2018-жылдын 24-мартында КР БШК 2018-жылдын 17-мартындагы өткөн Токмок шаарынын мэрин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы жана натыйжасы жөнүндөгү протоколдорун бекитти. Ушул протоколдордун негизинде Токмок шаарынын мэрин шайлоо өттү деп таанылып, шаар мэри болуп Амангельдиев Данияр Джолдошевич таанылды.
Шайланган мэрге белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берүү Токмок аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү