Башкы
Жаңылыктар
Жаңылыктар
КР БШКнын аппаратынын кызматкерлери жалпы шаардык ишембиликке чыгышты
Бүгүн, 2018-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасы баш болгон аппараттын кызматкерлери жалпы шаардык экологиялык ишембиликке чыгышты.
КР БШКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Таза Жашоо” урааны астында өткөрүлүп жаткан үч айлыктын алкагындагы демилгесин колдоого алды. Багбанчылык жана оруп-жыйуу аспаптары менен куралданган КР БШКнын кызматкерлери жана мүчөлөрү БШКга жанаша жайгашкан аймакты бутактардана жана турмуш-тиричилик таштандыларынан тазалап, дарактарды акташты.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Жаш активисттер ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар кабылып жаткан көйгөйлөрдү чечүү жолдорун жана идеяларды сунуштоодо
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунда “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо процессине катышуусундагы көйгөйлөр” темасында чыгармачыл Media Лаборатория өтүүдө.
Бул иш чарада ДМЧЖ кабылып жаткан көйгөйлөр, ДМЧЖардын укуктары, анын ичинде шайлоо процессине алардын катышуусу талкууланды. Көйгөйгө сүңгүп кирген жаш активисттер жөнөкөй эмес болгон бул көйгөйдү чечүү боюнча идеяларды жана чечүү жолдорун мындан ары ишке ашыруу үчүн сунушташты.
КР БШКнын кызматкери У.Каныбеков өз презентациясында ДМЧ жарандардын шайлоо боюнча укуктарын ишке ашыруудагы маанилүү компоненттерди белгилеп, мыйзам чыгаруу деңгээлинде ДМЧ жарандардын шайлоо боюнча укуктарын ишке ашыруу көйгөйлөрүн козгоп өттү. 2017-жылдагы Президенттик шайлоодо биринчи жолу УШКлардын ДМЧ жарандар үчүн жеткиликтүүлүгүнө аудит жүргүзүлдү, ДМЧ жарандар шайлоо боюнча укуктарын ишке ашыруусун жеңилдетүү үчүн атайын шаймандар: чоңойтуучу лупалар сатып алынды, Брайл шрифти боюнча трафареттер жасалды, жакынкы келечекте ДМЧ жарандар үчүн УШКнын жеткиликтүүлүгү боюнча 3 жылга этап этабы менен план иштелип чыгат.
Лабораторияда КР БШКнын алдындагы ДМЧЖ маселелери боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, МКК кызматкерлери, КРдагы IFES өкүлдөрү, көз карандысыз кинокомпаниялар, музыканттар, композиторлор, медиа адамдары, актерлор, блогерлер, шайлоочулар, ошондой эле ДМЧ жарандар менен иштөөчү уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш чара АКШнын Эл аралык кызматташуу боюнча Агенттигинин (USAID), КРдагы шайлоо системаларынын эл аралык фондунун (IFES) жардамы менен уюштурулду.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары шайланды
2018-жылы марттын 15нен 19на чейин аймактык шайлоо комиссияларынын төрагалары жана катчылары шайланган биринчи уюштуруу отурумдары болуп өттү.
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесинин 4, 5 пункттарына ылайык, тиешелүү шайлоо комиссиясынын биринчи отуруму, эгерде белгиленген шайлоо комиссиясынын курамынын үчтөн экисинен кем эмес бөлүгү катышкан болсо укуктуу болуп эсептелет. Тиешелүү шайлоо комиссиянын биринчи отурумунда шайлоо комиссиясынын төрагасы жана катчысы шайланат.
Мурдараак, 2018-жылдын 13-мартында КР БШК Кыргыз Республикасынын аймактык шайлоо комиссияларынын курамын жана резервдерин түзүү боюнча токтом кабыл алган. Анда ар бир аймактык шайлоо комиссияларына мүчө катары саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрү кирген.
Аймактык шайлоо комиссиялардын шайланган төрагаларынын жана катчыларынын тизмеси
КР БШК аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн натыйжалары тууралуу протоколдор бекитилди
2018-жылдын 20-мартында беш айыл өкмөттүн башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн протоколдору бекитилди:
1. 2018-жылдын 13-мартында Чүй облусунун Кемин районундагы Жаңы-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өткөрүлдү. Натыйжада башчы болуп Ибраимов Таштанбек Сарсеитович шайланды.
2. 2018-жылдын 16-мартында Вознесеновка айыл өкмөтүнүн жана Кочкор айыл өкмөтүнүн башчыларын шайлоо болуп өттү, натыйжада:
- Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, Аманкулов Эмир Бактыбекович шайланды.
- Нарын облусунун Кочкор районундагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, Абакиров Рахатбек Болотбекович шайланды.
3. 2018-жылдын 17-мартында Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жана Темир айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо болуп өттү, натыйжада:
- Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы болуп, Айткулов Асилбек Эсеналиевич шайланды.
- Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Байгазаков Бактыбек Токтосунович шайланды.
Кемин, Панфилов, Кочкор, Ноокат жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларына шайланган айыл өкмөттөрүнүн башчыларына бекитилген үлгүдөгү күбөлүк берүү тапшырылды.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Куршаб жана Шекер айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайлоосу дайындалды
2018-жылдын 20 мартында КР Борбордук шайлоо комиссиясы эки айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындады:
- Ош облусунун Өзгөн районунун Куршаб айыл өкмөтү;
- Талас облусунун Кара-Буура районунун Шекер айыл өкмөтү.
Шайлоо бош орундардын пайда болушуна байланыштуу дайындалып жатат:
Ош облусунун Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 5-мартындагы № 47-б буйругу менен Куршаб айыл өкмөтүнүн башчысы, Куршаб айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-февралындагы №49 токтомунун негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
Талас облусунун Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 16-мартындагы №12 буйругу менен Шекер айыл өкмөтүнүн башчысы өз арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган
КР БШКнын токтомуна ылайык эки айыл өкмөт башчысынын шайлоосу 2018-жылдын 6-апрелине саат 9-00дан 12-00 чейин дайындады.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Өзгөн жана Талас аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 20-мартында, КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Аксы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Тактап айтканда:
-Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Авлетим айылдык кеңешиндеги Н. Турдалиев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – А. Мырзамамытовага өткөрүп берилди;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кош-Добо айылдык кеңешинде депутаттык ыйгарым укуктарды аткарууга ылайык келбеген кызмат ордуна дайындалгандыгына байланыштуу Р.Мавляновдун ыйгарым укуктары токтотулуп, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – И. Койчумановго өткөрүп берилди;
-Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Кумбел айылдык кеңешиндеги А. Арыкпаев өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат кийинки талапкер – дыйкан чарбанын мүчөсү М. Бектуровго өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Шайлоо документтерди сактоо жана архивге өткөрүп берүү тартибин тактаган КР БШКнын Жоболоруна өзгөртүүлөр киргизилди
Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-мартындагы №160 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жана башка юридикалык жактардын архиви жөнүндө болжолдуу жобого” шайкеш келтирүү максатында, КР БШКнын 2012-жылдын 18-январындагы №11 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында референдумдарды, Президенттик шайлоолорду, Жогорку Кеңештин, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан документтерди сактоо жана архивге өткөрүү тартибине” өзгөртүүлөрдү киргизүү, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ведомстволук архиви жөнүндө” Жобону бекитүү (2013-жылдын 29-майындагы №92 “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын архиви жөнүндө” Жобо күчүн жоготту деп табылды) боюнча токтомдор кабыл алынды.
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын ведомстволук архиви жөнүндө” Жобо буга чейин Кыргыз Республикасынын Борбордук мамлекеттик архиви менен макулдашылган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Нооруз майрамына карата куттуктоосу
Сиздерди улуу Нооруз майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктайм!
Күн менен түндүн теңелиши, жер жарылып байчечекейдин башбагышы, баба дыйкандын үрөн себиши, тирүүлүктүн уланышы, жакшылыктын, молчулуктун, токчулуктун башаты болгон Нооруз майрамы сабырдуулукту, өз ара түшүнүшүүнү, кубанычты, тазаланууну, мээримдүүлүктү, терең ишенимди жана ынтымакты чыңдаган улуу майрам.
Ушул жыл элибизге ынтымак, жергебизге кут, береке, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай, бекем ден соолук алып келсин!
Терең урматым менен, Н.ШАЙЛДАБЕКОВА
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын шайлоочуларга, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы ПЖ №55 Жарлыгы менен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеңешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеңешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын кезектеги шайлоо 2018-жылдын 13-майына дайындалды.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары, шайлоочулар!
Шайлоо өткөрүлүп жаткан тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрү болуп саналган, 18 жашка толгон Кыргыз Республикасынын жарандары жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо укугуна ээ.
