Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөр киргилизди

04 апреля 2018

КР БШК Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине өзгөртүүлөдү киргизүү жөнүндө токтом кабыл алынды. Токтом С. Абдурасуловдун берген арыздарынын негизинде жана ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын курамын толуктоо үчүн кабыл алынды.

Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан С. Абдурасулов («Туран» саясий партиясынан) чыгарылды. Алардын ордуна резервдеги З. Туйчиева («Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан), К.Акунов, К. Болотбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү