Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Кара-Суу, Кара-Буура жана Боз-Учук айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
2018-жылдын 24-апрелинде КР Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады:
- Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу айыл өкмөтү;
- Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура айыл өкмөтү;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айыл өкмөтү.
Нарын облусунун Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 16-апрелиндеги №06-р буйругу менен Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Осмонов Айбек Жолдошбекович, өзү берген арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 17-апрелиндеги №23 буйругу менен Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Анаркул уулу Нурдин, Кара-Буура айылдык кеңешинин 2018-жылдын 12-апрелиндеги токтомунун негизинде ээлеген кызматынан бошотулган.
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин 2018-жылдын 23-апрелиндеги №85-р буйругу менен Боз-Учук айыл өкмөтүнүн башчысы Тыналиев Кыдыр Өмүрбаевич каза болгондугуна байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык, Нарын облусунун Кочкор районундагы Кара-Суу, Талас облусунун Кара-Буура районундагы Кара-Буура, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 11-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Кочкор, Кара-Буура жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларына тапшырылды.
Маалымат катары: “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендердин формасын жана сактоо даражасын бекитти
2018-жылдын 24-апрелиндеги КР БШКнын отурумунда Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу шайлоо бюллетендеринин формасы жана сактоо даражасы бекитилди.
Шайлоо бюллетендерин, аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан бекитилген бюллетендердин тексттерине ылайык, бекитилген формасын жана сактоо даражасын колдонуу менен “Учкун” ААКсында даярдоо ишке ашырылат.
Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгына жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялары башкармалыгына шайлоо бюллетендеринин формасына жана сактоо даражасына карата талаптарды камсыздоо максатында, шайлоо бюллетендерин даярдоо процессинде алдын-ала тестирлөөнү ишке ашыруу тапшырылды.
Маалымат катары: 2018-жылдын 13 майында Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештерине кезектеги жана мөөнөтүнөн мурда шайлоолор өткөрүлөт.
КР БШК аппаратынын маалымат кызматы
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Өмүрбекованын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 20-апрелиндеги ПЖ №93 Жарлыгы менен “Республика-Ата-Журт” парламенттик фракциясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды.
“Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, башка ишке өтүү же ал тарабынан депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга айкалышпаган ишти таштабоо, депутаттык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотууга негиз болуп калат. Жогорудагылардын негизинде, КР БШК “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Өмүрбекованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” токтом кабыл алды.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады
2018-жылдын 22-апрелинде, Календардык планга ылайык 2018-жылдын 13-майына дайындалган айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады.
Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлерди көрсөтүү тартиби “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келиши жагынан документтерди текшерди.
Кыргыз Республикасындагы айылдык кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоого катышуу үчүн 171 талапкер катталды, алардын ичинен:
- Ош обусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешине – 88 талапкер,
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Көк-Арт айылдык кеңешине – 55 талапкер;
- Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Казыбеков айылдык кеңешине – 28 талапкер.
Шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери айылдык кеңештерге бардык талапкерлерди каттоо аякталгандан кийин, же 2018-жылдын 23-апрелинен башталып, добуш берүү башталаарга 24 саат калганда, же 2018-жылдын 12-майында 8.00дө токтотулат.
КР БШК аппаратынын маалымат кызматы
Кененирээк билүү >>
Токтогул шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады
2018-жылдын 12-апрелинде Токтогул шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин тизмелерин каттоо аяктады.
Токтогул аймактык шайлоо комиссиясы 6 саясий партиядан талапкерлердин тизмелерин каттады:
- “Өнүгүү-Прогресс” – 35 талапкер;
- “Бирик” - 35 талапкер;
- “Энергетиктердин” - 36 талапкер;
- “КСДП” - 47 талапкер;
- “Мекеним – Кыргызстан” - 50 талапкер;
- “Ата-Журт мекенчил партиясы” - 32 талапкер.
Баары болуп, Токтогул шаардык кеңешине депутаттыкка 235 талапкер катталды.
Токтогул шаардык кеңешине депутаттыкка талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү иштери 2018-жылдын 13-апрелинен башталды, жана добуш берүүгө 24 саат калганда, же 2018-жылдын 12-майында 8.00дө токтотулат.
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө 2018-жылдын 23-апрелине карата отчету
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2018-жылдын 23-апрелине карата саясий партиялардын жана талапкерлердин шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат.
Токтогул ш.
Саясий партия
Келиптүштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Бирик
34 285
33 945
340
2
Энергетиктердин
71 000
60 000
11 000
3
Мекеним Кыргызстан
120 000
119 680
320
4
Ата-Журт
45 000
44 000
1 000
5
КСДП
68 000
46 700
21 300
6
Өнүгүү -Прогресс
33 000
31 000
2 000
Айылдык кеӊештер
№
Талапкерлер
Айылдык кеӊеш
Келиптүштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Максатбек уулу Ы.
Сокулук
1000
0
1000
2
Орозбаев Б.Н.
Сокулук
1 100
0
1100
3
Самарбеков Э.С.
Сокулук
100
0
100
4
Жумалиев Н.Н.
Сокулук
100
0
100
5
Исакбаев А.А.
Сокулук
100
0
100
6
Бакиров Д.А.
Сокулук
100
0
100
7
Устабаев Б.Т.
Сокулук
100
0
100
8
Мурзаев Ж.Т.
Сокулук
100
0
100
9
Эсенаманов Д.Э.
Сокулук
100
0
100
10
Шаршенкулов С.С.
Сокулук
1100
0
1100
11
Матмуратов С.М.
Сокулук
1000
0
1000
12
Эрнисов Э.Э.
Сокулук
100
0
100
13
Акматов У.А.
Сокулук
100
0
100
14
Курбанбеков Н.А.
Сокулук
1000
0
1000
15
Чекирова Б.К.
Сокулук
400
0
400
16
Ракимбаева В.К.
Сокулук
1 000
0
1000
17
Муктыбаев Б.А.
Сокулук
500
0
500
18
Прищепов В.В.
Сокулук
1 000
0
1000
19
Шаршенов У.К.
Сокулук
1 000
0
1000
20
Ивженко Л.М.
Сокулук
1 000
0
1000
21
Резниченко В.Н.
Сокулук
1 000
0
1000
22
Бербаев С.Н.
Сокулук
1 000
0
1000
23
Койлубаев Д.М.
Сокулук
500
0
500
24
Рыспек кызы А.
Сокулук
1 000
0
1000
25
Исагалиев М.К.
Сокулук
1 000
0
1000
26
Кочербаев А.Д.
Сокулук
1 000
0
1000
27
Джумашева Н.Ш.
Сокулук
1 000
0
1000
28
Шерматова Ж.А.
Сокулук
1 000
0
1000
29
Оторкулов У.А.
Сокулук
1 000
0
1000
30
Токторов А.Д.
Сокулук
1 000
0
1000
31
Бедельбаев А.Б.
Сокулук
200
0
200
32
Доолотбаков А.О.
Сокулук
2 000
0
2000
33
Кожогельдиев Т.К.
Сокулук
2 000
0
2000
КР БШК мүчөсү,
КР БШК КТТ жетекчиси А. Асаналиев
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө 2018-жылдын 16-апрелине карата отчету
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2018-жылдын 16-апрелине карата саясий партиялардын шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат.
Токтогул ш.
Саясий партия
Келиптүштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Бирик
28 035
27 735
300
2
Энергетиктердин
71 000
47 000
24 000
3
Мекеним Кыргызстан
120 000
63 000
57 000
4
Ата-Журт
30 000
20 000
10 000
5
КСДП
38 000
22 000
16 000
6
Өнүгүү -Прогресс
22 000
20 000
2 000
КР БШК мүчөсү,
КР БШК КТТ жетекчиси А. Асаналиев
Кененирээк билүү >>
КР БШК Молдова Республикасы менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум долбоорун жактырды
КР БШК 2018-жылдын 16-апрелинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен Молдова Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун долбоорун жактырды.
Молдованын БШКсынын тажрыйбасын үйрөнүү боюнча иш сапарынын жүрүшүндө КР БШК шайлоолорду жана референдумдарды уюштурууну, даярдоону жана өткөрүүнү өркүндөтүү, заманбап маалыматтык технологияларын жана системаларын колдонуу, жарандарга билим берүү жана шайлоо уюштуруучуларды жана шайлоочуларды электрондук окутуу, жана шайлоолор боюнча башка маселелер жаатында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча меморандумга кол коюуну демилгелеген.
Меморандумга ылайык, тараптар кызматташууну төмөнкү тармактар боюнча өнүктүрөт:
-шайлоолорду жана референдумдарды уюштуруу жана өткөрүү органдарынын ишмердүүлүгүн кординациялоо боюнча тажрыйба алмашуу;
-шайлоолор жана референдумдар жөнүндө улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү;
-жарандардын конституциялык шайлоо укуктарын ишке ашырылуусун жана коргоосун камсыздоо;
-шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө финансылык жана материалдык-техникалык жактан ошону менен бирге шайлоо процессинде талапкерлерге жана саясий партияларга колдоо көрсөтүүнү, өркүндөтүүнү;
-массалык маалымат каражаттары аркылуу шайлоо алдындагы үгүт иштеринде шайлоо процессинин катышуучуларынын укуктарын камсыздоо;
-шайлоо процессинин жана референдумдардын кызыктар тараптарынын укуктук маданиятын жогорлатуу, шайлоолорду жана референдумдардын уюштуруучуларын даярдоону өркүндөтүү;
-шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүнү шайлоочуларды каттоонун заманбап маалыматтык технологияларын жана системаларын колдонуу.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 16-апрелинде, КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Таш-Көмүр, Аксы, Ала-Бука, Өзгөн жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Тактап айтканда:
-Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык кеңешиндеги “Мекеним Кыргызстан” депуттатык фракциясынын депутаты А. Калыбеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А. Султановго өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешиндеги депутаты М. Жоробеков өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – Л.Жапаркуловага өткөрүлүп берилди;
-Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешиндеги депутаты Ф.Атабаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А. Парпиевге өткөрүлүп берилди;
-Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айылдык кеңешиндеги депутаты А.Апазов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А. Акжоловго өткөрүлүп берилди;
-Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешиндеги депутаты С. Бейшеев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – С. Алыпкаштиевге өткөрүлүп берилди;
-Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арашан айылдык кеңешиндеги депутаты В. Дротина өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту, мандат кийинки талапкер – А. Кошокбековго өткөрүлүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Күн-Туу жана Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо дайындалды
2018-жылдын 16-апрелинде КР Борбордук шайлоо комиссиясы Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону дайындады.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2018-жылдын 3-апрелиндеги № 207 буйругу менен Күн-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Корголдоев Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими болуп дайындалды.
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 6-апрелиндеги № 23 буйругу менен Даркан айыл өкмөтүнүн башчысы М. Бейшенов, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШКнын токтомуна ылайык Чүй облусунун Сокулук районунун Күн-Туу, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Даркан айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо 2018-жылдын 8-майына саат 9-00дөн 12-00гө чейин дайындалды.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Сокулук жана Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шекер жана Куршаб айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдору бекитилди
2018-жылдын 16-апрелинде КРнын БШКсы 2018-жылдын 6-апрелинде өткөн Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер, Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорун бекитти.
Протоколдордун негизинде Шекер айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Жунусов Самар Кадырбекович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп таанылып, Ташиев Алтынбек Аликович айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланды.
Шайланган айыл өкмөт башчыларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Кара-Буура жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты Р. Чойбековго берилди
2018-жылдын 16-апрелинде КР БШК Кыргыз Республикасынын депутатынын бош калган мандатын “Кыргызстан” саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча кезекте турган Чойбеков Руслан Нуркалиевичке өткөрүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын күбөлүгү жана төш белгиси берилди.
Бош калган мандат Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгы аныкталгандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандыгынан пайда болгондугун эске салабыз.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты Н. Мусаевге берилди
2018-жылдын 16-апрелинде КР БШК “Кыргызстан” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Мусаев Насыр Исмазовичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына күбөлүк жана төш белги тапшырылды
Белгилей кетсек, тизмедеги кийинки талапкер ооруп жатканына байланыштуу мандат тапшыруу мөөнөтү бир нече убакытка токтотулган.
Эскерте кетсек, бош мандат депутат Калмаматов Жыргалбек каза болгондугуна байланыштуу пайда болгон.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК Казакстан Республикасынын жарандыгы аныкталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
КР БШК Казакстан Республикасынын жарандыгы аныкталгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Талапкердин колтамгасы жана “Кыргызстан” саясий партиясынын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн расмий документтердеги малыматтарга ылайык, Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелет, 1981-жылдын 3-февралында туулган, Каракол ш., Набережная көчөсү 20 дареги боюнча катталган, улуту кыргыз, колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 21-майына чейин болгон №АN2902391 Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту бар.
Берилген документтердин негизинде, КР БШКнын 2015-жылдын 3-сентябрындагы №64 чечими менен “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмесинин курамында КР ЖК депутаттыгына талапкер болуп катталган.
