошентип, азыркы кайрылууда, 2015-жылдагы жарандык ишеним каттар тиркелген машинкада басылган бир түрдүү арыздардан тышкары, көрсөтүлгөн адамдардын колу менен жазылган арыздар да бар. Кол менен жазылган арыздардын датасы жок, бирок А.Н.Шыкмаматовдун коштомо катына караганда, алар “2015-жылдагы документтер” болуп эсептелет.

2) Катта көрсөтүлгөндөй, аталган беш талапкердин бири – Н.Ж.Бакирова боюнча БШК “Ата-Мекен” саясий партиясынан КР ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча чечим (20.02.2018-ж №2 чечим) кабыл алган. Ага байланыштуу А.Н.Шыкмаматов “калган талапкерлер боюнча маселе ачык боюнча калды” деп белгилеп, тизмеде берилген калган адамдар боюнча да маселени “ырааттуу” чечүүнү суранат.

Бул маселе боюнча, чечим КР БШКга 2018-жылдын 14-февралында Н.Бакированын өзү тапшырган арызынын негизинде кабыл алынгандыгын КР БШК белгилейт. Андан да, арызды кароодо Бакирова өзү катышкан, анткени ал мурда талапкерлердин тизмесинде болуу маселелерди өзүнүн катышуусуз карабоо жөнүндө КР БШКга арыз менен кайрылган болчу. Б.а. КР БШК Н.Ж.Бакирова боюнча чечимди кабыл алууда 2015-жылдагы арыз боюнча эмес, талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча жеке өзү тапшырган актуалдуу арызы боюнча кабыл алынган.

3) 2015-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу учурунда талапкерлерди массалык түрдө партиялык тизмелерден чыгаруунун натыйжасында катталган тизмелерден чыгаруу боюнча бир катар саясий партияларда талапкерлердин арыздарынын актуалдуулугу жана юридикалык күчү боюнча талашкан чыр чатактар чыгып, соттук процесстерге жана ачык жаңжалдарга чейин жеткен.

Андан да, КР ИИМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка талапкер айымдын арызы боюнча кылмыш иши да козголгондугу тууралуу да маалымдалган. Ал өз арызында, тизмеден чыгаруу боюнча арыз шайлоодон бир топ мурда жазылып, ал эми арызда коюлган датасы саясий партиянын штабы тарабынан жасалмаланган деп жазган.

2015-жылдын 20-октябрында КР БШКнын төрагасы Т.Абдраимов отурумда билдиргендей, шайлоо комиссиясына кайрылган талапкерлер алардын арыздары өздөрүнүн кабарлануусуз жана катышуусуз каралбоосун өтүнө башташкан. Алардын арасында жогорудагы аталган тизмедеги Т.Балтабаев да, ошондой эле ушул партиядан талапкерлер У.К.Нуркулов жана А.К.Козубаев да болгон.

Партиялар менен талапкерлердин чыр-чатактарынын натыйжасында 2015-жылдын октябрынын 15нен 23нө чейин, КР БШК тарабынан талапкерлерди катталган тизмеден чыгаруу боюнча бир катар чечимдер соттук тартипте жокко чыгарылган. Сотто утуп чыккан талапкерлердин укуктары калыбына келтирилип, алар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайланган депутаттар деп таанылып, анан депутат катары катталышкан.

Ошого байланыштуу КР БШК жеке өзү жазган арызды же арыз берүүчү бышыктаган нотариалдык тастыкталган арыздардарды гана кабыл алууну колдонуп келет.

Ал мезгил ичинде “Ата-Мекен” с/п тарабынан тиешелүү тартипте арыз берүү менен талапкерлерди тизмеден чыгаруу боюнча расмий кайрылуулар болгон эмес, балким, “мандаттык” жаңжалдарга байланыштуу пайда болгон коомдук резонанс жана кээ бир саясий партиялардын жана алардын лидерлеринин рейтингинин түшүп кетүүсү эске алынгандыр.

4) 2015-жылдан ушул күнгө чейин Ата-Мекен с/п катталган тизмесинен (Дж.К.Оторбаевден жана А.А.Сасыкбаевадан тышкары) дагы 5 талапкер: У.К.Нуркулов, А.К.Козубаев, С.Ч.Борбашев, М.Наспеков жана Н.Бакирова чыгарылган.

Аларга байланыштуу КР БШКнын бардык чечимдери алардын жеке өзү тарабынан берилген арыздардын негизинде, аракеттеги шайлоо мыйзамдарынын ченемдерине ылайык кабыл алынган.

5) Андан ары, 2018-жылдын 29-мартындагы “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын кайрылуусуна байланышкан төмөнкү шарттарды эске алуу керек:

- КР ЖК депутаттык бош калган мандаттын пайда болушуна байланыштуу (КР БШКнын “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” 2018-жылдын 3-мартындагы №44 токтому), КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинде кийинки орунда турган Самат Гульнара-Клара Жогорку Кеңештин депутаты болуу ниетин ырастады.

Азыркы учурда КР ЖК депутаттыгына талапкердин мыйзам талаптары боюнча депутаттык кызмат орунга ылайыктуулугун текшерүү процесси жүрүп жатат. Самат Г.-К. анын Кыргыз Республикасынын жарандыгынан башка да жарандыгы бар экендиги тууралуу коомчулуктан түшүп жаткан маалыматтарды текшерүү үчүн Жеке маалыматтарын иштетүүгө макулдугун берди.

2018-жылдын 4-апрелинде КР ЖК депутаттыгына талапкер Самат Гульнара-Кларанын КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө маселени өзүнүн жеке катышуусуз карабоону өтүнгөн арызы келип түшкөн.

2018-жылдын 5-апрелинде КР ЖК депутаттыгына талапкер Самат Гульнара-Кларадан дагы бир арыз келип түшкөн, анда: “2015-жылы берилген КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу жөнүндө арызымды чакыртып алам. Аны жокко чыгарылган деп эсептөөнү суранам”, деп көрсөтүлгөн.

2. КР ЖК дагы бир мандаттын бош калуу мүмкүндүгү пайда болгондугуна байланыштуу, кайрылууда көрсөтүлгөн тизмеден чыгарылууга тийиш болгон талапкер Т.Балтабаев, 2018-жылдын 27-мартында интернет тармагы аркылуу чыгып сүйлөп, бош мандат пайда болуп калса КР ЖК депутаты болууга ниетин билдирди. (Ташполот Балтабаев: Жогорку Кенеш - не личная контора Текебаева. vesti.kg

2018-жылдын 30-мартында КР БШКга КР ЖК депутаттыгына талапкер Т.Б.Балтабаевден (Ата-Мекен с/п) арыз келип түшкөн, анда: “6-чакырылыштагы КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен менин талапкерлигимди ыктыярдуу алып салуу тууралуу “Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Ө.Ч.Текебаевдин 2015-жылдын 13-октябрдагы жана “Ата-Мекен” с/п төрагасынын орун басары А.Н.Шыкмаматовдун 2018-жылдын 29-мартындагы каттары – бул кызматтык будамайлоо” деп көрсөткөн.

“Мен 2010-жылдын 6-октябрында КР БШКнын жалпы бөлүмүнө келип, өз колум менен “КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен өз талапкерлигимди алып салуу жөнүндөгү арыз сыяктуу кагазды жараксыз деп табуу боюнча арыз жазганмын” деп катта көрсөтүлгөн.

3. 2018-жылдын 30-мартында КР БШКга КР ЖК депутаттыгына талапкер Т.М.Узакбаевден (“Ата-Мекен” с/п) төмөндөгүдөй арыз түшкөн: Менин “Ата-Мекен” партиясынан КР ЖК депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө мурда берилген арызымды жараксыз деп табууңарды суранам.

4. Ошондой эле, 2018-жылдын 2-апрелинде КР ЖК депутаттыгына талапкер Р.Мирзаматовдон (“Ата-Мекен” с/п): “Мен Мирзаматов Рыспек Мамырович, 2015-жылдагы депутаттардын катталган тизмесинен чыгуу боюнча өзүмдүн берген арызымды чакыртып алам” деген арыз келип түшкөн.

Конституциялык Мыйзамдын аракеттеги редакциясына ылайык, БШК чечим кабыл алганга чейин талапкерлердин өз арызын кайра чакыртып алууга укугу бар.

Жогорудагылардын негизинде, КР БШК “Ата-Мекен” саясий Социалисттик партиясынын 2018-жылдын 29-мартындагы кайрылуусундагы (кир.№ 01-14/343) жогорудагы адамдарды КР ЖКнын депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу боюнча талаптарды канааттандыруудан баш тартуу боюнча чечим кабыл алды.

КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

Шайлоо округдарынын жана участокторунун схемалары менен чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобо бекитилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрдагы жыйынында “Шайлоо округдары менен шайлоо участокторунун схемаларын жана чек араларын башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 28-июлундагы № 41 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди.Бекитилген жобого ылайык, бир шайлоо участогундагы шайлоочулардын санынын чеги 3000ден 4000ге чейин көбөйтүлөт. Бул талаптарга жооп берген имараттардын жетишсиздигинен улам жаңы шайлоо участокторун ачуу зарылдыгын азайтып, материалдык-техникалык, каржылык ресурстарды сарамжалдуу пайдаланууга, уюштуруучулук жана эмгек акы чыгымдарын оптималдаштырууга шарт түзөт.Мындан тышкары, калктын санынын өсүшү жана курулуштардын тыгыздыгы эске алынып, шайлоо участокторунун чек араларын аныктоодо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көбүрөөк мүмкүнчүлүк берилет.
Кененирээк билүү >>
Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди
09-Сен, 2026

Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында “Баткен шаардык, Кочкор, Тоң, Кемин, Сокулук, Кара-Балта, Панфилов аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Баткен шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Камбаров Акынбек Осконович (“Ыйман Нуру” саясий партиясынан) чыгарылып, ордуна резервден Калилов Рустам Нийматович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Кожошев Нураалы Кожошевич жана Төрөбек кызы Айзада (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Бегаалы кызы Кенжегүл жана Токушова Жаннат Бообековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын курамына киргизилди.Тоң аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Айтказы уулу Марат (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Качкынова Назгуль Сарыгуловна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Кемин аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Джумагазиева Аэлита Байышовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, ордуна резервден Омуркулова Багдагул Зарлыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Сокулук аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Медербек кызы Жылдыз (“Ишеним” саясий партиясынан) чыгарылды.Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Брежнева Олеся Сергеевна жана Раймкулова Назгуль Джолдошбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Намазбек кызы Рахат жана Садыбакасова Асылгул Талайбековна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арыздарына ылайык Синельникова Людмила Викторовна, Джекшенов Бекназар Амантурович, Долетов Самат Шамидинович жана Ишембаев Элзар Талантович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, алардын ордуна резервден Тенирбергенова Гулзахир Акматбековна, Алмазбеков Азиз Алмазбекович, Сагымбаев Каныбек Асанбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
09-Сен, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 9-сентябрда өз жыйынында Ак-Суу, Панфилов, Манас, Талас шаардык, Кара-Суу жана Ноокен аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Алмерекова Гульзат Доктурбаевнанын ыйгарым укуктары каза болгондугуна байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош мандат Султанбаева Эльмира Кеңешовнага өткөрүлүп берилди;Ак-Суу районунун Хан-Теңири айылдык кеңешинин депутаты Шергазиев Саламат Жумадыловичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Жумадылов Нурлан Оморовичке өткөрүлүп берилди;Панфилов районунун Курама айылдык кеңешинин депутаты Джумагулова Назгуль Джаныбаевнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Панфилов районунун Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты Адеп кызы Алинанын (“Ынтымак” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулду.Манас районунун Семетей айылдык кеңешинин депутаты Суранбаева Нурпери Бакеновнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Джельчиева Зарина Усембековнага өткөрүлүп берилди;Талас шаардык кеңешинин депутаты Атагелдиев Урмат Эсенгелдиевичтин (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдыкулов Тилек Абдыкуловичке өткөрүлүп берилди;Кара-Суу районунун Ынтымак айылдык кеңешинин депутаты Өмүрбеков Эркин Өмүрбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тургунбаев Кылычбек Суратбековичке өткөрүлүп берилди;Ноокен районунун Момбеков айылдык кеңешинин депутаты Урбаев Зайирбек Кадыровичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Эрмамат кызы Мавлюдага өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди
09-Сен, 2026

КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди

Бүгүн, 9-сентябрда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында КР БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун ишмердиги жөнүндө жобо бекитилди.Жободо топтун милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары такталып, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорун жана референдум фонддорунун каражаттарын түзүү тартибин контролдоо, ошондой эле финансылык отчеттуулукту текшерүү боюнча ыйгарым укуктары так көрсөтүлгөн.Мындан тышкары, талапкер болууну каалаган жарандардын шайлоо фондун түзүүсүнө, атайын эсеп ачуусуна жана шайлоо төгүмүн төлөөсүнө байланыштуу ченемдер такталган.Өзгөртүүлөр укуктук карама-каршылыктарды жана эки ача түшүнүктөрдү жоюуга, терминологияны бирдей колдонууга багытталган.
Кененирээк билүү >>