Шайлоочулардын тизмесине добуш берүү күнүнө карата активдүү шайлоо укугуна ээ болгон, жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп саналган жана "Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте биометрикалык каттоодон өткөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары киргизилет.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөн жарандар бул процедурадан жашаган жериндеги Мамлекеттик каттоо кызматынын органдарында биометрикалык каттоо пункттарынын дарегине барып өтө алышат. Эске сала кетсек, биометрикалык маалыматтары боюнча шайлоочуларды идентификациялоо башка шайлоочу үчүн добуш берүүнү жана шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоону жокко чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын жарандары өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен www.shailoo.srs.kg порталынан текшере алышат. Шайлоочулардын тизмеси тийиштүү шайлоо участокторунда добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калганда, б.а. 2018-жылдын 29-мартына чейин илинет, Сиз ошол жерден өзүңүз жөнүндө маалыматтарды тактасаңыз болот.
Сиз кандай болбосун ката же так эместиктерди, ошондой шайлоочулардын тизмесинде жок экениңизди тапсаңыз, Сиз добуш берүү күнүнө чейин 15 календарлык күндөн кечиктирбестен, б.а. 2018-жылдын 28-апрелине чейин, тийиштүү участкалык шайлоо комиссиясына арыз менен Сиздин жергиликтүү жамаатка тиешелүү экендигиңизди тастыктаган ID-картанын көчүрмөсүн тиркөө менен кайрылууга укуктуусуз. Бул арыз токтоосуз участкалык шайлоо комиссия тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кароо үчүн жөнөтүлөт.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттарынын мүчөлөрү, саясий партияларынын өкүлдөрү!
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, 21 жаш куракка толгон, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу.
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-пунктуна ылайык, талапкерлерди көрсөтүү укугу шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга, айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга таандык.
Саясий партиянын жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими жашыруун добуш менен кабыл алынат. Жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү саясий партиянын съездинде (конференциясында), анын региондук бөлүмүнүн чогулушунда (конференциясында) жүзөгө ашырылат. Саясий партиялар башка саясий партиялардын мүчөлөрү болуп саналган адамдарды талапкерликке көрсөтүүгө укуксуз.
Шаардык кеңештерге талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партиялар, бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алууга милдеттүү, мында саясий партиядан, шайлоочулардын топторунан көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесинде аялдардын жана эркектердин кезегинин айырмасы эки позициядан ашпоого тийиш.
Өзүн өзү көрсөтүү тартибинде айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерди көрсөтүү тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына талапкер болуп көрсөтүлүүгө ниеттенгендиги жөнүндө арыз берүү жолу менен жүргүзүлөт.
Айылдык кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2018-жылдын 12-апрелинде, саат 24.00гө чейин аяктайт.
Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөтүү жана тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларга зарыл болгон документтерди берүү шайлоо дайындалган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнүнө чейин 40 календардык күн калганда б.а. 2018-жылдын 2-апрелинде, саат 24.00гө чейин аяктайт.
Айылдык кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоодо депутаттыкка талапкерлерди каттоо добуш берүү күнүнө чейин 20 календарлык күн калганда б.а. 2018-жылдын 23-апрелине чейин аяктайт.
шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоо добуш берүү күнүнө чейин 30 календардык күн калганда б.а. 2018-жылдын 13-апрелге чейин аяктайт.
Талапкерлерди каттоодо талапкерлерге жана саясий партияларга көмөк көрсөтүү тартибинде КР БШКнын расмий сайтында арыздардын формалары жана талапкерлерге карата талаптары жөнүндө эскертмелер жайгаштырылган. Шайлоо өнөктүгүн каржылоо эрежелерин сактоо үчүн КР БШКнын сайтында тиешелүү нускамалар жана жоболор жайгаштырылган.
Урматтуу аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү!
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү процессинде, айрыкча ишке ашырылып жаткан шайлоо системасын реформалоо алкагында жергиликтүү деңгээлде негизги роль аймактык шайлоо комиссияларынын жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө таандык. Калктын бүткүл шайлоо процесске болгон ишениминин деңгээли Сиздердин иш-аракеттериңиздерге байланыштуу.
Ачыктык, айкындуулук, чындык бардык деңгээлдеги шайлоо комиссияларынын ишинин негизи. Биздин шайлоону кандай өткөргөндүгүбүз Кыргызстандын туруктуулугуна жана демократияны бекемдөөгө түздөн-түз таасир берет. Шайлоонун жаңы модели бул өлкөнүн түп тамырынан өзгөртүүгө карата ири кадам.
Өзгөчө жоопкерчилик аймактык шайлоо комиссияларга жүктөлгөн, алар шайлоочулар менен гана эмес, талапкерлер жана саясий партиялар менен түздөн-түз ишти, аймактык шайлоо комиссияларда шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди, талапкерлердин тизмесин каттоо процессинен баштап, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо менен аяктап, уюштурат. Ушул процесстин негизги талаптары болуп шайлоонун бардык катышуучуларына карата бейтарап жана тең мамилени камсыз кылуу калууга тийиш!
Көп мандаттуу шайлоо округдар боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кезектеги шайлоону өткөрүү үчүн аймактык шайлоо комиссиялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен шайлоо округдардын схемаларын жана чек араларын добуш берүү күнүнө чейин 50 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2018-жылдын 24-мартына чейин иштеп чыгат жана КР БШКга бекитүү үчүн берет.
Шайлоочулар үчүн максималдуу ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, КР мыйзамдарына ылайык, добуш берүүнү өткөрүү жана шайлоочулардын добуштарын эсептөө үчүн, шайлоо участкалар жергиликтүү жана башка шарттарды эсепке алуу менен түзүлүүгө тийиш. Шайлоо участкалар тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялар тарабынан добуш берүү күнүнө чейин 45 календардык күн калгандан кечиктирбестен б.а. 2018-жылдын 29-декабрына чейин ар бир шайлоо участогунда 2500дөн ашык эмес шайлоочу деген эсепте түзүлөт. Шайлоо округдардын чек араларынын участкалардын чек аралары менен кесилишине жол берилбейт.
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү!
Кыргыз Республикасынын кээ бир жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын кезектеги шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышууну пландаштырган жалпыга маалымдоо каражаттары, обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды тиешелүү телерадиоберүү уюму, мезгилдүү басма сөз редакциясы тарабынан Борбордук шайлоо комиссиясына, шайлоону дайындоо жөнүндө чечим жарыялангандан кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен берүүгө тийиш.
Обо убакыт бергендик үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары, басма аянты жөнүндө маалыматтарды Борбордук шайлоо комиссиясына коштоочу кат менен, берүүгө тийиш.
Жазуу жүзүндөгү тапшырыктар түшкөндөн кийин, КР Мыйзамы менен белгиленген талаптарды аткарган маалыматтык массалык каражатталар 2018-жылдын 23-мартына чейин 2018-жылдагы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан аккредиттелинет.
Мында, КР БШК маалыматтык массалык каражаттарынын аккредитациясын алар шайлоо мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда чакыртып алууга укуктуу.
Эскерте кетсек, шайлоо алдындагы үгүт кээ бир жергиликтүү кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоосунда шаардык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 13-апрелинен тартып, айылдык кеңештерге депутаттарды кезектеги шайлоосунда айылдык кеңештерге талапкерлер катталгандан кийин б.а. 2018-жылдын 23-апрелинен тартып башталат.
Ушул шайлоонун өзгөчөлүгүн эске алганда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоочуларды маалымдоодо жана үгүт жүргүзүүдө регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттаардын ролу жана катышуусу абдан маанилүү.
Борбордук шайлоо комиссиясы регионалдык жалпыга маалымдоо каражаттарларды маалыматтык өнөктүккө активдүү катышууга чакырат жана өз кезегинде шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшү, шайлоо комиссиялардын иши тууралуу бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр.
Урматтуу шайлоочулар, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү, саясий партиялардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, шайлоо процессинин катышуучулары!
Кыргыз Республикасында шайлоо процесстин айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн камсыз кылган, эркин, атаандаштык жана адилеттүү шайлоонун жалпы таанылган эл аралык стандарттарына ылайык мыйзам чыгаруу жана практикалык механизмдердин системасы түзүлүп, өнүгүп жатат.
Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы 2018-жылдын 13-майына дайындалган шайлоону өткөрүү максатында шайлоо процесстин бардык субъектилерин шайлоо мыйзамдардын ченемдеринин талаптарын так сактоону жана шайлоо процесстин башка катышуучулары менен өз ара аракеттенүүдө ич ара сый-урматты жана чыдамдуулукту сактоону суранат.
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы өз жагынан шайлоо процесстин бардык катышуучулары үчүн ачыктыкты, айкындуулукту кепилдейт жана шайлоо мыйзамдын нугунда, тынч, стабилдүү атмосферада өтүү үчүн болгон аракетин жумшайт жана биздин өлкөнүн жарандарынын шайлоо укуктарын толугу менен ишке ашыруу үчүн бардык керектүү шарттарды түзөт.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
Кененирээк билүү >>
Б.Дыйканбаевдин КР БШКга талаптары боюнча маселе
22-февралда КР БШКга Б.Ж.Дыйканбаевден БШКнын 14.10.2015-ж №147 Чечимин, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдин бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча талабы менен арыз келип түшкөн.
Өз далилдерин негиздөөдө ал “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча жазылган арыз анын жеке өзү тарабынан толтурулбагандыгын” көрсөтөт.
Б.Ж.Дыйканбаевдин талаптарына караганда, ага 2015-жылдын 9-октябрында жеке өзү тарабынан жазылган арыздын көчүрмөсү берилген, ал арыздын негизинде 2015-жылдын 14-октябрында КР БШК аны “Республика-Ата-Журт” партиясынан депутаттыкка талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечим кабыл алган.
2018-жылдын 22-февралында Дыйканбаев Б.Ж. Бишкек шаарынын Райондор аралык сотуна КР БШКга БШКнын 14.10.2015-ж №147 Чечимин, анын ичинде аны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимдин бөлүгүн жокко чыгаруу боюнча БШКга доо арызы менен кайрылган.
2018-жылдын 27-февралында Бишкек шаарынын Райондор аралык соту өз аныктамасы менен, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын 44-беренесинин 7 жана 12-пункттарынын (Арыздарды (даттанууларды) берүү мөөнөттөрү калыбына келтирилүүгө жатпайт), КР АПКнин 201-беренесинин 4-пунктунун негизинде Б.Ж.Дыйканбаевдин арызын кабыл алуудан баш тарткан.
2018-жылдын 3-мартында Б.Ж.Дыйканбаев КР БШКга мурдагы эле талаптарына кошо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын адисинин корутундусун тиркеп, кайрадан кайрылды. Берилген корутундуда, талапкерлердин тизмесинен өз каалоосу боюнча чыгаруу жөнүндө арызда Б.Ж.Дыйканбаевдин атынан коюлган кол тамга ал тарабынан коюлбаган деген жоромол жыйынтык көрсөтүлгөн.
Буга байланыштуу БШК Б.Ж.Дыйканбаевге мурда кабыл алынган чечимдер боюнча даттануулардын мөөнөттөрү калыбына келтирилбейт, андыктан аны талапкерлердин катталган тизмесинен чыгаруу боюнча чечимди жокко чыгаруу мүмкүн эмес экендигин көрсөткөн түшүндүрмө жөнөтүлдү. Ал эми анын арызы жасалма экендиги жөнүндө далилдери боюнча, юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу сунуш берилди, анткени КР БШК соттук жана укук коргоо органдарын өзү менен алмаштыра албайт.
КР БШК төмөндөгүлөрдү билдирет: КР БШКнын 14.10.2015-ж №147-Чечими “КР Предидентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР КМнын 65-беренесинин негизинде Б.Ж.Дыйканбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин катталган тизмесинен 9.10.2015-ж кол коюп, КР БШКга жеке өзү тапшырган арызынын негизинде чыгарылган, бул жөнүндө кириш документтерин каттоо журналында анын өздүк кол тамгасы коюлган.
КР БШКнын аппаратынын маалымат бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Үч айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды
Үч айыл өкмөт башчысынын шайлоосу дайындалды:
- Талас облусунун Талас районунун У.Омуралиев айыл өкмөтү;
- Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөтү;
- Ысык-Көл обласунун Ысык-Көл районунун Ананьев айыл өкмөтү.
2018-жылдын 13- мартында КР БШК айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруу бийлигинин башчыларын шайлоосун дайындоо тууралуу токтомду кабыл алды:
Талас облусунун Талас райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акиминин 2018-жылдын 7-мартындагы № 51 буйругу менен У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысы Эдилов Талант Расабекович, өзү берген арызынын негизинде, ээлеген кызматынан бошотулган.
2018-жылдын 7-мартына дайындалган Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоо катталган талапкерлер депутаттардын добуштарынын зарыл болгон санын албай калгандыгына байланыштуу өткөн жок.
Талас облусунун Талас районунун У.Өмүралиев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2018-жылдын 30-мартына дайындалды жана саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөттөрүнүн башчыларын жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, кайра шайлоо 2018-жылдын 27-мартына дайындалды саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүлөт.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 48-беренесине ылайык жогорку билими жана мамлекеттик же болбосо муниципалдык кызматта 2 жылдан кем эмес иш стажы, же болбосо билим берүүнүн, саламаттык сактоонун мамлекеттик мекемелеринде же уюмдардын, мекемелердин жана жеке менчик чарбакер субъекттердин жетекчилик кызматтарында 3 жылдан кем эмес иш стажы бар аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнүн башчысы боло алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар Кыргыз Республикасынын жараны айыл өкмөтүнө башчы болушу мүмкүн эмес.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык уюштуруп, өткөрүү милдети Талас, Аксы жана Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кара-Балта жана Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди
2018-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 20-февралындагы № 37 токтому менен 2018-жылдын 7-мартына дайындалган Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта, Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарларынын мэрлерин шайлоо болуп өттү.
-Кара-Балта шаарынын мэри болуп Шабданов Данияр Автандилович табылды;
-Таш-Көмүр шаарынын мэри болуп Асаналиев Ракматилда Алпаязович табылды.
Кара-Балта жана Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссияларына шайланган башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү тапшыруу жүктөлдү.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
-
-
Кененирээк билүү >>
КР БШК Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын айрым жергиликтүү кеӊештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти
Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-мартындагы №55 Жарлыгы менен, Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеӊешине, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеӊешине, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешине, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешине депутаттарды шайлоо 2018-жылдын 13-майына, жекшембиге дайындалды.
КР БШК 2018-жылдын 12-мартындагы жыйынында жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүүнүн алкагында, 2018-жылдын 13-майына дайындалган Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеӊешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеӊешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги иш чараларынын календардык планын бекитти.
Жалал-Абад облусунун Көк-Арт айылдык кеӊешинин, Токтогул районунун Токтогул шаардык кеӊешинин, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинин, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеӊешинин депутаттарын шайлоого жумшалган жалпы чыгымдын суммасы 6 421 200 (алты миллион төрт жүз жыйырма бир миң эки жүз) сом түздү.
“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк”ААКсы 2018-жылдын 13-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп бекитилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын бошогон мандаты М. Маматалиевге берилди
2018-жылдын 13-мартында КР БШК “Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги депутатынын бошогон мандатын тизмедеги кезеги боюнча кийинки депутаттыкка талапкер Маматалиев Марлен Абдырахмановичке берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутатына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги тапшырылды
Эскерте кетсек, 2018-жылдын 3-мартында КР БШК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Республика-Ата Журт” саясий партиясынын депутаты Иминов Фархат Ажмуханбетовичтин ыйгарым укуктарын өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кабыл алынган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
КР БШК жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
2018-жылдын 13-мартында, КР БШК Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган депутаттык мандаттарды шайланган депутаттардан кийин турган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндөгү Бишкек жана Ак-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитти.
Тактап айтканда:
-Бишкек шаардык кеңешиндеги “Кыргызстан” саясий партиясынан Дж. Джусунов өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Т. Сурапбаевге өткөрүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь айылдык кеңешиндеги А. Шертаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге – Н. Усуповго өткөрүп берилди;
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эӊилчек айылдык кеңешиндеги Ч. Чолпонбаева өз каалоосу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотту, мандат шайланган депутаттан кийинки талапкерге –А. Бейшекеевге өткөрүп берилди.
- Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эӊилчек айылдык кеңешиндеги каза болгодугуна байланыштуу З. Бегетовдун депутаттык ыйгарым укуктары токтотулду, мандат кийинки талапкер – Б. Хуптуевге өткөрүп берилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
Кененирээк билүү >>
Акыркы жаңылыктар
28.09.2026
Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуу
26.09.2026
ЖМК жана интернет-басылмаларды аккредитациялоо боюнча кайрылуу
25.09.2026
Шайлоо участокторунун чек аралары маселеси жөнүндө
25.09.2026
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга, жалпыга маалымдоо каражаттарына, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө жана шайлоо процессинин катышуучуларына кайрылуусу!
25.09.2026
«Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду
25.09.2026
«Элдик Банк» жана «АБанк» КР Президентин шайлоого катышуучу талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн банк катары аныкталды