КР ЖКнын депутаттарын шайлоонун натыйжалары жөнүндө (КР БШК тарабынан 2015-жылдын 27-октябрындагы №173 токтому менен бекитилген) протоколдун негизинде, КР БШКнын 2015-жылдын 27-октябрындагы №176 токтому менен “Кыргызстан” саясий партиясынан КР ЖКнын депутаты болуп катталган жана азыркы учурга чейин депутат болуп эсептелген.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында Казакстан Республикасынын ИИМнин 2018-жылдын 16-февралында Казакстан Республикасынын аймагында Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн атайын операция жүргүзүлгөн учурда КР ЖКнын депутаты Асылбек уулу Дамирбектин кармалгандыгы жана анда Казакстан Республикасынын жарандыгы бар экендиги аныкталгандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгондугуна байланыштуу, 2018-жылдын 22-февралында КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аркылуу КР ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө маселени тактоо жана аны тастыктаган расмий документтерди берүү менен суроо-талап жөнөтүлгөн.
Ошондой эле КР БШК Казакстан Республикасынын Ички иштер министрлигинен КР ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгын алгандыгы жөнүндө расмий маалыматты (жарандыкка кабыл алуу тууралуу чечим, датасы, бүгүнкү күнгө карата статусу, ж.б.), паспортунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана КР ЖК депутаты Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгын аныктоочу башка тастыктоочу документтерди берүү боюнча кошумча суроо-талап жөнөткөн.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен 2018-жылдын 19-мартында Асылбек уулу Дамирбектин Казакстан Республикасынын жарандыгы бар экендигин тастыктаган документтер боюнча жооп Нота келип түшкөндүгүн кабарлады.
Бул нотада белгиленгендей, “Казакстан Республикасынын ИИМнин маалымат базасында Асылбекулы Дамирбек, 1981-жылдын 3-февралында Жамбыл облусунун Кордай районунун Карасу п. туулган, улуту казак экендиги белгиленген маалыматтар бар”.
Алгачкы жолу инсандык күбөлүгү жана Казакстан Республикасынын жаранынын паспорту менен 2001-жылы документтештирилген. 2010-жылы, мурдагы документтеринин колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Асылбекулы Дамирбек тарабынан Казакстан Республикасынын жаранынын жаңы документтерине алмаштыруу иштери жүргүзүлгөн.
Асылбекулы Дамирбек ыйгарым укуктуу органдарга Казакстан Республикасынын жарандыгынан чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган эмес.
Азыркы учурда жогоруда аталган жарандын Казакстан Республикасынын жарандыгын жокко чыгаруу боюнча маселе каралууда.
Нотага “РГП “ИПЦ” маалымдамалары боюнча адамды документтештирүү жөнүндө маалыматтардын” эки формасынын көчүрмөлөрү тиркелген, анда Асылбекулы Дамирбек Казакстан Республикасынын паспорту менен 2001 жана 2010-жылдарда эки жолу документтештирилген деп белгиленген жана Казакстан Республикасынын акыркы паспортунун колдонуу мөөнөтү – 2020-жылдын 9-июнуна чейин деп көрсөтүлгөн.
Ыйгарым укуктуу орган – Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымкаты боюнча, “Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелет, жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу боюнча өтүнүч менен кайрылган эмес.
МККнын маалыматтары боюнча паспортту алмаштыруу жана берүү ар кандай шарттарга байланыштуу бир нече жолу жана ар кандай (аймактык) органдарда жүргүзүлгөн. КР БШКнын пикири боюнча, Асылбек уулу Дамирбекке Кыргыз Республиксынын жаранынын паспортун берүү жана алмаштыруу маселеси компетенттүү органдар тарабынан мыйзамдуулук жана негиздүүлүк предметине өзүнчө карап чыгууну жана укуктук баа берүүнү талап кылат.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2018-жылдын 7-мартындагы №3-р буйругу менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн жана бул маселе боюнча иштеп жатат.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу жарандык маселелери боюнча комиссиянын Катчылыгынын 2018-жылдын 14-апрелиндеги маалыматы боюнча, Асылбек уулу Дамирбек Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу (калыбына келтирүү), же Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу маселелери боюнча кайрылган эмес.
Ушундан улам, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана Казакстан Республикасынын ТИМдин расмий маалыматтары боюнча, бүгүнкү күнгө карата Асылбек уулу Дамирбекте 2020-жылга чейин жарактуу болгон эки өлкөнүн паспорттору бар.
Кыргыз Республикасынын жараны болуп эсептелген КР ЖКнын депутаты Асылбек уулу Дамирбек, Казакстан Республикасынын ТИМ тарабынан берилген документтерге ылайык Казакстан Республикасынын жарандыгына ээ, бул анын КР ЖКнын депутатынын ыйгарым укуктарын мындан ары ишке ашыруусуна тоскоолдук болуп эсептелет.
Мыйзамдарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын кызмат орду Кыргыз Республикасынын жогорку саясий мамлекеттик кызматтарына кирет.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 5-бөлүгүндө “Башка жарандыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандары саясий мамлекеттик кызматты жана соттордун кызмат ордун ээлөөгө укуксуз” деп белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренеси, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренеси, “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси менен бекитилгендей, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда же башка өлкөнүн жарандыгын алганда мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Көрсөтүлгөн негиздерде Кыргыз Республикасынын депутатынын ыйгарым укуктарын токтотуу, бул негиздер пайда болгон күндөн баштап 30 календардык күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын чечими менен ишке ашырылат.
Жогорудагылардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин күбөлүгү жараксыз деп табылды.
Маалымат катары: Кыргыз Республикасынын жараны Асылбек уулу Дамирбек КР ЖКнын IV (2007-2009) жана VI (2015-2017) чакырылыштарынын депутаты болуп эсептелген.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2007-жылдын 25-ноябрындагы №139 токтому менен КР жараны Асылбек уулу Дамирбек “Ак Жол” Элдик партиясынын тизмесинин курамында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган. Кийин, КР БШКнын 2009-жылдын 25-декабрындагы №277 токтому менен КР ЖК депутаты болуп катталган.
2010-жылдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо “Республика” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер болуп катталган. Шайлоодон кийин, КР ЖК шайланган депутаттарын каттоого чейин КР БШКнын 2010-жылдын 9-ноябрындагы №334 токтому менен өз арызынын негизинде “Республика” саясий партиясынын катталган тизмесинен чыгарылган.
2015-жылы “Кыргызстан” саясий партиясынын тизмеси боюнча КР ЖКнын депутаттарын шайлоодо катышкан. “Кыргызстан” саясий партиясы тарабынан талапкер Асылбек уулу Дамирбекке карата КР ЖКнын учурдагы VI-чакырылышындагы депутаттыгына талапкер, кийин депутат катары каттоо учурунда, КР БШКга төмөнкү документтер берилген: КР ЖК депутаттыгына шайланууга макулдугу жөнүндө арызы, иштеген жеринен маалымдама, Кыргыз Республикасынын жарандыгы көрсөтүлгөн жана колдонуу мөөнөтү 2020-жылдын 21-майына чейин 21.05.2012-жылы берилген Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү менен, талапкер жөнүндө маалыматтар.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК мүчөлөрү жана аппарат кызматкерлери Азербайжан Республикасынын Презинденттик шайлоосуна эл аралык байкоочу катары катышты
Кыргыз Республикасынын БШКнын төрагасынын орун басары А. Бекматов жетектеген КР БШКнын делегациясы 2018-жылдын 11-апрелинде болуп өткөн Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоосуна байкоочу катары катышышты.
2018-жылдын 12-апрелинде, Азербайжан Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодогу КМШдан байкоочулардын Миссиясынын ишинин жыйынтыктары боюнча пресс-конференцияга катышкан А. Бекматов шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн эң жогорку деңгээлин, шайлоочулардын жогорку уюшкандыгын, катышуусун, олуттуу сын пикирлердин болбогондугун баса белгиледи. Шайлоо участкаларында видео камералардын коюлушу шайлоо процессинин таза жана ачык өтүшүнө, республиканын жарандарынын ишенимине өбөлгө болду.
Ошондой эле, байкоочулар миссиясынын башчысы, КМШ Аткаруу Комитетинин Төрагасы С. Лебедев билдиргендей, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоолор конкуренттик негизде, эркин жана ачык айкын болуп, Азербайжан Республикасынын Конститутциясына жана шайлоо Кодексине ылайык өткөрүлдү.
КР БШКнын төрагасынын орун басары А. Эшимов жана БШКнын мүчөсү Б. Кадыров ШКУнун курамында, ошондой эле БШКнын аппаратынын кызматкерлери ТТМККнин байкоочуларынын курамында катышышты.
Шайлоолор шайлоо уюштуруу жана өткөрүү жаатындагы эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган принциптеринин алкагында өткөрүлдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Саясий партиялардын шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу 2018-жылдын 10-апрелине карата саясий партиялардын шайлоо фондуларынан акча каражаттарынын кыймылы жөнүндөгү маалыматты жайгаштырат.
Токтогул ш.
Саясий партия
Келип түштү
Чыгымдалды
Калдык
1
Бирик
20 150
20 000
150
2
Энергетиктердин
21 000
20 000
1 000
3
Мекеним Кыргызстан
120 000
27 000
93 000
4
Ата-Журт
30 000
20 000
10 000
5
КСДП
21 000
20 000
1 000
6
Өнүгүү -Прогресс
22 000
20 000
2 000
КР БШК мүчөсү,
КР БШК КТТ жетекчиси А. Асаналиев
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды