Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосу дайындалды

30 марта 2018

2018-жылдын 30 мартында КР Борбордук шайлоо комиссиясы Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоосун дайындады.

2018-жылдын 30-мартына дайындалган Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.

КР БШКнын токтомуна ылайык У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 13-апрелине саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.

Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү